“Эр Төштүк” эпосу

  • 02.04.2026
  • 0
“Эр Төштүк”  эпосу

Кыргыз  адабияты 6-класс

Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Окуучуларга эпостун мазмуну, каармандары жана сюжеттик сызыгы боюнча алган билимдерибизди бышыктайбыз, андан ары терендетебиз.
Өнүктүрүүчүлүк:  Эпостогу  оң, терс каармандарга  жана окуяларга  мүнөздөмө беребиз. Топто иштөөдө  образдарды талдай билүү жөндөмүн өстүрүү

Тарбия берүүчүлүк:  Эпостогу окуялардын негизинде ар кандай турмуштук кырдаалдарда достошууну үйрөнөбүз.

Сабактын тиби : Бышыктоо сабагы
Сабактын ыкмасы: Жупта, өз алдынча, топто иштөө
Сабактын жабдылышы: Темага карата таркатма материалдар, тех каражат, слайд.

Саламатсынарбы балдар! Сабакка даярсыңарбы ? Сабагыбызды баштардан мурда өзүбүзгө жагымдуу маанай түзүп алалы.(Окуучулар бири-бирине карашып чыгармадагы каармандарды кыймыл менен көрсөтүшөт, аны табышат)      

Алтын эреже  (Сүрөттөр аркылуу)

“Эр Төштүк”  эпосу

  • Жылуу, жылуу сүйлөсөң, жылан ийнинен чыгат.
  • Жети өлчөп, бир кес.
  • Суу — атасы булак, сөз — атасы кулак
  •  Жакшы окуп жакшы жүрүшүм, элиме кошкон үлүшүм,
  • Кыймылдаган кыр ашат,
  • Көп түкүрсө, көл  болот.

Ар бир окуучудан үй тапшырманы талап кылат.
Өтүлгөн теманы кайталоо

1.Эр Төштүк эпосунда канча Маамыт бар?
2 Көкдөөнүн канча кызы бар?
3.Эр Төштүк жер астынан эмне менен чыгат?
4.Эламандын канча баласы болгон?

Жаңы темага өбөлгө
Сабактын темасы жана максаты менен тааныштырылат .

Жаңы тема:
Балдардын буга чейинки билимдерин текшерүү үчүн өтүлгөн тема  аркылуу

1-тапшырма.

“Акыл чабуулу “ ыкмасын пайдаланып  суроо-жооп уюштуруу.
Төштүктүн  жайын сурасан…

  • Эламандын _______________
    ____________________ кенжеси
  • ______________пендеси
  • Найзакердин ыктуусу
  • Ал кездеги алптардын
  • Акыл тапкыч ______________

Аталган алптын сырттаны

Эламандын ______
Кыргыз эпосторун  көлөмүнө, андагы окуялардын камтылышына карап шарттуу түрдө экиге бөлөбүз.

Улуу  эпос
Кичүү  эпос

2-тапшырма

            Макалдарды толуктоо

Китеп – окуу булагы……

Акыл баштан,……..

Көп түкүрсө көл болот,……..
Санаасы жок уйкучу,……..

Акылдуу ишине ишенет,……..

Агасын көрүп ини өсөт,……..

“Эр Төштүк”  эпосу

Балдар сүрөттөр аркылуу Эламандын  байлыгы тууралуу айтышат.
Бул сандар аркылуу эпостон белгилеп айтып беришет.

16447   1937       90    XX

Сандар сүйлөйт

16559        9      200       3

Сабакты бышыктоо:
Окуучуларды класстер менен иштетүү.

Баатыр  Акылдуу

               Эр Төштүк

Күчтүү   Эр жүрөк  Тайманбас

Үйгө тапшырма: Дил баян жазып келүү
Билимдерин баалоо: Көрсөткүчтөрүнө жараша баалоо

 

“Эр Төштүк”  эпосуМамытканова Үмүт,

№3 Бейше Үрстөмбеков атындагы
 жалпы билим берүүчү мектеби-мекемесинин
кыргыз тили жана адабиятты  мугалими, Тогуз-Торо району

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер