Суу — өмүрдүн булагы

  • 25.11.2024
  • 0
Суу — өмүрдүн булагы

Ысык-Көл районунун Көк-Дөбө айылындагы Шүкүрбек Эсеналиев атындагы мектебинин география мугалими Шаршенова Айжаркындын, химия мугалими Бокоев Өзүбектин, физика мугалими Шыйкымбаева Орозгандын, математика мугалими Исмаилова Бурулдун, биология мугалими Джалгазынова Айгеримдин 9-классынын “Суу — өмүрдүн булагы” деген темада көрсөтмөлүү сабактын планы.

Суу - өмүрдүн булагы

Сабактын тиби: интегралдаштырылган сабак

Сабактын формасы: сабак-изилдөө

Сабактын усулу: маалыматтык-долбоор усулу

Сабакта колдонулуучу ыкмалар: изилдөө иш жазуу ыкмасы, интердисциплинардык ыкма

Сабакта колдонулуучу куралдар жана материалдар: ноутбук, проектор, карта, плакат, суу, стакан, өсүмдүктөр, кальций оксиди (кадимки акиташ)

Сабактын жүрүшү:

1.Классты уюштуруу (1-2 минута)

Жагымдуу маанай

2.Мугалимдин  билдирүүсү (2-3 минута)

Саламатсыңарбы урматтуу окуучулар! Бүгүн бизде өзгөчө сабак, себеби адам баласынын жашоосундагы суу караган көзгө жөнөкөй көрүнгөнү менен ал өзүнө көптөгөн сырды катып келет. Окумуштуулар аларды изилдеп улам жаңы нерселерди табышууда. Белгилүү француздук жазуучу Антуан де Сент-Экзюпери “Суу. Сенин даамың да түсүң да, жытың да жок, сени сүрөттөөгө мүмкүн эмес, сенин эмне экениңди толук түшүнбөй туруп. сени менен ырахаттанышат. Сен жашоо үчүн керексиң деп айтууга болбойт, сен жашоонун өзүсүң. Сен дүйнөдөгү эң бир кымбат байлыксың” деп жазган. Жаратылышта баары сонун, бирок суу болгон жаратылыштын кооздугу. Азыркы убакытка чейин суунун аягына чейин бүткөн теориясы жок, окумуштуулар азыркы күнгө чейин изилдеп келишет. Ошондой болсо да силер бүгүн суунун физикалык, химиялык касиеттерин изилдеп, биология, география, экология, математика илимдериндеги суу жөнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып бересиңер.

3.Анда балдар сууну ар тараптан карап көрөлү. (15 мин)

А) Суу — географияда (видеосабак көрсөтүлөт  3 мин)

https://youtu.be/ehIPmxFElo0?si=gt8NV-F5eab_iTNn

Б) Суу — химияда

Суунун химиялык касиеттери, составы.

Суу — суутек менен кычкылтектин химиялык бирикмеси. Сууда көпчүлүк заттар жакшы эригендиктен табиятта таза суу химиялык кезикпейт. Андагы эриген заттын түрүнө жараша суу тузсуз, туздуу жана өтө туздуу (рассол) болуп айырмаланат.

Химиялык формуласы Н2О. Суутектин 2, кычкылтектин 1 молекуласы биригип сууну берет.

Кальций гидроксидин алуу боюнча эксперимент

1.100 мл суу алабыз.

2.Стаканга 10 г кальций оксидин (кадимки акиташ) салабыз.

  1. Стакандагы 10 г кальций оксидинин үстүнө сууну куюп аралаштырабыз.
  2. Натыйжада кальций оксиди сууда эрийт, тунма пайда болот.

Суу — эриткич, оксиддер менен кошулуу реакциясына кирип, көп сандагы жылуулук бөлүп чыгарат.

Мисалы СаО+Н2О=Са (ОН)Кальций оксидине (акиташка) сууну кошсок кальций гидроксидин (щелочь) берет.

Кальций гидроксиди (өчүрүлгөн акиташ) эмне үчүн колдонулат?

Ал шире жана суусундуктарды, кондитердик жана ун азыктарын, маринаддарды, тузду, балдар тамак-ашын өндүрүүдө колдонулат. Кант өндүрүүдө колдонулат. Стоматологияда акиташ сүтү тамыр каналдарын дезинфекциялоо үчүн колдонулат. Медицинада — кислоталык күйүктөрдү дарылоо үчүн. Өсүмдүк оорулары жана зыянкечтери менен күрөшүүдө аралашмаларды, силикат-бетон жана кум-акиташ кирпич даярдоо үчүн дагы кальций гидроксиди колдонулат. 

В) Суу — физикада

Бизди курчап турган дүйнө материалдуу.

Жер шартында суу гана  үч абалда (катуу — муз, суюк — суу, газ — буу) тең кездешүүчү зат болуп эсептелет. Суунун жылуулук сыйымдуулугу 4200 Дж/кг0С. Суунун тыгыздыгы 1000кг/м3. Суунун тыгыздыгын эсептөөнүн формуласы ρFA=g·ρ·V формуласынын негизинде  суюктукка матырылган нерсени жогору карай түртүүчү Архимед күчүн эсептөөгө болот.

Суу - өмүрдүн булагы

Г) Суу — математикада

Чоң адамдын денеси 65% суудан турат. Эгерде адамдын салмагы 60 кг болсо,60 кг бул 100% десек, анда адамдын денесиндеги  суу 60: 100 * 65 = 39 кг, адамдын салмагы 90 кг болсо, анда денедеги суунун үлүшү барабар болот: 90: 100 * 65 = 58,5 кг

Ушинтип ар бириңер салмагыңарга жараша денедеги суунун үлүшүн эсептесеңер болот.

В) Суу — биологияда

Өсүмдүктөрдө 90%га, чоң кишинин денесинде 65%га жакын суу болот.

— Суу ­– азык, витамин минералдын негизги эриткичи.  Организмибиз суу аркылуу магний, фтор, темир, йод, кальций сыяктуу минералдарды алат.

— Кандын 90% суудан турат. Кан коюуланбайт. Жүрөктүн иштөөсүн күчөтөт. Шал болуу ооруларынан сактайт;

— Суу — клеткаларды кычкылтек менен камсыз кылат жана өпкөдө калган газдарды ташыйт.

— Ичегилердин иштөөсүн жөнгө салат, ичтин катышынын алдын алат;

— Суу — дене температурасын жөнгө салат;

— Суу ­– мээнин функциялары үчүн күч кубат берет жана 85% түзөт.

— Суу — бөйрөктүн иштөөсүн жөнгө салат;

— Суу – иммунитетти көтөрөт; 

4) Балдар денебизди кичине жибитип Физикалык көнүгүү жасап алсак (Физминутка) Жамгырдын добушу. 

5) Мына балдар суу жөнүндө жалпы маалымат алдык эми өзүбүздүн колдонуп жаткан сууну изилдеп көрөлү. (20 мин)

Окуучулар бирден келип айтып башташат.

Биз өзүбүздүн айылыбыздагы ичип, колдонуп жаткан сууларыбызды изилдеп көрдүк. Анда көӊүлүӊөрдү слайдга бурсак.

https://youtu.be/JB_xA694q0Y

География

Биздин мамлекет Кыргызстан дүйнөдөгү эӊ чоӊ материк Евразияда орун алган. Тактап айтканда Азия бөлүгүндө Орто Азияда. Ал эми биздин Көк-Дөбө айылы Кыргызстандын түндүк чыгышында Күӊгөй Ала-Тоонун түштүгүндө орун алган тоо боорундагы айыл.

Ал эми биз күнүмдүк жашообузда колдонуп, ичип жаткан суу Тегирменти тоосундагы мөӊгүдөн агып келет. Анын бир бөлүгү айылга арык болуп агып келет да, бир бөлүгү жерге сиӊип жер алдынан булак болуп агып чыгат. Айылга аккан суу Тегирменти деп аталат. Ал эми жер астынан чыккан булак Кайнар булак деп аталат. Көк-Дөбөнүн жашоочулары Кайнар булактан ичишет.

Химия

Адам суусуз бир нече күн жашай алат. Эгер ал 1—1,5 л суу жоготсо чаңкай баштайт, дене салмагынан 6—8%га жакын суусун жоготсо, жарым-жартылай эстен танат, 10% суу жетпесе, галлюцинация болуп, жута албай калат, ал эми 12%дан ашык жетпесе, өлөт. Кишилер иштеген ишине, чөйрө шартына жана тамак-аштагы туздун санына жараша орто эсеп менен күндө 2ден 4 л чейин суу ичет. Суткалык орточо керектөө — 2,5 л. Сууну ашыкча ичүү жүрөк-кан тамыр системасына күч келтирип, көп тердетет, тер менен кошо туздар чыгат жана организм алсызданат. Ичүүчү 1 л сууда 0,02ден 2 гга чейин минерал заттар болот. Алар организмдин физиологиялык процесстеринде чоң роль ойнойт.

Башка аймактарда сууну хлорлоп тазалап ичишсе, биздин айылдын элдери жер алдынан чыккан булактан ичишет, ошол себептен филтрлөө керек эмес.

Математика

Жайында биздин мөӊгүдөн 1,5 миӊ метр куб суу агып түшөт. Жазында 500 метр куб суу агып келет. Күзүндө 300 метр куб агып келет.  Мөӊгүдөн агып келген суу менен 1000 га дан ашык жерди сугарууга пайдаланабыз.

Биология

  1. Суунун өсүмдүктүн өсүшүнө тийгизген таасирин далилдөө үчүн 1 жума мурун 2 желим идишке бирдей өлчөмдөгү топуракка окшош гүлдү отургуздум. Күн жакшы тийген терезеге коюп койдум. Бирөөсүнө суу куюп карадым, экинчисине суу куйган жокмун.  Жыйынтыгында экинчи идиштеги гүл соолуп калды.
  1. Тамчылатып сугаруу

Суу адам баласынын жашоосунда өзгөчө мааниге ээ болгондуктан, коромжуга учуратпай үнөмдүү пайдалануу менен турмуш-тиричиликте адамзат үчүн пайда алып келүү максатында “Жашыл экономика” принциптеринин негизинде тамчылатып сугарууну колдонобуз.

Бөлмө гүлүн тамчылатып сугаруу үчүн желим бөтөлкөдөн ушундай кылып жасадым. Ыӊгайлуу жагы айрым учурларда гүлгө суу көбүрөөк же азыраак куюлуп калат. Бул ыкма менен гүлдүн тамырына бирдей өлчөмдө суу керектелет.

Азыр биздин айылда дагы клубника көп отургузулуп жатат. Ушундай тамчылатып сугарууну колдонсок, Кайнар булагыбызды 10 эсе үнөмдүү пайдаланып, кол эмгегин азайтып  түшүмдүүлүк жогору болот.

Физика

Биздин айылга Тегирменти жана Четбайсоорун сууларынын алабына Мини ГЭС курсак болот.

Гидроэнергетика – бул суунун потенциалдык энергиясын механикалык энергияга, андан кийин механикалык энергиядан электр энергиясына айландыруу процесси. Жалпысынан алганда, ал электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн моторду буруш үчүн агып дарыя сууну пайдалануу болуп саналат, ал эми дарыя же анын бассейнинин бир бөлүгүндө камтылган энергия суунун көлөмү жана тамчы көз каранды.
Дарыянын суунун көлөмү эч кандай юридикалык жак тарабынан көзөмөлдөнбөйт, ал эми суунун түшүүсү жакшы. Ошондуктан ГЭСти куруп жатканда, дамба куруп, сууну топтоо үчүн сууну буруп, суу ресурстарын пайдалануу деңгээлин жогорулатууну тандасаңыз болот.
Дамба — бул дарыянын бөлүгүнө чоң тамчы менен дамба куруу, сууну топтоо жана суунун деңгээлин көтөрүү үчүн резервуар куруу, мисалы, Үч капчыгай ГЭСи; Диверсация – сууну агымдын жогору жагындагы суу сактагычтан ылдыйкы агымга буруу каналы, мисалы Цзиньпин II ГЭСи аркылуу буруу.

Биз ГЭСтин макетин жасаганбыз. ГЭСтин көлөмүнө суу топтолот. Генератор аркылуу суу иштелип чыгат. Генератор канчалык күчтүү болсо, энергияны ошончолук көп бөлүп чыгарат. Трубиналар аркылуу электр энергиясы трансформаторго барып айылыбызга тарайт.

Мындан сырткары электр энергиясын альтернативалык жолдор менен да алсак болот. Мисалы, Күндүн энергиясын, шамалдын жана жердин ички энергиясын колдонуп энергия алсак болот.

Келечекте айылыбызды электр энергиясы менен камсыз кылган ГЭС кургубуз келет.

5) Сабакты жыйынтыктоо  (3 мин)

Мына, балдар, суу темасы бардык предметтерде окутулуп, ошону менен бирге көп кырдуу маалымат ала алдык. STEM сабагы конструктор  сыяктуу, чогултулган блоктордон турат. Бул сабакка даярданып жатып силердин изилдөө жөндөмдүүлүктөрүңөр калыптанды, илимге болгон кызыгууңар артып, айлана-чөйрөнү коргоого, сууну үнөмдөөгө башкаларды да үндөйсүңөр.

6) Окуучуларды баалоо (1-2 мин)

7) Үйгө тапшырма: Сууну коргоо жана үнөмдөө боюнча дилбаян жазып келүү. (1-2 мин)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер