ХИМИЯЛЫК РЕАКЦИЯЛАРДЫН ТИПТЕРИ
- 20.11.2023
- 0
Дилфуза АПСАМАТОВА, №46 Садык Маматов атындагы орто мектебинин химия мугалими, Кара-Суу району, Ош облусу
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Химиялык реакциялардын типтери жөнүндө маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүүк: Химиялык формула, жөнөкөй жана татаал заттар жөнүндө билими калыптанат.
Тарбиялык: Топтордо иштөөдө бири-бирин сыйлоого тарбияланышат.
Күтүлүүчү натыйжа: Химиялык реакциялардын типтерине аныктама берип жана реакция типтерин бөлүп жаза алышса.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, химиялык реактивдер, проектор, плакаттар колдонулат.
Сабактын жүрүшүү: Саламдашуу
Жагымдуу маанай: Окуучуларга вай-фай сүрөтүн көрсөтүп, анын кызматын суроо. Алар вай-фай жардамында инстаграм, фейсбук, тик-ток тармактарына уланышат. Демек, ушул үч тармактын негизинде классты үч топко бөлөбүз.
Үй тапшырмасын текшерүү: Топторго карточкалар таркатылат.
Жаңы тема:
- Ажыроо реакциясы
- Кошулуу реакциясы
- Орун алмашуу реакциясы
- Алмашуу реакциясы
- Ажыроо реакциясы — бир татаал заттан бир нече жөнөкөй же татаал заттардын пайда болушу. Калий перманганатынын ажыроо реакциясы демонстрация түрүндө көрсөтүлөт.
АБС= АБ+С
- Кошулуу реакциясы — бир нече жөнөкөй же татаал заттар биригип жаңы затты пайда болуу процесси. Видеоролик аркылуу кошулуу реакциясына мисал көрсөтүлөт.
А+В=АВ, АВ+С=АВС
- Орун алмашуу — жөнөкөй жана татаал заттын ортосунда жүрөт, жөнөкөй заттын атому татаал заттын бир атому менен орун алмашат. Металлдык цинк менен туз кислотасынын реакциясы демонстрация түрүндө көрсөтүлөт.
АВ+С=АС+В
- Алмашуу реакциясы — эки татаал заттын ортосунда жүрүп негиздик бөлүктөрү менен орун алмашат. Барий хлориди жана күкүрт кислотасынын өз ара аракеттенишүү реакциясы демонстрация түрүндө көрсөтүлөт.
АВ+СД=АД+ВС
Бышыктоо: Билимди текшергиле.
Төмөндөгү реакциялардын тибин аныктагыла жана бөлүп жазгыла.
H2 + O2= H2O Fe + HCl = FeCl2 + H2
NaOH + H3PO4 = Na3PO4 + H2O Ca + H2O = Ca(OH) 2 + H2
Fe(OH) 3 = Fe2O3 + H2O CaCO3 = CaO + CO2
P2O5 + H2O = H3PO4
Mg(OH) 2+ HNO3 = Mg(NO3) 2 + H2
Рефлексия.
Жыйынтыктоо: Суроо-жооп аркылуу
Баалоо: КБ, ДБ .
Үйгө тапшырма: §16, 49-бет 5,6 мисал
Комментарийлер