Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста
- 18.07.2024
- 0

Сабактын максаты:
- Билим берүү: адамдагы сапаттар жɵнүндɵ кенен маалымат алышат.
- Өнүктүрүү: биздин жашообузда кездешкен оӊ жана терс сапаттарды салыштырышат жана талкуу жүргүзɵт.
- Тарбия берүү: терс сапаттардан арылып, жакшы адам болууга максат коюшат.
Мугалим: Саламатсыңарбы, балдар. Бүгүнкү сабагыбызда биз адамдардагы сапаттар жɵнүндɵ сɵз кылабыз. Анда эмесе, балдар, айткылачы, силер адамдардагы кандай жакшы жана жаман сапаттарды билесиӊер? Балдардын жообу.
Ооба, туура айтасыӊар, бизде аябай кɵп жакшы сапаттар бар, бирок, тилекке каршы, кээде жаман адаттар да кездешет.
Азыр мен силерди Барпы атабыздын эки ырына кɵңүлүӊɵрдү бургум келет. Балдар, бул ырга жакшылап кɵңүл буруп, болор жигит жана болбос жигиттин адамдык сапаттарын Венндин диаграммасы менен салыштырабыз.
БОЛОР ЖИГИТ
Киши болор жигиттин
Киши менен иши бар.
Өзү менен барабар
Өзөк болор киши бар.
Көлөкө жерге күн тийсе,
Көрө албайт экен ичи тар.
Жакшы болор жигиттин
Жүрөгүндө мүлкү бар.
Ырыс толуп үйүнө
Тамаша менен күлкү бар.
Азгырсам деп мындайды
Аңдып жүргөн түлкү бар
Көзгө илинер эр жигит
Кедей да болсо малдуудай.
Чырмаган дартка карабай
Чабал да болсо алдуудай.
Чындык сөзүн бетке айтат,
Чангеттен аккан шар суудай.
Шагдам болор жигиттин
Шаага бербес эрки бар.
Алыстан келген душманга
Арыстандай көркү бар.
Күйүп турган жалындап,
Жүрөгүндө өртү бар.
Эли сүйгөн жигиттин
Эндүү болот маңдайы.
Чаласы жок ишинин,
Чечен болот таңдайы.
Ушундайды көрө албайт,
Деги, ушакчынын кандайы?
Жигиттин иши эл менен,
Элдин иши жер менен.
Эл аралап, жер басып
Эриккенде бир келем.
Эр жигиттен сөз баштап
Эрмек болуп мен берем.
Эси бар жигит жол тапсын
Эки ооз ушул термеден.
БОЛБОС ЖИГИТ
Киши болбос жигиттин
Киши менен иши жок.
Жакын тартып өзүнө
Жан ачытар киши жок.
Теңтуш менен сүйлөшүп,
Отурушка кушу жок.
Тууганды тууган билбестен,
Иштегени доомат-док.
Адам болбос жигит бар,
Бозодо салат жаңжалды,
Керилип сунат чангалди.
Орундатпайт жумушун
Тозутат күткөн турмушун.
Жети бөлөк кыялы,
Жериге тиет зыяны.
Жүргөн жерин чыр кылып
Элиге тиет зыяны.
Сөздөн калар жигиттин
Күндө бүтпөйт урушу.
Конок келсе жазылбайт
Маңдайынын тырышы.
Арагын ичип, шишесин
Ташка уруп талкалайт.
Көрдүңбү мени дегенсип
Кең дөбөдө чалкалайт.
Улуунун укпай сөзүнү
Шүмшүк кылат өзүнү.
Ичерине аш таппай
Жалдыратат көзүнү.
Болбос жигит терс басат,
Терстигинен эл качат.
Адамсынып короет,
Өзүнөн өзү зороет.
Иште деген кишиге
Жеп ийчүдөй ороет.
Туугандан достон ажырап
Өрттөнгөн бактай сороет.
Минтип жүрсө андайдын
Иши кайдан оңолот?
Элден, жерден калган соң,
Эки болбой жоголот.
(Балдар жоопторун жазып, окуп, чапташат)
Азыркы учурда мектеп турмушунда ар кандай окуучулар кездешет. Ушул кɵйгɵйлɵрдү чагылдырган бир топ кыргыз фильмдер тартылып жатат. Ушундай мектептеги жагдайларды чагылдырган кинолордун бири «Акыркы сабак» тасмасы жакында жарык кɵрдү. Бул тасманы кɵргɵндɵр барбы?.. Азыр биз ушул тасмадан үзүндү кɵрɵбүз да, талкууга ɵтɵбүз.
«Акыркы сабак» фильминин фрагментин кɵрсɵтүлɵт.
Суроо: Балдар, ушул үзүндүдɵн окуучуларга тиешелүү кандай сапаттарды байкай алдыңар?
- Урмат кандай бала болчу, кийин кандай бала болду?
- Урматтын кыялына жетүү үчүн кимдер жардам беришти?
- Айба кинодо кандай каарман? Ал кандай үй-бүлɵдɵ тарбияланган?
- Айбанын тагдыры ушундай болууга ким күнɵɵлүү? Анын келечеги кандай болду?
(окуучулар суроолорго жооп берүү менен талкуулашат, ɵз ойлорун айтышат)
Окуучулар эки топко бɵлүнүп, синквейн түзɵт.
Синквейн ( 1-топ Урмат, 2-топ Айба)
Ким
Кандай
Эмне кылат
Сүйлɵм (фраза)
Синоним
Азаматсынар, балдар, эмесе сабагыбызды улантабыз. Кийинки тапшырма текстти кунт коюп окуп, эки беттүү күндɵлүк менен иштейбиз.
Сабагыбызды макал-лакаптар менен жыйынтыктасак. Эмесе, learning apps методу менен макалдарды табабыз (балдар интерактивдүү доска менен иштешет).
Макалдар
- Жакшы ишке келет, жаман ашка келет.
- Жакшынын ɵзү ɵлсɵ да, сɵзү ɵлбɵйт.
- Жакшы сɵздү таап сүйлɵйт, каман каап сүйлɵйт.
- Жакшы атка бир камчы, жаман атка мин камчы.
- Жакшы бала баарына үлгү, жаман бала баарына күлкү.
- Жакшы бала элпек, жаман бала тентек.
- Жакшы менен бир жүрсɵң жетесин муратка, жаман менен бир жүрсɵң каласын уятка.
- Жакшыга бир сɵз, жаманга миӊ сɵз.
- Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт.
Балдар, бүгүнкү сабакка эӊ сонун катышып бердиңер. Сабактан кɵп пайдалуу нерселерди алдыңар деп ойлойм. Жашоодо кɵп жаңылыштыктар болот. Бирок силер кандай болбосун жаман жолго баруудан алыс болгула. Ал эми мен сабакты тɵмɵнкү макал менен аяктагым келип турат.
«Жакшы ɵмүр сүргүӊ келсе, жакшы адам изде, жакшы адам тапкын келсе ɵзүндү түздɵ».
Назгүл Маматкулова, Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы №68 мектеп гимназиясынын мугалими
Комментарийлер