МАЖОР ЖАНА МИНОР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК
- 14.09.2023
- 0

Элиза Турдакунова,
Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы
№6 жалпы орто билим берүү мектебинин
музыка мугалими
Музыка сабагы, 2-класс
Сабактын темасы: Мажор жана минор жөнүндө түшүнүк.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Мажор, минор жөнүндө маалымат алышат;
Өнүктүрүүчүлүк: Мажор менен минордун айырмасын билүү менен билимдерин өркүндөтүшөт.
Тарбиялык: Мажор, минорду билүү менен бирге көңүлдүү, шайыр болууга тарбияланышат.
Сабакта төмөндөгүдөй компетенттүүлүктү калыптандырышат.
Негизги компетенттүүлүк:
Маалыматтык: Мажор, минор жөнүндө маалымат алышат.
Социалдык-коммуникативдик: Музыканын мүнөзү жөнүндө билишет.
Өзүн-өзү өнүктүрүү, көйгөйлөрдү чечүү: Музыканын мүнөзү менен таанышышат.
Предметтик компетенттүүлүк:
Эмоциялык-баалуулук компетенттүүлүк: Музыканы угуу менен шаңдуу жана кайгылуу музыканы айырмалап, мүнөзүн аныктайт.
Музыкалык-эстетикалык компетенттүүлүгү: Музыканы угуу менен шаңдуу жана кайгылуу музыканы айырмалап, мүнөзүнүн өзгөчөлүгүн аныктайт.
Аткаруучулук компетенттүүлүгү: Ырларды хор менен же жекече аткарууда музыкалык образды түзүү үчүн музыкалык таасирдүү каражаттарды өз алдынча пайдаланат.
Сабактын жабдылышы: Музыкалык аппараттар, ноталар жазылган сүрөттөр, интерактивдүү такта, проектор, слайддар, видео сабактар.
Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү
Сабактын жүрүшү:
Сабактын этаптары:
Уюштуруу:
Мугалимдердин иш-аракети: Окуучуларды жоктоо, журнал толтуруу, классты даярдоо, топко бөлүү, жагымдуу маанай түзүү.
Окуучулардын иш-аракети: Окуучулар сабакка керектүү материалдарды даярдашат. Дежур жок окуучуларды айтат.
Баалоо: Калыптандыруучу баалоо. Сабакка активдүү катышкан топторду баалоо.
Өтүлгөн теманы суроо:
Мугалимдердин иш-аракети: “Жаз майрамы” ырын кайталоо.
Окуучулардын иш-аракети: Окуучулар өтүлгөн тема боюнча берилген суроолорго жооп беришет.
Жеке баалоо.
Жаңы теманы түшүндүрүү:
Мугалимдердин иш-аракети: Сабакка көңүл буруучу оюн өткөрөт же кырдаал түзөт.
Жаңы теманы баяндап түшүндүрүп берүү
Мажор (латынча major — чоң, улуу) — добуш катарынын туруктуу баскычтары чоң үч үндөштүктү түзгөн лад. Мажор шаңдуу, көтөрүңкү үн чыгарат.
Минор (латынча minor — кичине) — лад түрү.
Минордун туруктуу добуштары кичине үч үндүккө негизделген. Минордо муңдуу, жумшак үн чыгат.
Мажордун минорго карама-каршылыгы музыкадагы маанилүү эстетикалык каражаттардын бири. Мажордун жана минордун гармониялык, мелодиялык накта (табигый) ж.б. түрлөрү бар.
Окуучулардын иш-аракети: Оюнга же талкууга катышышат. Суроолорго жооп беришет. Суроо беришет. Жаңы тема боюнча маалыматтарды алышат жана иш жүргүзүшөт.
Жеке баалоо, калыптандыруучу баалоо.
Бышыктоо:
Мугалимдердин иш-аракети: Мажор менен минордун айырмасын табуу үчүн музыкалык дидактикалык оюн ойношот.
Окуучулардын иш-аракети: Окуучулар берилген тапшырманы аткарышат жана бөлүнгөн топ боюнча тестке катышып, оюндарды ойношот. Окуучулардын бирин бири баалайт.
Баалоо:
Мугалимдердин иш-аракети: Ар бир топтун аткарган иши жана сабакка активдүү катышкан ар бир окуучунун иштери өз-өзүнчө бааланат.
Окуучулардын иш-аракети: Ар бир топ музыкалык аспаптын сүрөтүн чогултуу менен, ал эми сабакка активдүү катышкан окуучу ар бири бирден скрипкалык ачкычты чогултуу менен бааланышат.
Жыйынтыктоочу баалоо.
Үйгө тапшырма: “Байчечекей” ырын жаттоо.
Комментарийлер