«МАНАС» ЭПОСУНА АРНАЛГАН КИТЕПТЕРДИН БЕТ АЧАРЫ БОЛОТ

  • 25.04.2022
  • 0

Эртең Улуттук илимдер академиясында манасчы Сагымбай Орозбаковдун “Манас” эпосунун жазылып алынышынын 100 жылдыгына, 1952-жылдагы «Манас» эпосун изилдөөгө арналган Бүткүл союздук илимий конференциянын 70 жылдыгына, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын башталышынын 70 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан жарык көргөн бир катар эмгектердин бет ачар аземи болот.

“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунун план-проспектиси (кыргыз, орус тилдеринде) “Манас” эпосунун бириктирилген вариантын түзүүнүн алдында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунун проспектиси иштелип чыгып, орус тилине которулган. “Манас” эпосун К.Маликов, “Семетей” эпосун А.Токомбаев, “Сейтек” эпосун Т.Сыдыкбеков иштеп чыгып, орус тилине Ч.Айтматов оодарган. Мына ушул проспект бүгүнкү күнгө чейин эч бир жерде жарык көргөн эмес. Бүгүн проспектинин кыргызча, орусча эки тилдеги материалы жарык көрүп жатат.
Манастаануучу Хаттонун “Көкөтөйдүн ашы” боюнча жазылган илимий китеби (англисче, орусча)
Хатто Артур Томас Лондондогу Оксфорд университетинин профессору, фольклорчу, тилчи, түрколог, таанымал окумуштуу. Өзгөчө Орто Азия элдеринин ичинен кыргыз журтчулугуна манастаануучу катары бир топ жылдар аралыгындагы илимий-текстологиялык иштери менен маалым. Ал өткөн кылымдын 60 жылдары “Манас” эпосуна байланыштуу «Көкөтөй жана Бокмурун: кыргыз элинин баатырдык эпосунан үзүндү» (1969), “Көкөтөйдүн ашы” кыргыз эпосунун түп нускасынан” (1971), “Рождения Манаса” сравнения двух ветвей героического эпоса” (1969) деген аталыштагы жыйырмадан ашуун эмгектерин жарыялаган. Ал эмгектер мыкты изилдөө жаратууга түрткү берип, 1977-жылы Оксфорд университетинде “Көкөтөйдүн ашы” деген ат менен монографиялык изилдөө жарык көрөт. Окумуштуунун аталган эмгегинин орусча котормосу ф.и.д., профессор Жеңиш Кадыралиевдин которуусунда жарык көрүп олтурат.
«Манас”, фольклор жана акындар чыгармачылыгы боюнча изилдөөлөр
Эмгек КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун “Манас”, фольклор, акындар чыгармачылыгы” бөлүмүнүн 2016-2020-жылдар аралыгында “Манас” эпосундагы элдик ишенимдер, ырым-жырымдар, түрк элдеринин эпикалык мурастарындагы салттуу мотивдериндеги үндөштүктөр, алтай элинин “Көгүтей” жомогундагы шамандык көркөм семантика, миф жана кара сөз, баатрдык жомоктор (Эр Болот), жөө жомоктор, адабий жомок жанрынын калыптанышы, фольклордук салттагы коммуникативдик поэтика, эпостогу дидактикалык мотивдер, М.Мусулманкуловдун айтуучулук чеберчилиги ж.б. маселелер боюнча аткарган иштеринин негизинде жарык көрдү.
Адабият таануу маселелери
Эмгек КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун “Кыргыз адабияты” бөлүмүнүн 2016-2020-жылдар аралыгында кыргыз адабият таануусунун актуалдуу маселелерине арналган. Алсак, өткөөл мезгилдеги кыргыз прозасындагы, поэзиясындагы, драматургиясындагы изденүүлөр жана табылгалар, жанрдык өзгөчөлүктөр, көркөм адабияттагы рефлексия, адабий каармандар маселеси, жазуучулук публицистика ж.б. проблемалар ошондой эле азыркы кыргыз адабиятынын өкүлдөрү Самсак Станалиев, Акбар Рыскулов, Карбалас Бакиров, Султан Раев, Бактыгүл Чотурова, Абдиламит Матисаков, Жылкычы Жапиев, Сардарбек Рыскулов, Кылбек Урманбетов, Эгемберди Эрматов ж.б. калемгерлердин чыгармачылыгы боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жарык көрдү.

Мындан сырткары иш-чарада Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан орус, түрк, анлис тилдериндеги жана башка (казак, өзбек, корей ж.б.) тилдерде жарык көргөн эмгектери тууралуу кыскача маалымат берилип слайд көрсөтүлөт.
Иш-чаранын аягында “Устат-шакирт” борбору тарабынан “Аксаткын менен Мырза уул” аттуу заманбап музыкалык спектаклден үзүндү көрсөтүлөт, жетекчиси Р.Сырдыбаева

Бөлүшүү

Комментарийлер