СИЗ КЕТИРГЕН ЖАҢЫЛЫШТЫКТЫ МЕН КАЙТАЛАБАЙМЫН

  • 28.01.2022
  • 0
СИЗ КЕТИРГЕН ЖАҢЫЛЫШТЫКТЫ МЕН КАЙТАЛАБАЙМЫН

Абдуллаева Гулбайра,

Башталгыч класстын мугалими,

№33 Р.Исманалиев атындагы орто мектеби,

Сузак району, Жалал-Абад облусу

СИЗ КЕТИРГЕН ЖАҢЫЛЫШТЫКТЫ МЕН КАЙТАЛАБАЙМЫН

Предмети: Адабий окуу

Классы:      4-класс

Сабактын темасы:  Сиз кетирген жаңылыштыкты мен кайталабаймын

Сабактын максаты:                 

Билим берүүчүлүк:          чыгарманын мазмунун түшүнүшөт.  “Ата-энеңди сыйласаң,баландан ошондой  сый көрөсүң “ деген кептин акыйкаттыгын билишет.

Өнүктүрүүчүлүк:  өз оюн эркин,далилдүү айта билүүгө машыгат.Сынчыл ой жүгүртө алат.Алган билимдерин чыгармачылык менен практикада колдоно алат.

Тарбия берүүчүлүк максаты:  Макалдын маанисин түшүнүп,ата-энени сыйлоого,урматтоого,бирин-бири уга билгенге үйрөнүшөт.

Көрсөткүчтөр:  

Жогоруда айтылган максаттар ишке ашат, эгерде.

чыгарманын мазмунун түшүнүшсө; чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алса; ата-эненин ыйык экенин билишсе;

алган билимдерин чыгармачылык менен практикада колдоно алса; чыгарманы талдай алса; өз оюн далилдүү айта алса;

макалдардын маанисин чечмелеп бере алса;

чыгарманын “Сиз кетирген жаңылыштыкты мен кайталабаймын” деген аталышты чечмелеп айтып берсе;

топтук ишти аткарууда бирин-бири сыйлап, уга билсе.

Сабактын усулу: интерактивдуу

Сабактар аралык байланыш:  математика, кыргыз тили.               

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, карточкалар, батман, маркер.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу

  1. Үй тапшырмасын суроо.
  2. Баалоо.
  3. Жаңы теманы түшүндүрүү.

Жагымдуу маанай:

Ордубуздан турабыз,

Гулсаратты минебиз,

Ак кемеге түшөбүз,

Асма көпүрөдөн өтөбүз.

Саманчынын жолун карай,

Кызыл алманы бирден санай,

Бетме-бет турабыз,

Биринчи мугалимди карай.

Акыл чабуулу ыкмасы:  

Балдар, силер өзүңөрдөн улуулар  жаңылыштык кетиргенин көрдүңөр беле?

-Ал кандай жаңылыштык эле? Ал өзүнүн жаңылганын сездиби ошол учурда?

-Рахмат балдар, силерди мен жаңылыштык кетирбөөгө чакырам.

Окуу мезгили:

Биздин бүгүнкү сабактын темасы “Сиз кетирген жаңылыштыкты мен кайталабаймын”деген жомокту окуйбуз. Көңүл коюп уккула.

“Сиз кетирген жаңылыштыкты мен кайталабаймын”жомогун үн чыгарып,көркөм окуп берем.

-Тыным менен окуп, угуп түшүнүүсүн сурап турам. Болжолдуу айтылган  ойлорун аныктап алам;

-Жазылган сөздөрдү  белгилеп чыгам;

Чал, кемпир, бала.

Окуудан кийин: Интерактивдүү көнугүүлөр:

Чал

-Бала

-келин

-Демек, силер туура таптыңар, азаматтар.

1-тапшырма:

-“Сиз кетирген жаңылыштыкты мен кайталабаймын” жомогун үн чыгарып көркөм окуу. (3минута)

-“Кол белги ыкмасын колдоном”

2-тапшырма:

-Суроолорго жооп бер!

-Чал кандай  кордук көрдү?

-Чалды ким кордоду?

-Бала атасын кайда алып барды? (1мүнөт)

Физминутка:                           1 ….2…. 3

Манас берген күч,

Осуятын Манастын үйрөнөбүз биз.

Эртең менен турабыз,

Бети колду жубабыз,

Буту, колду иштетип,

Көнүгүүнү жасайбыз.

1,2……1,2….

Эми отуруп кайрадан

Сабакты биз тыңшайбыз.

Кызыл, жашыл, сары, көк түстөгү тегерекчелерди тандоо менен окуучулар кичи топторго бөлүнүп алышат.

3-тапшырма:

1-2- кичи топторго;

-чыгарманын картасын түзүү

3-4- кичи топторго;

Билем. Билдим. Билгим келет таблицасын түзүү тапшырмалары.

(10мүнөт)

Презентация.

1-2- топторго

Чыгарманын картасы:

Чыгарманын аталышы:

-“Сиз кетирген жаңылыштыкты мен кайталабаймын”

Башкы каармандар:

-Чал, бала, келин.

Окуянын башталышы:

-Илгери-илгери  өткөн заманда бир кемпир чал болуптур. Алардын зарыгып күткөн  жалгыз уулу болот. Уулу эр жетип үйлөнөт. Ал да жалгыз уулду болот. Кемпир ооруп каза табат да, абышка уулу менен келининин колун карап, карылыкты башынан кечирет. Көздөн калып карыгат, эшик-эликке чыга албай зарыгат. Алдына койгон тамагын жөндөп иче албайт. Колу калтырап, төгүп-чачып  жүдөйт.

Окуянын ортосу:

     — Келин заарын чачып, карганып-шиленип, кайнатасын кордойт. Күйөөсүнүн кулак-кужурун алат: “Атаңдын көзүн тазала. Алжыган абышка тажатты мени. Же мени де, же атаңды де. Экөөбүздүн бирибизди танда!”.  Акыры уулу өзүнчө ой токтотот. “Атам көрөрүн көрдү, ичерин ичти, жээрин жеди. Айтса-айтпаса өзү да жүдөдү, бизди да кыйнады. Бир эсебин таап, көздөн жок кылайын”.  Уулу атасына кайрылды:

Окуянын аягы:

-Атаке, бир ордуңузда отуруп эриктиңиз го, — деди.

-Жүрүңуз, жер кыдыртып, эл аралатып келейин.

-Ата жүзүнө кызыл жүгүрүп, сүйүнүп кетти.

-Макул, айланайын. Ырас айтасың. Кайсы жерлерди кыдыртасың мени?

-Таза абалуу, бийик шаркыратмалуу тоого алып чыгайын. Таза аба жутуп, сергип каласыз. Анан калк  аралатайын. Уулу айтканындай эле атасын бийик тоого көтөрүп чыгат. Шаркыратманын шары, түркүн куштардын мукам сайраганы карыянын  мээсин толтурат, көңүлүн көкөлөтөт.

-Ата, сиз ушул жерде эс алып отура туруңуз. Менин төмөнкү айылда айылда бир жумушум  бар эле. Ошону бүтүрүп  келейин, кайтарымда ала кетем.

-Ата башын ийкеди. Уулу ошол бойдон атасына кайрылбады.

Зарыга уулун күткөн азиз чал ордунан туруп басам деп, ылдыйга кулап, башы ташка жанчылып кетип, жан берди. Карыянын сөөгү карга-кузгунга жем  болду…….

Чыгарманын автору:

Б. Абдухамидова.

3-4-топтор:

БилемБилдимБилгим келет
 Чал, бала,

келин

Ырайымсыз келиндин мамилесин.

Баланын атасына болгон мээриминин  жоктугун.

Аялынын сөзүнө кирип атасын  өлүмгө түрткөнүн.

Баланы келечектче кандай жашоо күтөөрүн?

Б.Абдухамидованын дагы көптөгөн чыгармаларынан.

 

 

Жаккан жагы:Жакпаган жагы
Атанын баласына болгон ишеничи.Баланын таш бор, ырайымсыз, мээримсиз экени.

Үй тапшырма: “Ата-энени сыйлоо” боюнча аңгеме жазып келесиңер.

Баалоо: Окуучулар бири-бирин баалайт, мугалим жыйынтыктап баалайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер