ЧОҢДУКТАР
- 17.03.2022
- 0
Рахманалиева Зулхумар
Жалал- Абад областындагы Сузак районуна караштуу
№96 Мыктарбек Төрөмаматов атындагы орто мектебинин
башталгыч класс мугалими
Тил менен предметти интеграциялап окутуу
4-класс, математика
Сабактын темасы: Чоңдуктар
Сабактын максаттары
Билим берүүчүлүк:
Жаныбарлардын аталыштарын билишет. Жаныбарларды өсүү тартибинде түзүүгө, салыштырууга, кошууга үйрөнүшөт.
Өнүктүрүүчүлүк:
Чоңдуктар менен болгон маселелерди чече билүү билгичтиктери өнүгөт.
Тарбия берүүчүлүк:
Тактыкка, бири- бирин сыйлоого, жаныбарларды сүйүүгө тарбияланышат.
Керектелүүчу каражаттар:
Жаныбарлардын сүрөттөрү, таблицалар,
таркатмалар, тараза, метр, проектор.
Сабактын методу: Интерактив методу
Иштин формасы: Жуптарда, топтордо иштөө
Сабакта колдонулган
стратегиялар: Түшүнүү, негиздөө стратегиялары.
Моделдештирүү стратегиясы.
Көндүмдөрдү өнүктүрүүчү прогресс стратегиясы.
- Мугалимдин ишмердүүлүгү
Үй тапшырмасын суроо
- Балдар силердин тобуңар кандай аталды? Балдар үйгө кандай тапшырма берилген? Өз тобуңардын аталышы боюнча эмнелерди айта аласыңар? Окуучунун ишмердүүлүгү Окуучулар жаныбарлар жөнүндө айта алышат. Тобун айтып беришет. “Тараза”, “Сызгыч” жөнүндө билгендерин айтып беришет.
Жаңы темага өбөлгө түзүү
Балдар, биз бүгүн зоопаркка саякат жасайбыз.
Окуучуларды сабактын максаты менен тааныштырат. Проектордон акыра, пил, аюу, жылкы, кой, коендордун сүрөттөрү слайд аркылуу көрсөтүлөт. Балдарга таблицаны экранда чагылдырып берүү. Таблицада жаныбарлардын болжолдуу салмагы жана боюнун узундугу жазылган.
Жаныбарлардын аталышы | бою | салмагы |
Акыра | 6м | 1т |
Кой | 1м | 40кг |
Аюу | 3м | 9ц |
Жылкы | 1м50см | 3ц |
Коен | 5дм | 4кг |
Пил | 3м50см | 5000кг |
Окуучулар сүрөттөгү жаныбарлар жөнүндө билгендерин талкуулашат.
1.Тапшырма:
Берилген чоңдуктарды майдалагыла.
Окуучулардын аткарган иштерин көзөмөлдөө.
Түшүнүү, негиздөө стратегияларын колдонуу.
2.Тапшырма:
Жаныбарлардын боюнун узундугун, салмагын өсүү тартибинде жайгаштыргыла.
“Сызгыч”тобу боюнун узундугун, “Тараза” тобу салмагы боюнча иштешет.
3.Тапшырма:
Жаныбарлардын боюнун узундугун жана салмагын салыштыргыла.
Акыра менен Аюунун,
Коён менен пилди,
Жылкы менен койду.
Физминутка:
Математик балдарбыз,
Эмгектен эч качпайбыз.
Ыкчам-ыкчам чыгарып,
Жоопторун тактайбыз.
Колдорумдун манжалары,
Жакшы жазып жатабы?
Жаңы өткөн мисалдарды,
Өздөштүрүп жазабыз!
- Тапшырма:
Берилген маселелерди туюнтма түзүп чыгаргыла.
“Тараза” тобуна тапшырма:
А) Аюунун салмагына 3 эсе жеңил жаныбарды тап.
Б) Кой коёнго караганда канча кг га оор?
“Сызгыч” тобуна тапшырма:
А) Аюнун боюнан 2 эсе узун жаныбарды тапкыла.
Б) Коендун бою койдун боюнан канча см ге кыска?
Окуучулар сүрөттөгү жаныбарлар жөнүндө билгендерин талкуулашат.
Балдар топтордо иштешет. ”Тараза” тобу жаныбарлардын салмактарын майдалашат.
1т=1000кг.
5т=5000кг
9ц= 900кг
3ц=300кг
40кг=40 000г
4кг=4000г
“Сызгыч тобу” жаныбарлардын боюнун узундугун майдалашат.
6м=600см
3м40см=340см
3м=300см
1м50см=150см
1м=100см
5дм=50см
Окуучулар жекече иштеп, таблицадагы бош орундарды толтурушат.
Окуучулар өз алдынча салыштырууну аткарышат.
Окуучулар жуптарда иштешет.
900:3=300
300кг бул жылкынын салмагы.
40-4=36
Кой коёндон 36 кг га оор
3*2=6
6 м — бул акыранын боюнун узундугу.
1м=100см, 100-50=50
Коён койдон 50см ге кыска
Окуучулар активдүүлүгүнө карап баа алышат. Бири-бирин баалашат.
Күндөлүктөрүнө тапшырмаларды жазып, мугалимге бааларын койдурушат.
Жыйынтыктоо:
Балдар бүгункү зоопаркка болгон саякатыбыз соңуна келип жетти. Сабакта активдүүлүгүңөрдү көрсөтө алдыңар. Көп нерселерди үйрөндүңөр деген үмүттөмүн.
Баалоо:
Окуучулар жекече жана топтордо бааланат. Ар бир берилген тапшырманын аягында топтор быйтыкчалар менен бааланат. Кайсы топ көп быйтыкчаларды топтосо, ошол топ жеңүүчү болуп эсептелет.
Үйгө тапшырма:
Жакшы көргөн жаныбарыңарга карата математикалык маселелерди түзүп келгиле. Үйдө бар жаныбарыңардын салмагын, боюнун узундугун ченеп таблица түзүп келгиле.
Комментарийлер