СЫН АТООЧ
- 31.03.2026
- 0

Классы: 3-класс
Предмети: Кыргыз тили
Сабактын темасы: Сын атооч
Сабактын максаты: Окуучулар жаңы тема боюнча маалымат алат. Сүйлөмдөн сын атооч сөздөрдү тапканды үйрөнөт. Турмушта сын атооч сөздөрдү пайдалана билишет.
Ресурстар: Плакат, маркер, алма, жаңгак окуу китеби, проектор ж.б
Сабактын методу: 5Е моделинин негизинде
1Е Кызыктыруу 5 мүнөт
«Сыйкырдуу куржун»
Ичи көрүнбөгөн куржун жана анын ичинде ар кандай буюмдар (жумшак оюнчук, катуу таш, жылмакай кашык, быдырлуу тобурчак) салынган.
Мугалим: Куржундун ичиндеги бир буюмду кармап, (Бир окуучу көзүн жумуп) ал буюмдун атын айтпастан, колуңа кандай сезилип жатканын сүрөттөп бер. (мисалы: «Бул катуу экен, тоголок, кичине, быдырлуу экен»).
Окуучулар ойлонушуп, буюмдун формасын, көлөмүн даамын атап жатат. Ал сөздөрдүн баарына “кандай” деген суроо берилип жатат деп айтышат.
Мугалим: Азаматсыңар! Менин сүйүктүү окуучуларым! Анда бүгүнкү жаңы темабыз «Сын атооч» жөнүндө болмокчу.

2Е Изилдөө
15 мүнөт1-топ «Сүрөтчүлөр»: Класстагы эң ачык түстөгү 5 буюмду таап, атын жана түсүн жазышат (мисалы: кызыл китеп, көк көйнөк).
2-топ «Ашпозчулар»: Сүрөттөр берилет (лимон, бал, туз). Алардын даамын билдирген сөздөрү жазышат.
3-топ «Дизайнерлер»: Класстагы ар кандай буюмдардын формасын, (үч бурчтук, тегерек) көлөмүн (чоң , кичине) аташат.
Ар бир топ берилген тапшырмалар боюнча изилденишип, плакатка жоопторун жазышып, чечмелеп берип, презентация жасашат.
3Е Түшүндүрүү
5 мүнөт
Мугалим: Азаматсыңар балдар! Мугалим окуучулардын изилдөөсүн толуктап, кошумчалап, маалымат берет. Окуучуларга бирден алма берип, сын атооч дарагын түзүшөт.
4Е Тереңдетүү
10 мүнөт
Ар бир топко ар түрдүү тапшырмалар берилет.
1-Топ “ Сүрөтчүлөр”: «Ооба же Жок»
«Бийик» деген сөз заттын атын билдирет. (Ооба — Жок)
«Тартиптүү» деген сөз сын атооч. (Жок — Ооба)
Сын атооч «Эмне?» деген суроого жооп берет. ( Ооба — Жок)
2-топ «Ашпозчулар»: «Карама-каршылыктар дүйнөсү»
Ак — (Кара)
Таттуу — (Ачуу)
Чоң — (Кичине)
Жакшы — (Жаман)
Жылуу — (Муздак)
3-топ «Дизайнерлер»: «Эмне ашыкча?» тапшырмасы. Катардагы сөздөрдүн ичинен сын атооч эмесин табуу:
Таттуу, кызыл, алма, тоголок, акылдуу, узун, мектеп, чон, сулуу. (Алма, мектеп- зат атооч, калганы сын атооч)
Ар бир топ берилген тапшырмалар боюнча изилденишип (окуу китебин пайдаланышат), плакатка жоопторун жазышып, чечмелеп берип, презентация жасашат.
5Е Баалоо
10 мүнөт
«Сын атооч менен мактоо». Сабактын аягында окуучулар бири-бирине сын атоочторду колдонуп комплимент айтышат
Мисалы: «Эмир, сен акылдуусуң», «Айдай, сен бугун сабакка активдүү катыштың.
Үй тапшырма
5-конүгүү
Рефлекция
Токтогул Сатылганов атындагы
№ 42 жалпы орто билим берүү мектебинин
башталгыч класс мугалими,
Акматова Гулнара Туратбековна
Кызыл-Жар
айылы,
Аксы району
Комментарийлер