БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВДИН “БҮРКҮТТҮН ӨЛҮМҮ” ЧЫГАРМАСЫНА ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮ

  • 31.03.2021
  • 0
БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВДИН “БҮРКҮТТҮН ӨЛҮМҮ” ЧЫГАРМАСЫНА ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮ

БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВДИН “БҮРКҮТТҮН ӨЛҮМҮ” ЧЫГАРМАСЫНА ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮ

 

 

Арыкмолдоева Тахмина , Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районуна караштуу Табылгыты айылындагы №9 Э.Касымалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими 

Кыргыз адабияты,   9-класс

 

 

Сабактын максаты

Билим берүүчүлүк:

Окуучулар чыгарма боюнча толук маалымат алышат, каармандарга мүнөздөмө берип, аларга жараша чыгармадан мисал келтире алышат.

Өнүктүрүүчүлүк:

Сынчыл ойлоо жөндөмдүүлүгү артат, өзүнүн оюн ырааттуу, мазмундуу айтып бере алышат.

Тарбиялык:

Чакан топто бири-бирин сыйлоого, бири-биринин пикирин уга билүүгө үйрөнүшөт. Эненин балага болгон сезимин баалоого, энени урматтап, сыйлоого тарбияланышат.

Көрсөткүчтөр

Эгерде окуучу чыгарманын мазмунун терең түшүнүп, канаттуулардын образы аркылуу адамзатка мүнөздөмө бере алышса.

  1. Өз ойлорун эркин, ачык, так жана ырааттуу айтып бере алышса.
  2. Эгерде классташтар бири-бирин сыйлоону билишсе, эненин ыйыктыгын, кадырын баалай алышса.
  3. Сабактын усулу: баарлашуу, айтып берүү, көркөм окуу.

Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын формасы: топто, жупта биргелешип иштөө.

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, адеп, биология.

Сабактын жабдылышы: чыгарманын өзү, учкул сөздөр, Венндин диаграммасы,

Эки бөлүктүү күндөлүк стратегиясы, слайд, видеороликтер.

Сабактын жүрүшү:  Уюштуруу (класска жагымдуу жагдай түзүү)(3мин)

Мугалим окуучуларга кайрылып бир мисал келтирет: тегерек столдун айланасына отурган адамдар чоң столдун ортосунда турган мискейдеги тамакты узун кашыктарынын жардамы менен алып жеши керек эле. Кашыктар узун болгондугу үчүн столдун ортосундагы мискейге жетиш оңой болчу, бирок ошол узун кашыктагы тамакты оозго алып келип жеш кыйынга турган, себеби, конкурстун шарты боюнча кашыкты учунан кармаш керек эле, ошондуктан ыңгайсыз болчу жана тамактын азы гана оозго кирсе, көбү жерге төгүлүп жатты. Ойлонуп отуруп адамдар бир тыянакка келишет жана жыйынтыгында баары курсактарын тойгузат, стол да таза бойдон калат. Алар кантип ишке ашырышты?

Окуучулардын жообу: адамдар узун кашык менен алган тамакты өздөрүнүн оозуна эмес, тушунда отурган адамдарга беришти.

Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз жупта жана топто биргелешип активдүү иштөөгө аракет кылабыз.

  • Окуучулар эки топко бөлүнөт.
  • Топторго берилүүчү тапшырмалар:
  1. Үй тапшырмасын суроо (4мин)

“Сандар сүйлөйт” тапшырмасы аркылуу Байдылда Сарногоевдин өмүрү жана чыгармачылык жолу боюнча эске салып, кайталашат.

1-топ: 1928, 1932, 50, 1952                                    2-топ: 1986, 1991, 2000, 2004.

  • Жаңы темага өбөлгө түзүү (3 мин)

Мугалим: Балдар, силер үчүн эң ыйык адам ким?

Окуучулар: Эне

Мугалим: Энеңерди эмнеге салыштыра аласыңар?

Окуучулар: Албетте, айга, күнгө, гүлгө салыштыра алабыз.

Мугалим: Азаматсыңар!

Акын болуп, ыр жазып даңктай алсак,

Ардактасак, төр берип барктай алсак.

Адамбыз деп айтышка акыбыз бар,

Энелердин ак сүтүн актай алсак – деген ыр саптары менен сабагыбызды баштагым келип турат. Бүгүнкү өтө турган темабыз Байдылда Сарногоевдин “Бүркүттүн өлүмү” чыгармасы дал ушул жогорудагы жоопторубуздай эне менен баланын ортосундагы ыйык сезим жөнүндө болмокчу.

Чыгарманы мугалим көркөм окуп берет (4 мин)

“БҮРКҮТТҮН ӨЛҮМҮ”

 

Өзүңчө оокат кылгың — деп
Көп бактырбай энени,
Учуруп бүркүт уядан
Баласын күүлөп жөнөдү.
Окутуп жүрдү балага
Коркпогон кыраан болууну,
Абада кандай учууну,
Аскага кандай конууну.
Окутуп жүрдү балага
Көрсөтүп түрлүү жерлерди,
Түлкүнү кандай сермээрди,
Эликти кандай эңгенди.
Окутуп жүрдү балага
Көрөгөч, сактык жактарын,
Карышкыр, каман мүнөзүн,
Кайберен кайда жатканын.
Окуу да бүтүп окуткан
Зуулады кыраан көк жарып.
Этият болуп артынан
Энеси жүрдү көз салып.
Кекилик менен уларды
Таранчы менен бирдей деп,
Коёнго койду кол шилтеп
Тумшугум булгап журбөйм — деп.
Эмгектен колун бошотуп
Энесин салды жыргатып.
Кашкулак алды кашкайтып,
Түлкүнү алды туйлатып.
Талыды бутум көп басып,
Табам—деп — кайдан тамакты.
Капчыгай өрдөп бир күнү
Карышкыр кетип баратты.
Көргөндө кыраан турчубу,
Көп турбай көккө чыкты атып.
Айланып алып азыраак
Көзүндө өрт, бойдо күч ташып.
Салмоор таш болуп заматта
Сайылды төмөн куркурап.
Асманда жүрдү энеси
Жүрөгу жүз жол зыркырап.
Жемине кыраан жетти эми,
Чеңгелдеп оозун көктөдү.
Асманга алып чыгууга
Ал-күчү бирок жетпеди.
Кай бирде томолонушуп,
Кай бирде жулмаланышып.
Өчөшүп жатты экөө тең
Өлбөгөн жерде калышып.
Далайды көргөн карт бөрү
Далайдан митаам сак бөрү.
Бошонуп темир чеңгелден
Боёнуп канга качты эми.
Жаш кыраан жатты жаны жок
Акыркы демин бүтүрүп.
Көк жалдан карды эшилип,
Көк жалдан башы үзүлүп.
Ошондо байкуш энеси
От болуп жанды денеси.
Капталдай жүргөн көк жалды
Качырып кирди эми өзү.
Көз ачып, кайра жумгуча
Көтөрүп чыгып асманга.
Кайрадан таштап жиберди
Таманы таштуу как сайга.

Аза күтүп баласын
Асманда муңдуу шаңшыды.
Аза күтүп баласын
Асманда сырдуу калкыды.
Аздан соң төмөн бурулду
Акыркы үнү угулду.
Күүлөнүп келип аскага
Өзүнүн боюн бир урду.
Балам — деп күчүн сарп кылып,
Балам — деп өзүн ташка уруп,
Өлсө да эки көзүнөн
Балам деп жатты жаш чыгып.

  • Слайд көрсөтүлөт (5 мин) анда бүркүттүн аң улоого чыгууну үйрөнүү жана эненин мээримдүүлүгү боюнча сүрөттөр, видеороликтер көрсөтүлөт.

Чыгарманын жана көрсөтүлгөн слайддын негизинде тапшырмалар берилет.

2-тапшырма (5 мин)

1-топ: Венндин диаграммасын аткарышат.

БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВДИН “БҮРКҮТТҮН ӨЛҮМҮ” ЧЫГАРМАСЫНА ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮ

2-топ: “Эки бөлүктүү күндөлүк стратегиясын” иштешет.

ЦитатаКомментарий
Асманда жүрдү энеси
Жүрөгү жүз жол зыркырап.
Жаш кыраан жатты жаны жок
Акыркы демин бүтүрүп.
Балам — деп күчүн сарп кылып,
Балам — деп өзүн ташка уруп,

 

3-тапшырма (5 мин)

1-топ: “Эне” темасына арналган ыр саптарынан айтышат.

2-топ: “Эне” жөнүндөгү учкул кептерден мисал келтиришет.

4-тапшырма (5 мин)

1-топ жана 2-топтогу окуучулар эне жана бала мээриминен пантомима аркылуу кыскача сахналаштыруу көрсөтүшөт.

  • Сабакты бышыктоо (4 мин):

Чыгарманын негизги идеясы жана андагы көтөрүлгөн башкы маселе эмне болду? (Топтор ватманга өз ойлорун жазышат, комментарийлешет)

  • Үйгө тапшырма (1 мин):

“Менин энем” темасында эссе жазып келүү.

  • Сабакты жыйынтыктоо (3 мин)

Топтор упайларын эсептешет жана бири-бирине баа беришет, кетирген кемчиликтерин аныкташат.

  • Баалоо (3 мин):

Билимине, билгичтигине карап салыштырып, “4”, “5” деген баллдык система менен бааланат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер