КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮН ТҮПТӨГӨН АТАЛАР. Биринчи сабактын үлгүсү
- 28.08.2024
- 0
2024-2025-окуу жылында жалпы билим берүүчү мекемелерде 5-11-класстар үчүн
өтүлүүчү биринчи сабактын болжолдуу үлгүсү
Сабактын максаты: Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башталышы болгондугун жана анын маанисин түшүнүшөт. Ошондой эле бул сабак аркылуу окуучуларда жарандык аң-сезимдин калыптанышына түрткү берет.
Сабактын түрү: Жаңы билимди өздөштүрүү.
Окутуудан пландалган натыйжалар:
Сабактын натыйжасында окуучулар:
— Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөө үчүн Кыргыз автономиялуу облусун түзүүнүн маанисин түшүнө алышат.
— Кыргызстанды түптөгөн инсандар менен таанышат, алардын адам жана саясий ишмер катары сапаттарын баалашат.
— Кыргызстандын тарыхына жана азыркы заманга карата өзүнүн жарандык позициясын калыптандыра алышат.
— Жеке жоопкерчиликти жана Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымын кошуу зарылдыгын түшүнө алышат.
Окутуу ыкмалары: түшүндүрмө-иллюстрациялык, демонстрациялык.
Окутуу формасы: топтук.
Жабдуулар:
- видеороликти же презентацияны көрсөтүү үчүн проектор же монитор;
- Кыргыз Республикасынын картасы;
- Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнүн негизги даталары жазылган “Убакыт сызыгы” (иштин жүрүшүндө окуучулар столдо аралаш түрдө жаткан карточкаларды тандап алышы жана убакыт сызыгында жазылган датанын астына бекитиши керек).
Негизги түшүнүктөр: Түптөгөн аталар, Кыргыз автономиялуу облусу, мамлекеттүүлүк, жарандуулук (Кыргыз жараны).
1-эпиграф:
“Тарыхый окуя – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү, андан кийинки Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы жана Кыргыз Социалисттик Советтик Республикасы Кыргызстандын келечектеги тарыхы үчүн зор мааниге ээ болуп, акыры биздин эгемендүү Кыргыз Республикасынын пайдубалына айланды”.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгы.
2-эпиграф:
Адамдарга керек жакшы касиет,
Ага келип бардык нерсе баш иет.
Эл бийлөөгө өнөр керек миң түмөн,
Шондо гана сүрүлмөкчү түп-түмөн.
Жакшы тартип орнотконду сыйлайт эл,
Тартип жокто бир уучка сыйбайт эп.
Жусуп Баласагын
Уландысын бул жерден окуйбуз: 5-11-класстар үчүн биринчи сабактын үлгүсү
Биринчи сабактын сценарийин иштеп чыккандар:
Методологиялык аспектисин иштеген Дюшеева Н.К.,
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти
Мазмундук аспектисин иштеген Марченко Л.Ю.,
Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян
университетинин тарых мугалими
Комментарийлер