КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ЖОЛДОРУ

  • 16.09.2022
  • 0
КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ЖОЛДОРУ

Маалымат технологиясынын күрдөөлдүү убагы күндөн күнгө маалымат айдыңын жаңы сөздөр менен байытып, дүйнөлүк тилдерди билүү, пайдалануу зарылчылыгы кыргыз тилинин барк-баасын басмырлап турган учурда, замандын талабына шайкеш келүүсү үчүн көпчүлүк ата-энелер балдарын орус, англис  тилдүү мектептерге берип, эне тилинин окутуу методикасы 20-30 жыл артта калган мезгилде өз мекенибизде өз эне тилибиздин колдонулушу, сакталып калышы үчүн максималдуу күч-аракеттерибизди жумшачу мезгил келди деп эсептейм. Башка улуттарды мындай кой, кыргыздын эле балдары ачык эле тил билүүнүн зарылчылыгы жок деп, негиз катары супсак өтүлгөн сабактарды күнөөлөшүүдө.

Анда ойлонуп көрөлүчү, эмне себептен балдар сабатсыз, кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү төмөн, кепке кемтик, сөзгө чоркок болуп чыгууда? Балким, биздин бири-бири  менен байланышпаган илимий сабактарыбыздан болуп жүрбөсүн?

Көпчүлүк учурда советтик мезгилден бери калыптанып калган сабактын этаптарын формалдуу түрдө басып өтүп, окуучунун компетенттүүлүгүнө багытталса да, натыйжа бере албаган сабактарыбызды өзүбүз үчүн өтүп келүүдөбүз. Бирок бул сабактын биз эмес, окуучу  үчүн экенин туура түшүнүп, окутуунун багытын, ыкмасын  түп тамырынан өзгөртүүгө мезгил жетти. Эгер биз дагы деле укмуш методика, сабактын бул этабы, элементи сакталышы керек деген өзүбүз үчүн керек болгон принципти карманып отура берсек, алдыга жылбайбыз. Биздин арышыбыз өзүбүз үчүн сабакты мыкты өтүп коюу эмес, окуучунун окурмандык, функционалдык сабаттуулугуна, коммуникативдик компетенттүүлүгүнө багытталып, ишке ашканда гана жылат. Муну ар бир кыргыз тилчи туура түшүнүп, окуучуга грамматикалык билим менен бирге андан да чоң нерсени – кептик, функционалдык билгичтикти кошо калыптандырып чыгышыбыз абзел.

Бир нук менен агып келе жаткан сууну майнап салып жайылтып сиңирбесе, эгин суу ичпей, сугарылбай, куурап калат, түшүм болбойт эмеспи. Бүгүнкү күндө ошол агын суу сиңбей эле аркырап агып кетип жаткан сыяктуу, анткени жылдан жылга кыргыз тилинин колдонуучулары азайып, колдонгондорубуздун акыбалы какыр жердин чүрүш буудайындай болуп жатат. Тили жаңыдан чыккан наристелерибизден тартып, аттуу-баштуу кишилерге чейин орус тилинде ой жүгүртүп, саймедиреп сүйлөп, кыргыз тилине келгенде эле какап калышына, албетте, сабактар эле эмес, маалымат айдыңындагы орус тилдүү контенттер да себеп, бирок интернет желеси каптаганына канча бир жылдын жүзү болсо да, кыргызча контенттердин жакшы иштебей жатышы дал ошол тармактагы адистердин кыргыз тили боюнча билими чабалдыгынан кабар берет. Кыргыз тили боюнча мугалимдик кесипти аркалап, кыргыз тили саясатын жайылтуучулар биз болгон соң, мектеп босогосун аттагандан баштап окуучунун кыргыз тилине болгон кызыгуусун, сый-урматын, сүйүүсүн жаратуу биздин колубузда. Анткени ошол окуучулар эртеңки күнү ар кайсы тармакта кыргыз тилин татыктуу деңгээлде колдонуп, жайылтуучулардан  болот. А  эгер бүгүн да толгон-токой шылтоону айтып, убакытты текке өткөрүп жиберсек, тилибизди өз колубуз менен жок кылган болобуз!

Сугат ишине кайрадан кайрылгым келип турат, себеби шумдук сугатчы болсо деле, ал аккан сууну колу, буту же жакшы сугаргысы келген укмуш каалоосу менен эле сууну жырып, талаадагы эгинди сугара албайт, ага шайман керек. Дал ошол сыяктуу мыкты базалык билими бар мугалимге да майнаптуу иштеши үчүн колуна шайман беришибиз керек. Бүгүнкү күндөгү окуу китептери менен алыска кете албай жатабыз, муну бардык эле кыргыз тилчи мугалимдер билсе керек, кошумча изденип, материалдык базасы талапка жооп берген айрым эле мугалимдер текст, тесттерди пайдаланып, анда-санда  бир көпкө чейин эстеп калчу ачык сабактарды өтпөсө, мындай сабактар бир топ даярдыкты, машакатты талап кылары айдан ачык.

Мугалимдин биринчи шайманы – бул окуу программасы. Экинчиси – окуу китеби. Бул экөө бириктирилип, мугалим үчүн колдонмо чыгарылышы керек. Мугалим беш жыл план жазып, андан кийин жазбай эле койсун деп сабакка даярдануу убактысын кыскартып бергенге жараша, мобундай кылып сабак өт деп колуна колдонмо карматуу зарыл. Ал ошол жерден көбөйтүп -таркатуучу материалдарын даярдап, эртеңки сабагына кандай кызыктуу оюн кошсо болот, же кимдерге жеңилдетилген тапшырмаларды, же тескерисинче кошумча тапшырмаларды даярдашы керек болорун ойлонот. Анткени берилген тапшырма бир класстагы балдардын бардыгы үчүн бирдей болбойт. Мугалимдин даяр шаблону жок болгондуктан, ал окуучулар менен дифференциалдуу иштей албайт. Мугалим антиш керек, минтиш керек деген утопияны айтпай эле койсоңуздар болот, ар кандай деңгээлдеги мугалимдердин кантип сабак өтүп жатканын билбейсиздер, бардык күнөөнү окуучуга койгонду үйрөнүп алдык, бүтүрүүчүлөрдүн жылдан жылга билим сапаты начарлап келе жаткан көрүп жатабыз, андыктан шаблон десем жогоруда айткан колдонмону түшүнүшүңүздөр керек. Бул колдонмо мугалимдин эффективдүү сабак өтүүсү үчүн чоң жардамчы болушу шарт. Тексттер менен кантип иштетет, кантип баалайт, критерийлер, ар бир грамматикалык бөлүмдүн соңундагы жат жазуу тексттери, тесттер даяр болушу зарыл. Мугалим тестти көбөйтүп, таркатып берип, жат жазуу келгенде көрүнгөн теманы алып эле жаздырып койбой, грамматикалык темага ылайык жат жазууну жаздырышы керек. Кыскасы, колдонмо ар бир класстын календарлык-тематикалык планынан тартып, кошумча иштетүүчү бардык материалдарды, мугалим билүүгө тийиш болгон усулдук жардамдарды ичине камтышы керек деп эсептейм. Бул өзгөчө жаңыдан иштеп баштаган кесиптештерибиз үчүн чоң жеңилдик болмок.

Мисалы, окуу китеби бизде А 4 өлчөмүндө чыкпайт, ал эми колдонмо ошол форматта болушу керек. Окуу китебиндеги текст бул жерде кичирээк арип менен берилип, бул текст менен иштөөнүн жолдору толук чагылдырылат.

Окуучуда эки гана дептер болушу керек! 1-си класстан иштөө дептери, 2-үйдөн иштөө дептери. Класстан иштөө дептерин окуучу эч качан үйүнө алып кетпеши керек, ал эми үйдөн иштөө дептери окуучу класстан иштеп жатканда текшерилип бүтүшү керек да, бааланышы керек. Дифференциалдуу, индивидуалдуу иштөө үчүн бул абдан ыңгайлуу болот, сабактан жетишпей жаткан же дилгир окуучулар менен иштөөдө кошумча дептер ачыштын кереги жок, окуучу жумушчу дептерине берилген тапшырмасын аткара берет, болгону мугалим өзүнүн иштөө планына кимисине кандай кошумча бергенинин жана кандай көрсөткүчтөргө жетишкендигин белгилеп жүрүп отурат. Жат жазуу дагы башка дептерге жазылбашы керек деп эсептейм, бул сабактын темасы катары кетет да, жат жазуусун кандай жазганын бала көрүп, каталары менен иштөөсү үчүн бир дептерге иштөө туура болот. Бул эки дептер тең бөлүмдүн аягында чогултулуп, жаңысын бардыгы тең баштайт да, дептер менен иштөөлөрү боюнча мугалим анализ жүргүзүшү керек. Себеби так ушул иштери аркылуу мугалим өзүнө иштөө планын түзөт, кимге кандай жардам бериши керектигин аныктап алат.  Класстан иштөө дептери менен үйдөн иштөө дептеринин суммативдик баасы менен чейректик баа коюуга болот.

Кыргыз  тили сабактарында кыргызча ай аттарын колдонушубуз керек! Ар бир сабакта окуучунун кеп куржуну үчүн лексикалык сөздүк менен иштешибиз керек, бул тексттин ичиндеги тааныш эмес сөздөрдү таап, аны чечмелөө жана контексттик маанилерин талкуулоо, сүйлөм түзүү сыяктуу практикалык көндүмдөр менен коштолушу талапка ылайык.

Грамматикалык тема: Тактооч сөз түркүмү

7- класста тактоочту окутуп үйрөтүү үчүн 12 саат бөлүнөт, бул 9 теориялык жана 3 практикалык саатка, жат жазуу, каталар менен иштөө жана талдоого берилген. Грамматикалык материалды жаш курак психологиясы боюнча ар кандай тарбиялык багыттагы, таанып- билүүчүлүк багыттагы тексттер аркылуу жеткирсек болот.

Окуу китебинде грамматикалык материалдын теориялык аныктамасы сөзсүз болушу керек. Бирок өтө көп эмес.

Тактооч —  кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын көрсөткөн сөз түркүмү.

Тактооч жасоочу мүчөлөр:    СЖМ:  -ча:  кыргызча, балача, жиндиче

                                                                   -лап:  күндөп, айлап, чакалап

                                           -лай:  жаздай, акчалай, утурлай

                                -лата:  улуулата, жайлата

                                          -чалык:  ушунчалык, менчелик

                                   — сын: кышкысын, кечкисин

                           -ын: акырын, тымызын

                                      -чылап: бизчилеп, аларчылап

-га: зорго, бекерге, араңга

-да: күндө, жылда, айда

-дан: кокустан, эмитен, азыртан  (булар жөндөмө мүчөлөрү)

 

Тактоочтун түрлөрү
                                              1) Сөздүн курамына карай
А) жөнөкөй  (1сөз)Ылдам, жай, эртең, кышында, зорго
Б) татаал  (2 сөз)Кез-кезде (Кээ-кээде), күндөн-күнгө, кечке жуук
2)  Морфологиялык түзүлүшүнө карай
А) тубаса (уңгу)Кеч, тез, акырын, аз, ылдам
Б) туунду (уңгу+ СЖМ)Бүгүн, өгүнү, бекерге, мурунтан, орусча

 

Класста окуучу грамматикалык материалды текст менен бирге үйрөнүшү керек.

Акчаныз көп болсо, жакында Айга саякаттап барсаңыз болот. Саякаттан тышкары адистер азыр жер жүзүндөгү кен байлыктар аздык кыларын, башка планеталардан да казып издеш керектигин айта башташты.

АКШ 2013-жылы 6-сентябрь күнү Айга «Минотавр-5» чөлмөгүн Виржиниядан учурду. Ошол эле маалда космос ышкыбоздору Жерден алда канча алыс жайгашкан астероид жана метеориттерден кен казып алуу – келечекте толугу менен ишке ашчу иш деп ишендирип жатышат.

Жердин байлыгы азайып, эми эбегейсиз космос мейкиндигинен киреше табуу- көптөн бери талкууланып келе жаткан маселе. Негизгиси, бул ири миллиарддаган доллар сарпталуучу долбоор дүйнөдөгө эң алдыңкы илимпоздордун башын чындап  бириктирди. Британиялык бизнесмен  Ричард Бренсондун «Воржин Галактик» компаниясы – жүргүнчүлөрдү Жердин орбитасына учуруучу дүйнөдөгү эң алгачкы коммерциялык ташуучу. Миллиондогон доллардан ашык акча төлөгөн жүргүнчүлөрдүн биринчилери  эмдиги жылы Жердин орбитасына көтөрүлөт.

Ал эми андан да ары саякаттап, Айга баргысы келгендер 100 млн. фунт төлөп, Жердин табигый жандоочусуна учууга мүмкүнчүлүк алышты. Улуу Британиядагы Мэн аралында катталган «Эскалибур Алмаз» советтик ракетасы  менен 2015-жылдан тарта жүргүнчүлөрдү Айга ташый баштайт. Ким барат деп кам санабаныз, эки компаниянын тен алдын-ала кезекке жазылган кардарлары бар.

Лексикалык бирдиктер:

адис— бир тармак боюнча билими, тажрыйбасы бар адам.

Чөлмөк – ракета, космоско учуруу учун же согуштук максатта жасалат.

Ышкыбоз – кызыгуучулар, контекстте изилдөөчүлөрдү айтып жатат.

Сарпталуучу – коротулуучу, иштетилүүчү

Орбита – күн системасында жердин айланган жолу

Жердин табигый жандоочусу – Ай

Кардар – сатып алуучу, талаптын ээси.

Окуучу он мүнөттө берилген текстти окуп чыгып, грамматикалык тапшырмаларын аткарууга киришет.

Берилген грамматикалык бирдиктер теманы түшүнүү үчүн жана өз алдынча иштөө үчүн өбөлгө болот.

Грамматикалык тапшырманы класстан иштөө дептерине иштеп, бүтөрү менен мугалимге тапшырат, үй тапшырмасын дептерине түшүрөт.

Грамматикалык тапшырмалар:

  1. Кара менен берилген тактооч сөздөрдү таблицага түшүр
Жөнөкөй
Татаал
Тубаса
Туунду

 

  1. Текстте эмне жөнүндө сөз болуп жатат? Ар бир абзацтын негизги оюн тап. Кандай тема коймоксуң?
  2. Фунт, доллар кайсы мамлекеттердин акчасы?

Үйгө  тапшырма:   Бул тексттеги маалыматтарга анализ жүргүз, интернеттен бул боюнча маалымат таап, текст түз. Жердин орбитасына көтөрүлгөндөр болгонбу, Айга барган жүргүнчүлөр барбы жана дагы кандай жаңылыктар бар?

Жердин кен байлыктарынын азайышы боюнча эссе жаз. Текстиңден тактоочторду таап, белгиле.

Берилген үй тапшырмасынын аткарылышына жана мазмунуна карап, окуучу бааланат: изденүүчүлүк тапшырмасын, ой жүгүртүүчүлүк тапшырмасын жана грамматикалык тапшырмасынын бардыгын аткара алган окуучу, албетте, эң жогорку баага татыктуу. Ал эми тапшырмасынын бирин гана аткарган, чала аткарган жана аткара албагандарга деңгээлтне жараша баалап аласыз.

5-класска 80-110 сөздөн турган , 6-класска 100-130 сөздөн, 7-класска 120-160 сөздөн, 8-класска 140-170 сөздөн, 9-класска 150-180 сөздөн, 10-11-класска 160-200 сөздөн турган тексттер менен иш алып баруу максатка ылайык.

Ар бир сабакта 5-15 лексикалык жана грамматикалык бирдик менен иш алып баруу сунушталат. Бул окуучулардын кеп куржунун байытуу, грамматикалык теманы жеткирүү үчүн абдан маанилүү.

Кийинки сабакта теманы улай бышыктоочу материалдар, тереңдетүүчү грамматикалык материалдар  менен иш алып барабыз.

Тексттер үчүн көркөм, илимий, публицистикалык, аутенттик жана башка түрдүү тексттерди колдонушубуз керек. Ар түрдүү тексттер менен иштөөнүн ар кандай жолдорун колдонуп, окуучуларды окурмандык жана функционалдык сабаттуулукка жеткирип, коммуникативдик компетенттүүлүгүн калыптандыруу биздин колубузда.

Ал эми кыргыз тили боюнча методисттерден мына ошондой колдонмону даярдап берүүнү сунуш кылат элем.

Жылдыз Жаныбекова,

 Бишкек шаарынын К.Бобулов атындагы №88 орто мектебинин

 кыргыз тили мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер