МАЖОР ЖАНА МИНОР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК

  • 14.09.2023
  • 0
МАЖОР ЖАНА МИНОР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК

Элиза Турдакунова,

 Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы

№6 жалпы орто билим берүү мектебинин

 музыка мугалими

Музыка сабагы, 2-класс

Сабактын темасы: Мажор жана минор жөнүндө түшүнүк.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Мажор, минор жөнүндө маалымат алышат;

Өнүктүрүүчүлүк: Мажор менен минордун айырмасын билүү менен  билимдерин өркүндөтүшөт.

Тарбиялык: Мажор, минорду билүү менен бирге көңүлдүү, шайыр болууга тарбияланышат.

Сабакта төмөндөгүдөй компетенттүүлүктү калыптандырышат.

Негизги компетенттүүлүк:

Маалыматтык: Мажор, минор жөнүндө маалымат алышат.

Социалдык-коммуникативдик: Музыканын мүнөзү жөнүндө билишет.

Өзүн-өзү өнүктүрүү, көйгөйлөрдү чечүү: Музыканын мүнөзү менен таанышышат.

Предметтик компетенттүүлүк:

Эмоциялык-баалуулук  компетенттүүлүк: Музыканы угуу менен шаңдуу  жана кайгылуу музыканы айырмалап,  мүнөзүн аныктайт.

Музыкалык-эстетикалык компетенттүүлүгү: Музыканы угуу менен шаңдуу жана кайгылуу музыканы айырмалап, мүнөзүнүн өзгөчөлүгүн аныктайт.

Аткаруучулук    компетенттүүлүгү: Ырларды хор менен же жекече аткарууда музыкалык образды түзүү үчүн музыкалык таасирдүү каражаттарды өз алдынча пайдаланат.

Сабактын жабдылышы:  Музыкалык аппараттар, ноталар жазылган сүрөттөр, интерактивдүү такта, проектор, слайддар, видео сабактар.

Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары:

Уюштуруу:

Мугалимдердин иш-аракети: Окуучуларды жоктоо, журнал толтуруу,  классты даярдоо, топко бөлүү, жагымдуу маанай түзүү.

Окуучулардын иш-аракети: Окуучулар сабакка керектүү материалдарды даярдашат. Дежур жок окуучуларды айтат.

Баалоо: Калыптандыруучу баалоо. Сабакка активдүү катышкан топторду баалоо.

Өтүлгөн теманы суроо:

Мугалимдердин иш-аракети: “Жаз майрамы” ырын кайталоо.

Окуучулардын иш-аракети: Окуучулар өтүлгөн тема боюнча берилген суроолорго жооп беришет.

Жеке баалоо.

Жаңы теманы түшүндүрүү:

Мугалимдердин иш-аракети: Сабакка көңүл буруучу оюн өткөрөт же кырдаал түзөт.

Жаңы теманы баяндап түшүндүрүп берүү

Мажор (латынча major — чоң, улуу) — добуш катарынын туруктуу баскычтары чоң үч үндөштүктү түзгөн лад. Мажор шаңдуу, көтөрүңкү үн чыгарат.

Минор (латынча minor — кичине) — лад түрү.

Минордун туруктуу добуштары кичине үч үндүккө негизделген. Минордо муңдуу, жумшак үн чыгат.

Мажордун минорго карама-каршылыгы музыкадагы маанилүү эстетикалык каражаттардын бири. Мажордун жана минордун гармониялык, мелодиялык накта (табигый) ж.б. түрлөрү бар.

Окуучулардын иш-аракети: Оюнга же талкууга катышышат. Суроолорго жооп беришет. Суроо беришет. Жаңы тема боюнча маалыматтарды алышат жана иш жүргүзүшөт.

Жеке баалоо, калыптандыруучу баалоо.

Бышыктоо:

Мугалимдердин иш-аракети: Мажор менен минордун айырмасын табуу үчүн музыкалык дидактикалык оюн ойношот.

Окуучулардын иш-аракети: Окуучулар берилген тапшырманы аткарышат жана бөлүнгөн топ боюнча тестке катышып, оюндарды ойношот. Окуучулардын бирин бири баалайт.

Баалоо:

Мугалимдердин иш-аракети: Ар бир топтун аткарган иши жана сабакка активдүү катышкан ар бир окуучунун иштери  өз-өзүнчө бааланат.

Окуучулардын иш-аракети: Ар бир топ музыкалык аспаптын сүрөтүн чогултуу менен, ал эми сабакка активдүү катышкан окуучу ар бири бирден скрипкалык  ачкычты чогултуу менен бааланышат.

Жыйынтыктоочу баалоо.

Үйгө тапшырма: “Байчечекей” ырын жаттоо.

Бөлүшүү

Комментарийлер