МАНАСТЫН БАЛА ЧАГЫ. КЕҢЕШ ЖУСУПОВ

  • 28.01.2023
  • 0

МАНАСТЫН БАЛА ЧАГЫ. КЕҢЕШ ЖУСУПОВБегимжан Каскеримова,

Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими

КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы”, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси

Предмети: Кыргыз тили

Классы:     6-класс (орус тилдүү)

Сабактын грамматикалык темасы: Текст менен иштөө

Сабактын кептик темасы: Манастын бала чагы. Кеңеш Жусупов

Сабактын максаттары:

  1. билим берүүчүлүк максаты:

Манастын бала чагы тууралуу маалымат алышат, жаңы лексика менен иштешет, суроолорго жооп беришет.

  1. өнүктүрүүчүлүк максаты:

Берилген  маалыматты аргументтеп анализдешет, талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүшөт, сөз байлыгын өстүрүшөт.

  1. тарбия берүүчү максаты:

Окуучуларда тилди үйрөнүүгө мотивация  жаратылат, топтордо түшүнүшүп, ынтымакта иштөөгө, бири-бирин сыйлоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: жаңы тема

Сабактын методу: коммуникативдик метод (логикалык ой жүгүртүүгө карата суроолорду түзүү, жалпы топ менен иштөө, жалпы топ менен талкуулоо).

Сабактын формасы: аралаш;

  1. жекече иштөө
  2. эки окуучу ортосунда иштөө
  3. коллектив аралык иштөө

Ресурстар: проектор, таркатылуучу материалдар, сүрөттөр, мультфильм.

Сабак аралык байланыш: кыргыз адабияты, орус тили, география, тарых.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу:

Окуучулар төрт топко бөлүнүшөт: кыргыз оюулары берилет, бирден төрткө чейин санашат, оюулардын өңүнө карата топторго бөлүнүп отурушат.

Үй иши: Кыргыз элинин улуттук тамак-аштары жана алардын жасалуу жолдорун оозеки айтып беришет.

Жагымдуу маанай түзүү:

Манас деген сөздү укканда кандай элестөөлөр пайда болот?

“Манас” эпосу көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң чоң чыгарма болуп эсептелет. Ал үч бөлүктөн турат: “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча 500 553 сап ырдан турат.

ЮНЕСКОдо катталган.  Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, Илим жана Маданият боюнча мекемеси, штаб-квартирасы Парижде.

Тексттеги жаңы сөздөрдүн маанилерин түшүнүшөт, орусчага которушат, сөз айкаш, сүйлөм түзүшөт.

Сөздүк иши:

Күчтүү — сильный

Күйүт — горе

Сүрдүү — грозный, страшный

Думана — үй-жайы жок, аян айткан киши

Өжөр — настырный, стойкий

Оозантты — дать попробовать

Окуучулар сөздүк карта ыкмасы менен иштешет:

Сөздүк карта: баатыр, думана

Сөз — баатыр

Котормосу — герой

сөз айкаш — улуттук баатыр

синоним — каарман

антоним — коркок

сүйлөм — Мен Манас баатырдай болом.

 Окуучуларга текст таратылып берилет.

                                              Манастын төрөлүшү

Кыргыздарды кытайлар чаап алгандан кийин, Ногой хандын төрт баласы: Орозду, Үсөн, Бай, Жакып ар кайсы жерге тарашты. Жакып Алтайга, бири Кашкарга, бири Тибетке айдалды.

Алтайга баргандан кийин, Жакыптын тыңдыгынан жер менен иштеди, мал-жан күттү, байыды. Бирок Жакып байдын бир күйүтү бар, артында кала турган баласы жок.

Бир күнү Жакып уктап калып түш көрөт. Эртең менен туруп, түшүн Чыйырдыга айтып берет: Бир алп кара куш кармапмын. Ал аябай сүрдүү экен. Ага узун жибек боо тактым. Бул ыйык түш — деп сүйүнөт. Абышкасынын түшүнө сүйүнүп, өзүнүн көргөн түшүн айтат: алма жесем, ичинен алтымыш кулач ажыдаар ышкырып чыгат, даана көрдүм.

Эртеси күнү бай Жакып чоң той берип, түшүн жорутат. Эл аксакалы, көптү көргөн Байжигит байбичең экөөң көргөн түш өзгөчө жакшы түш экен, башыңа касиет конот, эркек балалуу болот экенсиң -дейт.

Анын той бергенин уккан кытай ханы Эсенкан кыргызды бүгүн кыя чапсаң, эртең тике турган, тепселенбеген мындай өжөр элди көрбөгөнүн айтып жинденет. Көзү ачыктарын, сыйкырчыларын чакырып, кыргыздарда эмне сыр бар экенин териштирет. Алар Бежинде ыйык китепте эмне жазылганын билүүсүн  айтышат.

Ыйык китепте мындай жазуу бар экен: “Кыргыздардан Манас деген бир алп туулат. Анын   аркасында кара көк жалы, далысынын үстүндө табактай кызыл калы болот. Манас калмак, кытайга калайман салат. Улуу шаар Бежиндин тамтыракайын чыгарат. Алты ай хан болот. Кытай баатыры колдуу болуп өлөт”. Муну уккан Эсенкан, Манасты таап келүүгө буйрук берет: боюнда бар аялдардын баарын өлтүргүлө, балдарын кул кылгыла дейт. Бухара, Самарканддын баарынан издеп, акыры Чоң Эшендин Жар Манас деген баласын таап, Бежинге алып кетишет. Бул кабар Жакыпка да жетет, анын көңүлү тынчып калат.

Чыйырдынын боюнда болгонуна үч ай болот, ал эч тамак жей албай, каалаганы – жолборстун жүрөгү болду. Мергенчиден жолборстун жүрөк-боорун алдыртып, сууга чала кайнатып ичти. Чыйырды жети күн, жети түнү көл-шал болуп тердеп, башка эч нерсе жебей, магдырап уктады.

Чыйырды тогуз күнү  толготуп, араң төрөйт. Жаңы төрөлгөн наристе эки колуна толтура кан чеңгелдеп түштү, он бештеги баладай салмагы бар, орогондо чиренсе отуздагы кишидей күчү бар экен. Баланын эки далысын кара жал басыптыр. Оозантканда үч карын майды бир жеди. Асыл аял Чыйырды балага эмчегин сордурса, биринчи сүт, анан кан чыгып, байбиче андан ары чыдай албады.

Жакыпка Акбалта сүйүнчүлөдү, ага сүйүнчүсүнө тогуздап  мал берди.

Бай Жакып нарктуу келип, байбичесин куттуктады. Баланы киндигинен жыттап, оболото өйдө көтөрдү. Наристе пил мүнөздүү, жолборс моюн, көзү тик, жар кабак, айбаты катуу, кабыландай сүрү бар уул экен. Баланын артынан кара көк жалды көрдү, эки ийнинде баланын кара чаар кош кабылан колдоочусу чамынып турганын байкады.

Энеси Чыйырды бала төрөп жатканда көзүнө көрүнгөн бир аян белгини Жакыпка да айткан жок, ичинде сыр бойдон калды. Бир думана аксакал түндүктөн түшүп, уулуңду болот ок менен оозандыр, керегине жарайт, — деп жебе окту берип, көздөн кайым болду. Чыйырды дубананын айтканын аткарды, жан кишиге билгизбей болот менен баланы оозантты.

Жакып түшү туура келгенине сүйүнүп,  кеткенден кегимди алсын, жоготконумду тапсын деп тиледи.

Бүткүл кыргыз эли:Ушу балабыз өз эли-жерибизге жеткирсин! -деп тилешти.

Жакып чоң той берди. Чыйырды экөө ортого чыгып, баласына ат коюп берүүнү суранышты. Ошол убакта думана пайда болуп, баланын аты Манас болсун  -деп көздөн кайым болду.

Жаңы теманы бышыктоо:

  1. Мультфильм көргөзүлөт.
  2. Суроолорго жооп беришет:
  3. Ногой хандын канча баласы болгон?
  4. Жакып каякка барып жашаган?
  5. Алтайда кандай жашады?
  6. Жакыптын эмне күйүтү бар эле?
  7. Жакып кандай түш көрдү?
  8. Чыйырды кандай түш көрдү?
  9. Бежиндин ыйык китебинде Манас тууралуу эмнелер жазылган?
  10. Кыргыздар жөнүндө Эсенкан хан эмне деп айткан?
  11. Чыйырды эмне жегиси келди?
  12. Чыйырды кантип төрөдү?
  13. Манас төрөлгөндө кандай болду?
  14. Чыйырды кандай сырды баарынан жашырды?
  15. Жакыпка ким сүйүнчүлөдү? Сүйүнчүгө эмне берди?
  16. Баласын көргөндө Жакып эмнени байкады?
  17. Манастын атын ким койду?

Ватмандар, фломастерлер таратылып берилет, ар бир топ өз алдынча иштешет.

  1. Төмөнкү методикалык ыкмалар менен иштешет:

1-топ: Сезимдер таблицасы:

 

Каармандар жана анын айланасындагы адамдарКаармандардын үмүт-тилегиКаармандарга карата кандай сезимдер пайда болду?Каармандын ордуна өзүңдү элестетчи
 

 

 

 

 

   

2-топ:

аталышы

негизги каармандар

көйгөйлөр

башталышы

ортосу

аягы

 

3-топ: синквейн

зат атооч

2 сын атооч

3 этиш

сүйлөм

синоним

 

4-топ: Блумдун кубиги

аталышы …

эмне үчүн? …

түшүндүр …

сунуш …

ойло …

бөлүш …

Ар бир топтон окуучулар чыгып, презентациялашат.

Физминутка:

Манжаларга  гимнастика

    Бул манжа- кичинекей (чыпалакты ушалайбыз).
 Бул манжа- алсызыраак (аты жокту ушалайбыз).
 Бул манжа- узунураак   (ортонду ушалайбыз).
 Бул манжа- күчтүүрөөк (сөөмөйдү ушалайбыз).
 Бул манжа- чоңураак (бармакты ушалайбыз).

    Ал эми бардыгы бириксе  – муштум (муштумду   түйөбүз).

Окуучулардын билимин баалоо: Суроолорго жооп берип жатканда чүкөлөр берилип турду, чүкөлөрдүн санына жараша бааланды.

Үй иши: Манастын төрөлүшү мага кандай таасир берди?

Баатыр оңой төрөлбөйт деген темалардан тандап эссе жазып келишет.

Эссе жазуунун критерийлери:

  1. мазмунун ачуу
  2. сабаттуулук
  3. 5-10 сүйлөмдүн чегинде

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер