МАТЕМАТИКАДАН КОРКУУНУ КАНТИП ЖЕҢСЕ БОЛОТ?

  • 30.03.2026
  • 0
МАТЕМАТИКАДАН КОРКУУНУ КАНТИП ЖЕҢСЕ БОЛОТ?

“Кыйынчылык — өсүүнүн башталышы”

Мектеп турмушунда математика сабагы көпчүлүк окуучулар үчүн эң татаал жана ошол эле учурда эң маанилүү сабактардын бири болуп эсептелет. Бирок кыйынчылыктын негизги себеби ар дайым формулалар же эсептер эмес. Көп учурда окуучуларды артка тарткан нерсе – бул алардын ичиндеги коркуу сезимдери жана ишенимсиздик.

Көп жолу байкалгандай, окуучу жаңы темага туш болгондо эле аны татаал деп кабыл алат. Ал мисалды чыгара электе эле “мен муну түшүнбөйм” деп ойлоп коёт. Мындай ой акырындык менен чоң тоскоолдукка айланып, математикага болгон кызыгууну төмөндөтөт. Бирок чындыгында ар бир окуучу математика үйрөнө алат. Бул жөндөмдөн эмес, аракеттен көз каранды.

Белгилүү математик Карл Фридрих Гаусс бир жолу: “Математика — бардык илимдердин падышасы” деп айткан. Бул сөз математика канчалык маанилүү экенин далилдейт. Ошондуктан андан качуу эмес, аны түшүнүүгө умтулуу керек.

Коркуунун пайда болушунун эң негизги себептеринин бири – биринчи ийгиликсиздик. Мисалы, окуучу жөнөкөй теңдемени чыгара албай калат. Ал эми анын жанындагы окуучу ошол эле мисалды бат эле чыгарып коёт. Натыйжада ал өзүн башкалардан алсыз сезип, акырында математикадан алыстай баштайт.

МАТЕМАТИКАДАН КОРКУУНУ КАНТИП ЖЕҢСЕ БОЛОТ?

Бирок мындай абалды туура кабыл алуу маанилүү. Келгиле, жөнөкөй мисалды карап көрөлү:

3x + 9 = 18

Башында бул мисал татаал көрүнүшү мүмкүн. Бирок аны этап-этабы менен чечсек:

3x = 18 − 9

3x = 9

x = 3

Көрүнүп тургандай, мисалды бөлүп караганда ал анчалык деле кыйын эмес. Көпчүлүк учурда коркуу – бул маселенин өзү эмес, аны толук түшүнбөгөндүктөн пайда болгон сезим.

Математиканы үйрөнүүнүн негизги жолдорунун бири – бул туруктуу машыгуу. Белгилүү окумуштуу Исаак Ньютон мындай деген: “Эгер мен башкалардан алыс көрө алсам, бул көп эмгектин натыйжасы.” Бул сөздөн көрүнүп тургандай, ийгиликке жетүү үчүн тынымсыз аракет керек.

Көп окуучулар бир же эки мисалды чыгара албай калганда эле токтоп калышат. Бирок ийгиликке жеткендер башкача ой жүгүртүшөт. Алар ката кетирсе да, кайра аракет кылышат. Мисалы, бир окуучу бөлчөктөрдү кошууда дайыма жаңылышат дейли. Ал бир нече жолу машыгып, акырында туура ыкманы түшүнөт. Натыйжада мурда кыйын көрүнгөн тема жеңил болуп калат. Бул машыгууда сабак берген мугалим да өзгөчө маани берип окуучунун кичине болсода ийгилигин мактап көӊүлүн көтөрүп коюусу зарыл деп эсептеймин.

Ката кетирүү – бул үйрөнүүнүн маанилүү бөлүгү. Көпчүлүк окуучулар ката кетирүүдөн уялышат. Бирок ката – бул ийгиликсиздик эмес, бул өнүгүүнүн белгиси. Ар бир ката аркылуу окуучу жаңы нерсени үйрөнөт. Ошондуктан катадан качуу эмес, аны туура кабыл алуу керек.

Бул тууралуу белгилүү илимпоз Альберт Эйнштейн мындай деген: “Ката кетирбеген адам эч качан жаңы нерсени сынап көргөн эмес.” Бул сөз математика үйрөнүүдө катанын канчалык маанилүү экенин көрсөтөт.

Ошондой эле суроо берүү да чоң мааниге ээ. Кээ бир окуучулар түшүнбөгөн жерин сурагандан тартынышат. Алар башкалардан уялышы мүмкүн. Бирок бул туура эмес. Тескерисинче, суроо берүү – бул билимге болгон кадам. Эгер окуучу түшүнбөгөн нерсени убагында тактап албаса, ал кийин дагы да татаалдашат.

Мисалы, окуучу пайыз темасын түшүнбөй калды дейли. Ал суроо бербей жүрө берет. Кийин пайызга байланышкан татаал маселелерде ал толугу менен кыйналат. Ал эми ошол учурда эле сурап түшүнүп алса, кийинки темалар жеңилирээк болмок.

Өзүнө ишенүү – бул дагы эң маанилүү факторлордун бири. Көп окуучулар өздөрүн башкалар менен салыштырышат.  Ар бир адамдын өзүнүн ылдамдыгы бар. Кээ бирөө тез үйрөнөт, кээ бирөө жайыраак. Бул нормалдуу көрүнүш.

Практика көрсөткөндөй, башында математикадан кыйналган окуучулар кийин эң жакшы жыйынтыкка жеткен учурлар көп. Алардын сыры – туруктуулук жана ишеним. Алар “мен жасай алам” деп өздөрүнө ишенишкен.

Математиканы турмуш менен байланыштырса дагы кызыктуу болот. Мисалы, дүкөнгө барганда биз акчаны эсептейбиз. Жол жүргөндө убакытты эсептейбиз. Телефон колдонгондо да ар кандай эсептөөлөр жүргүзүлөт. Бул математика жөн гана сабак эмес, күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү экенин далилдейт.

Ошондой эле ата-энелердин жана мугалимдердин колдоосу да чоң роль ойнойт. Жакшы сөз, дем берүү – окуучуга чоң күч берет. Эгер балага “сен жасай аласың” деп айтылса, ал чындап аракет кыла баштайт.

Жыйынтыктап айтканда, математикадан коркуу – бул убактылуу тоскоолдук. Аны жеңүүгө ар бир окуучу жөндөмдүү. Бул үчүн сабырдуулук, туруктуу аракет жана өзүнө болгон ишеним керек. Ар бир кыйынчылык – бул жаңы мүмкүнчүлүк. Ар бир аракет – ийгиликке карай кадам.

Акырында бир нерсени эске салгым келет: математика – бул жөн гана эсеп эмес, бул ой жүгүртүү. Ал адамды логикалык ойлоого, сабырдуу болууга жана маселелерди чечүүгө үйрөтөт. Ошондуктан андан коркпой, аны дос катары кабыл алуу керек. Жалпы эле окуучуларга кайрыларым:

“Коркпо, аракет кыл, ката кетир — ошондо сен сөзсүз үйрөнөсүң.”

МАТЕМАТИКАДАН КОРКУУНУ КАНТИП ЖЕҢСЕ БОЛОТ?

Айдарова Зулхавира,

математика мугалими. 

Сузак району, N:51 С. Жээнбеков

атындагы мектеби

 

Бөлүшүү

Комментарийлер