№1 ЖАТАК МЕКТЕПТИН БАЛБАН КЫЗДАРЫ 11 МЕДАЛЬ УТУП КЕЛИШТИ

  • 30.01.2025
  • 0

Кулак сүйүнткөн кубанычтуу кабар!

24-январдан 27-январга чейин Казакстандын Абай облусунун Семей шаарында өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча Майрамхан Аскерхан уулу Садыбековдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш курч мүнөздө өттү. Мында Казакстандын бардык облусунан жана Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Бишкек шаарында  2010-2011-2012-жылы туулган эки жүздөн ашуун мектеп окуучулары күч сынашты. 

№1 ЖАТАК МЕКТЕПТИН БАЛБАН КЫЗДАРЫ 11 МЕДАЛЬ УТУП КЕЛИШТИБишкек шаарындагы Абдылда Каниметов атындагы №1-жатак мектебинин 6-7-8-класстарда окуп, билим алуу менен бирге эркин күрөш менен машыккан 12 кыз өлкө намысын коргоп, 3 алтын, 2 күмүш жана 6 коло медаль утуп, командалык эсепте дагы баш байгенин ээлери болуп келишти. Келечегинен үмүткөр кылып, байгелүү орундарды жеңип алган, жатак мектептин окуучуларын сыймык менен атай кетели.

36 кг салмакта бардык атаандаштарын жеңген Үмүт Максатбекова алтын медаль тагынып, турнирдин баш байгесин утуп алды.

№1 ЖАТАК МЕКТЕПТИН БАЛБАН КЫЗДАРЫ 11 МЕДАЛЬ УТУП КЕЛИШТИОшондой эле 46 кг салмакта Жаңылай Мээримбекова жана 50 кг салмакта Жылдыз Нурбекова дагы жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, алтын медалдардын ээлери болушту.  Ал эми финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болгон Эльназ Абасканова (42 кг) жана Милана Масирбаева адистердин көңүлүн бурду.

№1 ЖАТАК МЕКТЕПТИН БАЛБАН КЫЗДАРЫ 11 МЕДАЛЬ УТУП КЕЛИШТИЭл аралык турнирде үчүнүнчү орундарды ээлеген  жатак мектептин окуучулары Айбике Гүлдөсүнова, Чолпонай Чынарбекова, Фатима Нурдөөлөтова, Бурулай Райымбекова, Нуркыз Асанкарова жана Сумая Олжобаева  6 коло медаль тагынып, олжолуу келишти.

-Биздин №1 жатак мектепте  50 кыз жана 30 дан ашык балдар эркин күрөш менен машыгып, эл аралык турнирлерде, Азия биринчиликтеринде, “Азия балдар” оюндарында алтын, күмүш, коло байгелүү орундарды ээлеп, өлкөбүздү дүйнөгө таанытып жүрүшөт. Алар 3 жылдан бери  спорттук ийгиликтерди жаратып келишүүдө. Бул ирет Семей шаарындагы эл аралык турнирге бизде машыккан 12 балбан кыз барып, намыска жарап, 11 медаль утуп, намыска жарап келишти. Келечекте өлкөбүздү дүйнөгө тааныта турган балбандарды тарбиялап жаткан  ондогон дүйнө чемпиондорун, Азия жана Азия оюндарынын чемпиондорун, Олимпиада оюндарынын коло жана күмүш медаль ээлерин, Дүйнө кубогун жеңген спортчуларыбыз Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Асейин Төрөгелдиев, Максат Бобурбеков, Мирлан Молдалиев, Сезим Жуманазарова, Эркинбек Үметалиев, Бообек Төтөшев жана башкаларга таалим-тарбия беришкен  Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучулары Дүйшөн Жуманазаров жана Улан Жанузаков кыш күрөөгө карабай Казакстанга окуучуларды алып барып келишти. Келечегинен үмүткөр кылып, байгелүү орундарды ээлеген балбан кыздарыбызды жеңиштери менен куттуктайбыз, -дейт жатак мектептин директору Жыргалбек Курманбеков.

№1 ЖАТАК МЕКТЕПТИН БАЛБАН КЫЗДАРЫ 11 МЕДАЛЬ УТУП КЕЛИШТИБылтыр Орусиянын Якутск шаарында  өткөн «Азия балдары» эл аралык оюндарында  ушул жатак мектепте окуган балбан кыздардан 54 кг салмакта Адинай Байыскулова алтын медаль тагынып чемпион болсо, 50 кг салмакта Аяна Асылбекова күмүш, 39 кг салмакта Жаңылай Мээримбекова коло байгелүү болушкан.

Ошондой эле былтыр Таиланд өлкөсүндө өткөн 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында Аяна Асылбекова коло медаль тагынан эле. Ал эми Гүлмайрам Абдыкеримова, Адинай Байсымкулова менен Жаңылай Мээримбекова бешинчи орунга жеткен. Казакстандын Чымкент шаарында өткөн эл аралык турнирде жатак мектептин балбан кыздары өлкөбүздү дүйнөгө таанытып, 8 алтын байге утуп келишкен. 17 жашка чейинки улан-кыздар арасында дүйнө чемпионатына катышып, тажрыйба топтоп келген келечегинен үмүткөр кылган балбан кыздар дагы ушул жатак мектепте билим алышууда.

Кабыл Макешов, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер