БОЗ ҮЙДӨГҮ ГЕОМЕТРИЯ

  • 22.05.2023
  • 0
БОЗ ҮЙДӨГҮ ГЕОМЕТРИЯ

Гүлжан Касмалиева,

Бишкек шаарындагы № 71 Тоголок Молдо атындагы

мектеп-интернатынын математика мугалими

                                                            Сабактын темасы: Боз үйдөгү геометриялык фигулалардын түрлөрү.БОЗ ҮЙДӨГҮ ГЕОМЕТРИЯ

Сабактын максаты:  

  1. Билим берүүчүлүк: Окуучуларга боз үй геометриялык фигуралардын жыйындысынан турарын, фигуралардын ордун, аткарган функциясы математикалык закон ченемдүүлүккө баш ийерин түшүндүрүү менен билгичтикке калыптандыруу.
  2. Өнүктүрүүчүлүк: Фигуралардын касиеттери боз үйдүн те салмагын сактаары жөнүндөгү ой жүгүртүүсүн математикагап болгон кызыгуусун арттыруу менен көндүмдөрү өнүгөт.
  3. Тарбия берүүчүлүк: Өз оюн кенен билдирүүгө талаш тартышты туура чечүүгө фигуралардын касиеттерине маани берип окууга, жоопкерчиликке тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Боз үйдүн модели, таблица, геометриялык фигуралар.

Сабактын жүрүшү:

1) Уюштуруу

Улуттук  сыймыгыбыз  болгон  боз  үйдүн  мааниси  жасалышы  жасалгасы  ыңгайлуулугу  жөнүндө  маалымат.

Башка  илимдер  сыяктуу  эле  математика  илими  да  ата-бабаларыбыздын

турмушунда  байыртадан  бери  эле  практика  жүзүндө  колдонулуп  келген. Алыс барбай эле  бүт  дүйнөгө  белгилүү  болгон  Манас  бабабыздын  ак өргөсүн  карап  көрөлү.  Кыргыз  элинин  турмушунда  боз  үй  көчүп   конууга  ыңгайлуулугу, жеңилдиги,  кураштырууга  ийкемдүүлүгү  менен баркталган. Боз  үй  ж өнөкөй  көрүнгөнү  менен  аны  жасоо  зор чеберчиликти  талап кылат. Ошондуктан  бул  ишти  колунан  көөрү  төгүлгөн  чеберлер  гана  аткара  алышат.

Боз  үйдүн ар бир элементи  математикалык  эрежелерди   так  сактоо менен  жасалып келген.

Демек, ата-бабаларыбыздын  тубаса  билими  ишмердиги, акыл-эси менен сыймыктана алабыз. Математикалык закон  ченемдүүлүк  менен  жасалган  боз  үйдө  бардык  геометриялык  фигуралар  жана  анын  касиеттери  кеңири  колдонулган.

М:кооздукту  жана  туруктуулукту  сактоо  үчүн  борбордук  жана  октук  симметриялар эске  алынат.

Кыймылдын  түрлөрү: окшоштук,  гомотетия көтөрүү  колдонулган. Боз үйдүн  ички  жасалгасы  оймо – чиймелери, боолору, жабык  башы,  шырдак  чиймелерине  түшүрүлгөн  сүрөттөр  симметриялуулукту  сактоо  менен  кыймылдын  касиеттерине  таянат.

Боз үйдүн  сырткы  көрүнүшүн  алсак цилиндр,  конус,  шардык  секторду  элестетет. Боз  үйдүн  түндүгүнөн  айлананы,  квадратты,  төрт  бурчтуктарды,  параллелдүүлүктү  жана  перпендикулярдуулукту  байкоого  болот. Керегени  жайганда  ромб  формасындагы  төрт  бурчтуктардын  пайда  болорун,  мындай  болбогон  учурда  кереге  жасалбай  тургандыгын,  ал  кереге  геометрияда  «цилиндр»  деген  фигураны  берерин  белгилей  кет¬үүгө  болот. Керегеден  түндүккө  чейинки  бөлүк  кесилген  конусту  элестетээрин,  ал  эми  боз  үйдүн  эшиги  тик  бурчтук  формасында  жасалат.  Боз  үйдүн  жасалышынан  бурчтун  түрлөрүн: тик  бурчту,  тар бурчту,  кең  бурчту, вертикалдуу,  жандаш  жана  башка  бурчтуктардын  түрлөрүн  табууга  болот. Ал  эми  анын  жабууларын  бирден  алып карасак,  туурдугу  тик  бурчтук, үзүгү  алкактык  сектор. Түндүк  жабуусу  квадрат,  эшик жабуусу  тик  бурчтук,  жогорку  жагы  үч  бурчтук, негизи  тегерек  жана  башка жалпак  фигуралар. Боз  үйлөр  керегенин  санына  жараша  4, 6, 8, же 12 канат болушат. Ууктарына  карата  80 баштуу, 100 баштуу ж.б. деп  аталат. Үйдүн  сырткы  жабдуулары  кыргыз  койдун  жүнүнөн  жасалган  ак  кийизден  бычылат.  Керегелерди  жабуу  үчүн  2  үзүк  жасалат.

Боз үйдүн  жасалгаласында  кездешүүчү  геометриялык  фигуралар:

  1. Тик бурчтук
  2. Ромб
  3. Квадрат
  4. Үч бурчтук
  5. Трапеция
  6. Айлана
  7. Жаа
  8. Тегерек
  9. Сектор
  10. Тегиздик
  11. Цилиндр
  12. Конус.

Көчмөн кыргыз элинин жашоо-турмушуна байланышкан маселелер:

Өткөн заманда бекерликтен зериккен эки байбиче биринин келинине чай куйдуруп коюп, өткөн-кеткенден кеп салып отурушкан экен.Жаш келин чай куюп жатып, кулагын түрсө, алардын бирөө минтип сүйлөп жатыптыр:

-Ай билесиңби? Тиги кара сакал бай жанагы аялын алганда андан үч эсе улуу болчу. Азыр болсо эки эсе улуу болуп калды.

-Эмне ботом! Башка аял алды беле?

— Жо-ок кокуй, ошол эле аялы.

Эгерде ушул сөз болуп жаткан убакта байдын үйлөнгөнүнө туп-туура  18 жыл болсо, анда алардын жашы канчада?

Чал кемпири экөө бир карын майды 10 күндө эле жеп коюшуптур. Эгерде чал өзү жалгыз болсо ушул майды 14 күндө түгөтмөк экен. Ал эми кемпири жалгыз өзү бир карын майды канча күндө жеп бүтөт?

Упай ойноп жатышып агасы инисинин чүкөлөрүн алууну ойлоп: «Сен мага эки басым чүкө ( үч чүкө бир басым болот) бер, менин чуколорум сеникинен эки эсе көп болуп калсын. Себеби мени агаңмын да» — дейт. Иниси да чыйрак неме көрүнөт, кайра агасына минтип айтат:

« Жо-ок байке, андан көрө сиз мага эки басым чүкө бериңиз. Ошондо экөөбүздүкү тең болуп калат». Агасы менен инисинин ар биринде канчадан чүкө болгон?

Математика сабактарында пайдаланууга мүмкүн болгон макал-лакаптар:

Айдаганы 5 эчки, ышкырыгы таш жарат.

Баатыр 1 өлөт, коркок миң өлөт.

Билими күчтүү 1000 ди жыгыт, билеги күчтүү 1 ди жыгат.

Бирдин иши-чөл, миңдин иши көл.

Жакшы атка 1 камчы, жаман атка миң камчы.

Жигитке 70 өнөр аздык кылат.

Жети өлчөп, бир кес.

100 сомуң болбосо да, 100 жолдошуң болсун.

Кыздын 40 чачы улуу.

 Кыңыр иш 40 жылдан кийин билинет.

Математикалык жомок:  « Үч жолоочу»

Илгери бир айылдан 3 адам жолго чыгышат. Алардын бири март, экинчиси орточто, ал эми үчүнчүсү  сараң адам болуптур.

Март адам жолго 3 токоч, орточо адам 2 токоч, ал эми сараң адам 1 токоч алыптыр. Жол жүрүп кете беришип чарчашат.  Бир убакта жолоочулардын бири мындай дейт: «Эртеден бери тынбай жүрүп чарчадык», тамактанып албайлыбы?. Туура айтасың дешип тамактанууга олтурушат. Дал тамактанаар маалда дагы бир жолоочу учурашып келип калат. Тигилер дасторкондон орун берип чогуу тамактанууга чакырышат. Тамактанып бүткөндөн кийин тигил жолоочу беркилерге ыраазычылык билдирип 6 динар акча берип, өз жолу менен кетет. 3 жолоочу 6 динар акчаны бөлүшмөкчү болушат. Март адам: «3 токоч алып келген 3 динар, 2 токоч алып келген 2 динар, 1 токоч алып келген 1 динар алсын» дейт. Жок эмнеге? Тең бөлүп алабыз деп сараң адам чыр салат. «Эмнеси болсо да мен 2 динар акча алат экенмин» деп орточо адам унчукпайт. Ошентип көпкө чейин талашып, жолоочулар 6 динар акчаны бөлүшө албай коюшат. Акыры акчаларын бөлүштүрүп берүүсүн өтүнүп казыга барышат. Болгон ишти башынан казыга түшүндүрүп айтышат. Ушул жерден окуучуларга суроо берилет: Кана балдар силер 3 жолоочунун 6 динар акчасын кантип бөлүштүрүп берет элеңер? Окуучулар ар бири өз ойлорун айтышат. Акыры 6 динар акчаны 3 жолоочуга тууралап бөлүштүрүп беребиз.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер