13-АВГУСТТА МЕКТЕПКЕ КАТТАЛА ЭЛЕК БАЛДАР ҮЧҮН 1-2-КЛАССТАРГА КОШУМЧА ОРУНДАР АЧЫЛАТ

  • 11.08.2025
  • 0

Агартуу министрлиги бир дагы мектепте катталбаган бардык балдарды 1-2-класстарга киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында мектепке электрондук каттоо системасында кошумча орундар ачылаарын билдирет.

2025-2026-окуу жылына кошумча кабыл алуу 2025-жылдын 13-августунда саат 09:00дө башталат жана 2025-жылдын 8-августуна карата бир дагы мектепте катталбаган балдар үчүн гана жеткиликтүү болот.

13-АВГУСТТА МЕКТЕПКЕ КАТТАЛА ЭЛЕК БАЛДАР ҮЧҮН 1-2-КЛАССТАРГА КОШУМЧА ОРУНДАР АЧЫЛАТ

Балдары мектепке катталган системанын колдонуучулары үчүн «жазууну жокко чыгаруу» функциясы жеткиликсиз болот.

Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү «Түндүк» тиркемесиндеги «Санариптик документтер» бөлүмүндө чагылдырылгандыгын алдын ала текшерип, баланы «мектепке электрондук каттоо» кызматы аркылуу «Түндүк», «Мбанк» жана МойО!+ Банк же 1mektep.edu.gov.kg. порталынан катташы керек.

Министрлик балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 2025-жылдын 15-августунда аяктаарын дагы бир жолу эскертет.

Кошумча орундар ачыла турган мектептердин тизмеси менен төмөнкү шилтемеден таанышсаңыздар болот: https://edu.gov.kg/posts/4376/

Бөлүшүү

Комментарийлер