1-2-КЛАССКА 186 МИҢДЕН АШЫК БАЛА КАБЫЛ АЛЫНСА, 103406 ОРУН БОШ

  • 11.08.2025
  • 0

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептерди электрондук кабыл алуу системасынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1-2-класстарга жалпы 186 128 бала кабыл алынды.

Кабыл алынгандар:

  • 1-класска: 82 871 бала
  • 2-класска: 103 257 бала

Учурдагы бош орундар:

  • Жалпы: 103 406 орун

o 1-класска: 55 959 орун

o 2-класска: 47 447 орун

13-августтан тартып, эч бир мектепке каттала элек балдар үчүн кошумча орундар ачылып, кайра кабыл алуу процесси башталат. Ал эми электрондук каттоонун экинчи этабы 15-августта жыйынтыкталат. Кошумчалай кетсек мектепке катталган соң, каттоону жокко чыгаруу мүмкүн эмес.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер