Тарбия башаты — ата-эне
- 27.03.2026
- 0

Сабактын максаты:
- Ата-энелердин өспүрүм курактагы балдарына таасиринин маанилүүлүгүн аңдатуу.
- Өспүрүм менен натыйжалуу баарлашуунун, аны түшүнүүнүн жолдорун көрсөтүү.
- Үй- бүлөдөгү баалуулуктарды жана тарбиянын негиздерин бекемдөө.
Сабактын жабдылышы: батман, ноутбук, сүрөттөр, маркер.
Сабактын жүрүшү: Саламатсыздарбы ата-энелер бүгүн биз “Тарбия башаты — ата-эне” деген темада сөз кылабыз.
Анда эмесе топко бөлүнүп алалы. Ата-энелер сары, жашыл, көк түстөрдү тандашат. Ошол тандаган түсү боюнча бөлунуп отурушат.
Сары түстү тандаган ата-энелер жарык маанайлуу, ачык айкын, жана балага позитивдүү энергия бергенди жактырышат. Алар шыктандыруучу, үмүт жараткан, өз оюн билдире алган адамдар болушу мүмкүн. Психологиялык таасири: мотивация берет, көңүлдү көтөрөт.
Жашыл түстү тандагандар сабырдуу, тең салмактуу жана жаратылышка жакын адамдар болушат. Жашыл түстү тандаган ата-энелер көбүнчө үй- бүлөлүк баалуулуктарга бекем, балдарына боорукер жана түшүнүктүү келишет.
Көк түстү тандагандар: Түшүнүктүү, жоопкерчиликтүү жана тартипти баалаган ата-энелер. Алар баласына жакшы тарбия, билим берүүнү каалап, ырааттуулукка маани беришет. Ишенимди күчөтөт, эмоцияны тең салмактайт, тынчтык тартуулайт.
Экрандан психологиялык тестти окуп берет мугалим.
— Урматтуу ата-энелер, психологиялык тест туура келдиби мүнөздөрүнүздөргө?
“Аял бир колу менен бешикти терметсе, бир колу менен ааламды терметет” демекчи, канча ишиниздер болсо да, балдарыңыздардын келечеги үчүн келип сабакка катышып жатканыныздар үчун чооң рахмат.
Таанышуу
Жаңы келген ата-энелер менен таанышып алалы. Ата-энелер өздөрүн тааныштырат. Мисалы : Мен Адинайдын апасы Айгүлмүн.
Тарбия деген эмне?
Балага жакшы тарбия берүү эмнеден башталат?
Үй-бүлөлүк тарбиянын ролу кандай? -деген суроо менен ата-энелерге суроо узатып ойлорун угуп алат.
Мугалим презентациядан тарбия жөнүндө түшүнүк берип өтөт.
Үй-бүлөдөгү баланы тарбиялоодо негизги ролду ата-эне аткарат. Ошондуктан балдарды туура тарбиялоо, татыктуу билим берүү ар бир ата-эненин мойнундагы жоопкерчилик.
Баланы эч качан бирөөгө салыштырбаш керек.”Карачы, тиги тентек кылбай эле отурат”десек, бала ого бетер тентек кылат, озүн тиги балдардан кем сезе баштайт. Андыктан ар бир баланын өз жан дүйнөсү бар экенин унутпайлы.
Балага тарбия берүү жашообуздун бир бөлүгү болгон соң маани берүү абзел. Анын келечекте кандай адам болооруна эң ириде үйдөгү тарбия чоң роль ойнойт.
”Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат»,- демекчи, баланын өз алдынча калыптануусу, коомдогу орду, мунун баардыгы ата- энеге байланыштуу.
Мугалимдин сөзү: Үй-бүлөлүк социограмма жүргүзүп өтөйүн.
Дөңгөлөктүн ичине үй-бүлө мүчөлөрүнүн аттарын жазып жайгаштырышат.
Эгер дөнгөлөктөр тыгыз жакын жайгашса, үй-бүлөдө карым-катыш байланыш өтө жакшы, эгер алыс жайгашса үй-бүлөдө бала тарбиясына көп көңүл бөлүнбөйт.
- Ата-эне – ар бир баланын жашоосундагы биринчи мугалим, биринчи үлгү. Баланын дүйнө таанымы, кулк-мүнөзү, баалуулуктарды кабыл алышы үй-бүлөдөгү тарбияга түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан «Тарбиянын башаты-ата-эне» деп бекеринен айтылган эмес.
- Үй-бүлө – бул баланын мүнөзү калыптанган алгачкы чөйрө. Ата-эненин бири-бирине жана баласына болгон мамилеси, сүйлөгөн сөзү, жүрүм-туруму – баары бала үчүн чоң таасир берет. Эгер ата- эне сүйүү, сый-урмат, чыдамкайлык менен мамиле кылса, бала ошондой мүнөздү өзүнө сиңирет.
- Ата- эне баласына туура тарбия берүү үчүн эң оболу өзү жакшы адам болушу керек. Анткени бала чоңдордун айткандарынан эмес, жасаган иштеринен көп нерсени үйрөнөт. «Бала- көргөнүн кыла турган күзгү» деген сөз бекеринен айтылган эмес. Ошондой эле ата-эне баласы менен дайыма баарлашып, аны угуп түшүнүп, колдоп туруусу зарыл. Баланын ойлоруна, кыялдарына көнүл буруп, туура багыт көрсөтүү — бул ар бир ата- эненин ыйык милдети.
- Тарбия – бул үзгүлтүксүз процесс. Ал ата-энеден башталып, өмүр бою уланат. Демек, жакшы коомду тарбиялуу муун түзөт, ал эми тарбиялуу муунду- акылдуу, мээримдүү ата-эне тарбиялайт.
Сыйкырдуу сөз
Балдарыбызга күн сайын үч сыйкырдуу сөздү айтып турушубуз керек.
- “Мен сага ишенем”
- “Сен акылдуусун”
- “Сенин колуңдан баардык нерсе келет”
Балаңыз менен сүйлөшүүнүн эрежелери
- Бала менен жумшак сүйлөшүү керек. Кыйкырбай, жаман сөздөрдү колдонбой, жакшы жана сылык сөздөр менен сүйлөшүү маанилүү.
- Баланын оюн угуу керек. Ар дайым баланын оюн уккан ата-эне акылдуу ата-эне. Бала да өзүн баалагандай сезет.
- Сындабай, колдоо көрсөтүү керек. Бала жаңылышса, дароо урушпай, туура жолду көрсөтүү керек. ”Мындан сабак ал, кийинкиде жакшы болот” деп айтуу жетиштүү.
- Баланы коркутпоо керек. Коркутуу балага терс таасир берет. Ишеним менен сүйлөшсө, бала -өз энесине ачык болот.
- Сүйлөшүү- бул мамилени бекемдөөнүн бир жолу. Ошондуктан чогу кечки тамак ичип,сейилдеп же сабактары тууралуу сүйлөшүү пайдалуу.
- Мактоо жана дем берүү керек. Балага эмнени эмнеге болбой турганын түшүндүрүү — чоң жардам. Жөн гана “болбойт” дебестен, бул сен үчүн кооптуу деп айткан туура.
Ата-энеге суроо даярдап карточкага жазып таркатуу керек. Суроолорго ата-энелер жооп берет.
- Сиздин оюңузча тарбия канча жаштан башталат?
- Балага тарбия берүүдө эмнени эң негизги деп эсептейсиз?
- Үй-бүлөдөгү тарбия менен мектептеги тарбиянын айырмасы эмнеде?
- Балаңыз менен канча убакыт чогуу өткөрөсүз?
- Балаңыз ката кетирсе, кандай реакция кылып жооп бересиз?
- Мактоо жана жазалоодо кандай ыкмаларды колдоносуз?
- Балаңызга үлгү болуш үчүн өзүңуздү кандай алып жүрүүгө аракет кыласыз?
- Балаңыздын оюн жана сезимдерин угууга ар дайым даярсызбы?
- Сиз үчүн “Тарбиялуу бала” деген кандай бала?
- Тарбия берүүдө кыйынчылык жаралса, кимден кеңеш сурайсыз?
- Үй-бүлөдө ким көбүрөөк тарбия берет — апа же атабы?
- Тарбия берүүдө эң чоң ката деп эмнени эсептейсиз?
- Сиз балаңыздын кыялына канчалык кызыккансыз?
- Балаңыз менен кандай темаларда ачык сүйлөшө аласыз?
- Сиздин оюңузча, тарбия үйдөнбү же мектептен башталабы?
- Телефон, интернет колдонууга балаңызга кандай ченем койгонсуз?
- Балаңыздын тартибинде көйгөй жаралса, аны кандай жол менен чечесиз?
Ата -энелер суроолорго өз ойлорун айтып өтүшөт.
Жыйынтыктоо: Апасынын артында генийге айланган бала
Томас мектептен үйгө келип, мугалим жазган катты апасына карматат. Апасы көзүнөн жашы тамчылаган калыбында чыгарып катты окуп берет. «Сиздин уулуңуз гений. Мектепте алып жаткан билими уулуңуз үчүн жетишсиз болгондуктан, сиздин уулуңузга керектүү билимди бере турган мугалим да жок. Өтүнүч, уулуңуздун билим алуусуна шарт түзүңүз».
Арадан бир нече жылдар өтүп, апасы көз жумат. Бул учурда Томас Эдисон кылымдын улуу ойлоп табуучуларынын бирине айланат. Күндөрдүн биринде эски сүрөттөрдү барактап отуруп, баягы бир мезгилде апасына алып келген катка көзү урунат. Катты колуна алып окуй баштайт.
«Сиздин уулуңуздун акыл-эси кем. Биз мындан ары уулуңузду башка окуучулар менен бирге окута албайбыз. Ошондуктан аны өз алдыңарча үйдө окутууну сунуштайбыз».
Катты окуган Томас Эдисон бир нече саатка көзүнүн жашын токтото албады. Анан өзүнүн күндөлүгүнө төмөндөгү эскермени жазды:
Томас Альва Эдисон акыл-эси кем бала болчу. Бирок, алкышка арзыган апасынын көмөгү менен өзү жашаган кылымдын генийи боло алды.
Каалоо дарагы: Дарактын сүрөтү доскага илинет. Ата-энелер алма стикерине балдарына айта албаган каалоолорун жазып калтырышат.
Рефлексия
1.Бүгүнкү энелер мектебинен сиздерге эмне маанилүү болду?
- Эмнени өзүңүздөргө ала алдыңыздар?
Тапшырма: Үйдө үч сыйкырдуу сөздү балаңызга айтып шыктандырыңыз.
Буранова Бермет, Аксы районунун Салибай Шатманов атындагы Кызыл-Жар жалпы орто билим берүү мектеби
Комментарийлер