ТАЗАЛЫК

  • 17.03.2022
  • 0
ТАЗАЛЫК

 

ТАЗАЛЫК

Назира Калманбетова,

Жалал-Абад областына караштуу Аксы районундагы А.Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө орто мектебинин башталгыч класс мугалими

Сабактын темасы:  Тазалык

Сабактын максаты

Билим берүүчүлүк:  Тазалык жөнүндө билгендерин бышыкташат.

Өнүктүрүүчүлүк:    Таза жүрүүнүн  канчалык деңгээлде бизге пайдасы  бар экениндигин билишет.

Тарбия берүүчүлүк: Азыркы кырдаалдагы жугуштуу оорулардын алдын-алуу жана сактануу жолдорун билишет.

Сабактын жүрүшү:   

а) Уюштуруу

б) Жаңы теманы түшүндүрүү

Тазалык деген эмне?   Тазалык – бул адептүүлүк . Адептүү бала ар убак өз боюн алып жүрөт. Таза жерлерди басып, кийимдерди кир кылбайт. Ар убак самын менен кол жууп, өзүнүн тиш щёткасы, сүлгүсү , жүз аарчысы болушу керек. Колунун , бутунун тырмактарын өстүрбөй, чачтарын тартипке келтирүү зарыл. Эгер жаныбарларды кармаласаң сөзсүз колуңду жууп андан кийин тамактан. Окуу куралыңды таза кармап, барактарына чийбей, булгабай сактап, эмеректерди иретке келтирип, тазалап тур.

Анда балдар тазалык жөнүндө ырларды билесиңерби?

 Бөбөккө

 1-окуучу:                                                                                                                  

Кийинип жүр жасанып,

Досуң болсун тазалык.

Чач тарабай мыш болбо,

Тазалыктан алып жаз.

2-окуучу.

Эсте эжей кептерин,

Досуң болсун тазалык.

Чач тарабай мыш болбо,

Тазалыктан алып жаз.

3-окуучу.                                                                                                                                                                

Оркойбосун тырмагың,

Эске сакта бул жагын.

Кол бетиңди жуу десе,

Тартынчыктап турбагын.

4-окуучу.   

Адаттарың таштагын,

Эске сакта бул жагын.

Кол бетиңди жуу десе,

Тартынчыктап турбагын.

Эми, силер эрежелерди сактабасаңар эмне болоруун билесиңерби?  Анда баарыбыз буга күбө болуп билели.

Азат тогузга чыкса дагы өзү теңдүүлөрдөн кичине көрүнөт. Мектепке баргандан качат. Бирок жаныбарларды аябай жакшы көрөт. Талаадан кирпичечен кармап алып аны багат. Ит, мышыкты тим эле өөп, жыттап, табагынан тамак берет. Анысы жакшы дечи, бирок тазалыкты сактабайт. Жуулбаган колу менен тамак жейт. Кээде өзөндөгү суудан эле суусаганда ичип алат. Балдар бул жоругуна сын айтса, мен дайым эле ичип жүрөм, эч нерсе болгон жокмун, анан чоң энем айткан “аккан сууда арам жок”,  деп жооп берет.

Мына ушинтип ал күндөрдүн биринде ооруп калды. Эч нерсеге көңүлү келбей, өңү кеңсары тартып, тамак ичпей жалдырап жатты.

Ата-энеси тынчсызданышып доктур чакырышты. Доктур келип, “тезинен ооруканага алып баргыла, ал жерден текшерип оорусун аныкташ керек” деди.

Азатты ооруканага жаткызышты. Доктурлар текшерип көрүп, “сарык” деген оору экендигин аныкташты. Бул оору таза эмес жүргөндүктөн, абада тараган микробдордон жуккан деген жыйынтыкка келишти.

Азат ооруканада бир айдай жатты. Дагы бир нече убакыт доктурдун атайын көзөмөлүндө текшерилип турушу керек болду. Балдар, ден соолукту сакташ үчүн дене боюңарды таза тутуп, дене бойду чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасагыла. Спорт менен машыгуу абдан жакшы, ден соолукка ийгилик алып келет. “Тазалык – өмүр булагы” деп бекеринен айтылбаган сөз эмес.

Көрдүңөрбү кир жүрүү эмнеге алып келет?  Гепатит оорусу.

 Кичинекей көнүгүүлөр

Ийилгин да сол жакка,

Өйдө көтөр оң колду.

Шашып кетип унутпа,

Бутуңдү түз койгонду.

Эми кандай болчу эле?

Оңго ийилмей албетте,

Бөйрөктөгү сол колуң.

Бир дегенде кош колду.

Сол колуң ал бөйрөккө,

Оң колуңду алга сун.

Кезектешүү учуру,

Унутулуп калбасын.

Эми болсо – олтуруп,

Колуңду артка таянгын.

Чалкала да, эсиңе ал,

Буттун өйдө барарын.

 Кроссворд

  1. Апам дайым колдонгон бул сулуулук каражат.
  2. Мунун түрү көп эле,

Колдоносуң күндө эле.

Тазалайсың кийимди,

Ага кошуп тишиңди.

  1.  Колдонобуз ар убак,

Суюгун да катуусу.

Көбүгүн анын окшотом,

Ташып жаткан булутка.

  1. «С»ны улап жазасың,

Жакшынын синонимин табасың.

  1. Кесип алсаң колуңду,

Бул басат сенин ооруңду.

ТАЗАЛЫК ТАЗАЛЫК

ТАЗАЛЫК

Накыл сөздөр

  • Өтүгү жаман төрдү булгайт.
  • Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген.
  • Тазалык – өмүр булагы.
  • Тазалык – ден соолук негизи, соолук байлык негизи.
  • Агын сууда арам жок.
  • Биринчи байлык ден соолук.
  • Кыздуу үйдө кыл жатпайт.

Бүгүнкү сабак түшүнүктүү болду окшойт, анда ар дайым биз биргебиз.

“Эсиңе түй жана аткар!”, көңүл буралы

Өзүңдүн дене боюңду таза алып жүр.

Байпагыңды күн сайын таза жууп тур.

-Көйнөк – жакаларың таза болсун. Таза жүрсөң ден соолугуң да чыңдалып өзүңдү сергек сезесиң.

  • Эртең менен эрте туруп гимнастика жаса, чурка, муздак сууга жуун.
  • Өзүңө тийешелүү тиш щёткаң, сүлгүң болсун. Бут кийимиңди таза карма. Өздүк гигенаң таза болсун.
  • Үйдө, мектепте, көчөдө өзүңдү таза тыкан алып жүр. Кийимдериңди буюмдарыңды таза карма.
  • Эшиктен киргенде, тамак ичээрдин алдында колуңду жуу.
  • Көчөдөн, базардан ар нерсени жуубай жей бербе.

Сабакты жыйынтыктоо:     Жумуртка топтоо оюунун ойнотуп жыйынтыктоо.

Үй берилген тапшырма:  Өздүк гигеналык каражаттардын сүрөтүн тартуу.

Баалоо:  Топторду упай катары берилген чымчыктардын саны менен бааланат.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер