ДОСТУК ҮЧҮН ТОСКООЛДУК ЖАНА ЧЕК ЖОК

  • 18.03.2022
  • 0
ДОСТУК  ҮЧҮН ТОСКООЛДУК  ЖАНА  ЧЕК  ЖОК

ДОСТУК  ҮЧҮН ТОСКООЛДУК  ЖАНА  ЧЕК  ЖОКДОСТУК  ҮЧҮН ТОСКООЛДУК  ЖАНА  ЧЕК  ЖОК

Нооруз майрамына карата, 2022-жылдын 18-мартында Бишкек шаарынын №2 жалпы билим берүүчү  орто мектебинде Нооруз  майрамына арналган кыргыз-корей фестивалы болуп өттү.

Кыргыз-корей достук фестивалын  ачуу аземинде мектептин директору Чынара Маразыкова фестивалдын ишине ийгилик каалоо менен чакырылган конокторду тааныштырды:

  • Ким Джэенг –  Бишкек шаарындагы Корей Республикасынын Окуу Борборунун директору.
  • Бекишева Чатыркуль Бердикуловна   – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин    социалдык саясат боюнча Комитетинин  бөлүм башчысы;
  • Исаева Бермет Керимовна – Ленин райондук администрациясынын башкы кызматкери.

ДОСТУК  ҮЧҮН ТОСКООЛДУК  ЖАНА  ЧЕК  ЖОК

2014-жылдын 7-апрелинде, Кыргызстанда  алгачкылардан болуп,  аталган мектепте  кыргыз-корей достук келишимине эки тараптуу кол коюлган. Жогорку кызматташтыктын жыйынтыгынын аркасында, 2014-жылы биздин бүтүрүүчүбүз Кожокулова Айчүрөк Орто Азия боюнча Корей Республикасынын Качхон университетине бюджеттик негизде окууга өткөн эң биринчи студент болду. Айчүрөк — биздин мектептин сыймыгы.

ДОСТУК  ҮЧҮН ТОСКООЛДУК  ЖАНА  ЧЕК  ЖОКАталган мектептин бир канча бүтүрүүчүсү окуусун Корей  Республикасында улантып, ийгиликтүү билим алып жатышат. Кийинчерээк, 2018-жылдын 17-октябрында Корей Республикасынын Кимхе Имхо жогорку мектеби менен Бишкек шаардык Ленин райондук №2 орто мектебинин ортосунда, мектептин директору Чынара Маразыкованын жетекчилиги астында өз ара кызматташуу келишими түзүлгөн.

 

ДОСТУК  ҮЧҮН ТОСКООЛДУК  ЖАНА  ЧЕК  ЖОК2019-жылы аталган мектептин окуучулары, атайын ыйгарым укуктуу                                           сапар менен Корей Республикасына барып, Корей Элинин салттуу маданияты, каада салты, билим берүү тармагынын жетишкендиктери жана улуттук спорт оюндары менен таанышып,  достук байланышты андан ары өнүктүрүп өстүрүү багытында иштөөгө дагы бир ирээт макулдашылган.

 

Нооруз  майрамына арналган Кыргыз-Корей достук фестивалы, эки элдин ортосундагы достук мамилени даңазалап, окуучулардын Корей тилинде сүйлөшүп, ырлар ырдалып, Корей элинин балдарга арналган жомогун сахналаштыруу менен корүүчүлөрдүн алкышына ээ болушту.

 

ДОСТУК  ҮЧҮН ТОСКООЛДУК  ЖАНА  ЧЕК  ЖОК

Биз баардык жер шаарынын элдерин жалпы биригүүгө, бир үй-бүлөдөй ынтымактуу болууга чакырабыз!!!

 

ДОСТУК  ҮЧҮН ТОСКООЛДУК  ЖАНА  ЧЕК  ЖОКНегизгиси биз биргебиз, жалпы достуктабыз,  жалпы ынтымактабыз!

Бөлүшүү

Комментарийлер