• 13.06.2022
  • 0

Ж.Баласагын атындагы КУУнун эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Абдырасулова Жеңишгүл көп жылдык эмгегинин натыйжасы менен Казакстандын “Бобек” аттуу дүйнө илимдеринин интеграциясы жана заманбап билим берүү кыймылынын “ЛУЧШИЙ ПЕДАГОГ СНГ –  2022” аттуу эл аралык сынагына катышып, жеңүүчүсү катары тандалып, эл аралык диплом, төш белги, күбөлүк менен сыйланды.

Бул сынакка Кыргызстан, Өзбекстан, Украина, Тажикстан, Беларусь, Түркия, Словения мамлекеттеринен профессордук-окутуучулар катышты. Жеңишгүл Садыковнанын илимий макалалары Түркия жана КМШ мамлекеттеринин илимий популярдуу журналдарында жарыяланып келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер