11-НОЯБРДАН ТАРТА БИР КАТАР МЕКТЕПТЕРДЕ РЕАЛДУУ РЕЖИМДЕ ОКУУ ЖАНДАНАТ

  • 10.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 11-ноябрдан тартып өлкөдөгү 1489 жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн реалдуу окуу режими жанданаарын билдирет. Алардын ичинен:

            — 411 мектепте – 1-класстын окуучулары үчүн;

— 367 мектепте – 1-6-класстын окуучулары үчүн;

— 475 мектепте – 1-11-класстын окуучулары үчүн;

— 236 мектепте – 1, 5, 9, 11-класстын окуучулары үчүн.

 

2020-жылдын 10-ноябрына карата маалымат (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

Облус/шаарЖалпы

мектептердин саны

Реалдуу режимде окуй турган мектептин саныСанэпидемкөзөмөлдүн чечими менен окутууга уруксат берилбеген мектептердин саны
1-класс окуйт1-6-класс окуйт1-11-класс окуйт1, 5, 9, 11-класс окуйт
1Нарын облусу142010525120
2Жалал-Абад облусу465334811524245
3Баткен облусу23710710204060
4Ош облусу547012521891113
5Ысык-Көл облусу191060514931
6Талас облусу113019382036
7Чуй облусу30427108025
8Ош ш.55000055
9Бишкек ш.97000097
 Жалпы:2151411367475236662
 Жалпы: 1489 

 

Реалдуу режимде окуу жанданып жаткан мектептердин санын облустарга бөлгөндө:

  • Нарын облусу – 142
  • Жалал-Абад облусу – 220
  • Баткен облусу – 177
  • Ош облусу – 434
  • Ысык-Көл облусу – 160
  • Талас облусу – 77
  • Чүй облусу – 279

 

Эки жума бою реалдуу режимде окуу процесси жанданган мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгер абал туруктуу болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоо органдарынын макулдугу менен башка мектептерге (класстарга) реалдуу режимде окууга уруксат берилет.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абал оор болгондуктан, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти мектептерде реалдуу режимде окууну жандандырууга уруксат берген жок.

Бөлүшүү

Комментарийлер