“БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ”

  • 14.01.2022
  • 0
“БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ”

 

“БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ”

Адабий-тарыхый-музыкалуу эскерүү кечеси

Ч.Айтматов жана репрессия курмандыктарына арналган эскерүү кечесинин сценарийи

Алып баруучу:

Келечек үчүн өмүрлөрүн тартуулаган бабаларды эскерүү, тарыхка көз чаптыруу, алардын баа жеткис эрдиктерине таазим этүү- адамзаттын алдындагы улуу парзы. Мына ушул улуу парзды улай сиздер үчүн “Бабаларды эскерүү” аттуу тарыхый-музыкалуу, адабий кечебизди баштайбыз.

Саламатсыздарбы, урматтуу алыс-жакындан келген ата-энелер жана коноктор. Бул чакан программа аркылуу  Чынгыз, Касым, Төрөкул аттуу улуу инсандарыбыздын басып өткөн жолунан аз да болсо маалымат берип, сиздерге руханий азык тартуулайт деген үмүттөбүз.

Анда эмесе сиздер үчүн “Бабаларды эскерүү” кечесин баштайбыз.

Башталыш сөз:    Айтматов   “Совесть”

№ 1. Адеп-ахлак темасы же жан-дүйнө экологиясы

-Таята, эмне үчүн тиги айдоочу байке жети атасын билбейт?

— А сен, азаматсың! Билишиң керек.

-Таята, адамдар эмне үчүн бугуларды атышат. Алар бизге өмүр берген дебедиң беле?

— Ооба, балам. Адам баласынын ичинде ар кандайы боло берет. Сен бийик бол, балам.     (коңгуроо үнү)

 

  1. -Алтынай, сенин келечегиң алдыда! Сен көп ийгиликтерди багынтасың! Ал үчүн сен көп билим алышың керек. Ак жол сага, каралдым.

-Дүйшөн агай, сен бизге алгачкы ариптерди үйрөттүң. Ага кошуп, адамдык сапаттардын эң бийигин тааныттың! Биз сага ыраарыбыз, биринчи мугалимим. (поездин үнү)

 

  1. -Орган чоң ата, чын эле эми мен сизди көрбөй каламбы, мени таштап кетесизби? Бизге эми балык уулагандын сырын ким айтат?!

-Кириск, сен жашсың, балам. Сен жашашың керек. Биздин тукумду улоочу сен барсың. Мен сага ишенемин. Мен сен үчүн сенден кайра жаралам. (деңиздин толкуну)

 

  1. -Арсен Саманчин, сага эмне, сенин жашооң жыргал да. Шаарда, жеңил жумуш менен, көп тилде сүйлөп, кымбат машинада жүрөсүң, шапар тээп. Азыр мобу арабдарды барымтага алып, көп акчага алмашам. Мен деле жетиштүү, жыргал жашоодо жашаганга укугум бар. Жолумду тоспо, кач!

— Таштан Авган, бала кезде таптакыр башкача элең. Сен мындай адам урдоо өнөрүн кайдан өздөштүрүп жүрөсүң! Киши максатына, курал аркылуу башкалардын мүлкү менен жете албайт. Ойлон, Байлыкты жакшылыктан изде! Кайт оюңдан! Өлтүрбө! (бомбанын жарылган үнү)

 

  1. — Сен баарын, өз кызыкчылыгың, атак алыш үчүн жасадың! Мыкты койчу, партиянын адамы, жаш аялдын күйөөсү болгонуң менен, мен сенин кимдигиңди билемин! Базарбай сага жөн эле өлүп берчү киши эмес!

— Мен сени өлтүргөнү, же кайым айтышып урушканы келген жокмун. Жакшысы, бөлтүрүктү жайына кой!

— Ал менин олжом, Бостон, сенин ишиң болбосун!  (мылтыктын атылган үнү)

 

  1. -Казангаптын керээзин аткаралы, Кандай болсо да, жолдун кыйынчылыгына карабай Эне-Бейитке алып баралы! Сабитжан, камылгаңды көр!

-Сен да кызык эме экенсиң, Эдигей. Киши өлгөн соң, анын сөөгүн кайда койгондун кандай айырмасы бар. Мына бу жолдун четин казалы да, көмүп кайра кетели. Мамлекеттик жумуштар бар!

— Маңкурттун анык маңкурту Турбайсыңбы! (ракетанын үнү жаңырат)

 

  1. Координатор -Ата, айтыңызчы, мен кайсыл жеримден, кайсы сөзүмдөн жаңылып жатам. Элдерге, деги эле бүткүл адам баласына адамгерчиликтин улуу сапатын, азыркы цивилизацияга шайкеш келтирип, кантип жеткирем. Сиз да мени түшүнбөгөндөй түр көрсөтөсүз. Заман, коом, анын ичинде технология өнүгүүдө. А адамдар адамдыктын улуу бийик тепкичине кантип көтөрүлөбүз!? (классикалык үн)

 

№ 2.                                           МОНОЛОГ

Оо,  Адам баласы,   табияттын бир бөлүгү, жаратылыш аны жаратканын качан туят? Ар кандай алааматтан мен сенин кичинекей чүрпөңдү сактап калган “Бугу эне” жомогундагы айтылган ойду качан сезет? Табият бул-сен, сен бул -табият экениң качан аңдап билесиң? Силердин жеке кызыкчылыктын айынан жашоо балын тата элек, жаш наристенин өлүмүнө ким жооп берет? Оо, адам баласы, качан “Адам” болосуң? Качан?…

Оо, Адам баласы, ак менен караны, сүйүү менен жек көрүүнү моюнга алып, курулай көкүрөк  каккылап, жалган мактап, ашкере даңктаган, адамдыктын аруу адебине шай келбеген сапаттан качан арыласың? Силердин түккө турбас мыйзам айынан Гүлсарат менен Танабайдын талкан болгон тагдырына ким жооп берет? Оо, адам баласы, качан “Адам” болосуң?  качан?…

Оо, Адам баласы, адамдык асыл наркка туура келбеген ичкиликтен, жек көрүү менен карасанатай, көралбастыктан, кур намыстан канткенде кутуласың?! Силердин жеке кызыкчылыктын айынан Акбара менен Ташчайнар бөлтүрүктөрүн алдырып, муңу кудайга жетип, зар какшаган шоруна ким жооп берет? Оо, адам баласы, качан “Адам” болосуң?  качан?…

Оо, Адам баласы, жеке кызыкчылык бүткүл элдин кызыкчылыгынан, керек болсо башкалардын тагдыры менен эсептешпей, табиятты, Ааламды сатып ийчү чекке жеткен өзүмчүлдүктү  канткенде таштайсың?! Силердеги өзүмчүлдүк  айынан Жаабарс менен Арсен  Саманчиндин бөөдө өлүмүнө ким жооп берет? Оо, адам баласы, качан “Адам” болосуң?  качан?…

Оо, Адам баласы, адамдын адамдыгы анын тили, дили, теги анын кимдигин аныктаган улуу баалуулукту көрүнбөс шири каптагандай, аң сезимин уулаган чоң цивилизацияны  канткенде адамдык улуу нарк менен кабыл аласың?! Бул цивилизация “маңкуртизм” ооруусун алып келгендигин качан туясың? Дөнөбайдын ак кушу боздогон энедей сайрап жүрөт.  Оо, адам баласы, качан “Адам” болосуң?  качан?…

Оо, Адам баласы, эч аягы бүтпөгөн каймактаган жашооң менен алышып, бир келүүчү өмүрдө адамдык абийирди качан бийик тутасың?  Силердин жашоо үчүн күрөшкөн жолуңарда ак- караны ылгабай, кейпиңер адам- жан дүйнөңөр жырткычтан төмөн түшкөн абалыңарга көз салып, Кремлдин башында эртеден кечке сайраган мен Үкүмүн ? Оо, адам баласы, качан “Адам” болосуң? ” качан?…

Оо, Адам баласы, чындыкты көрө туруп, неге айтпайсың?! эмне үчүн адамдык абийир “мансап, бийликтин” астында чыркыраган чымындай тепселип кала берет. Мансап үчүн бүтүндөй жапжаш өмүр, үй-бүлө да түккө турбас сапатты кайдан таап алгансың?! Чындыктын чыркырап сынганын көрүп, Мен Эдигейдин Каранары күркүрөп күйүп турган чагым.  Силердин мансап үчүн абийирдиктен кечкен репрессия огуна учкан Абуталип, Төрөкул, Касым дагы да ушу сыяктуу эр азаматтардын тагдырына ким жооп берет? Оо, адам баласы, качан “Адам” болосуң?  качан?…

 

№ 3.                Чынгыз менен Мухтар шахановдун диалогу:

Ш: -Чыке, сиз мени туулуп өскөн айылыңыз -Шекерге ала бардыңыз. Манас-Ата конушу кең Талас аймагынын четиндеги Шекер айылы табияты келишкен кыргыздын бир ажайып кооз жеринде экен.

Ч.-Ооба, тууган жер, Ата Мекен ар адамдын тагдырын курайт. Тек андан бардык алганыңды көңүлдүн элегинен өткөзүп, бал жыйнаган аарылардай жүрөгүңө  туя билүү парз.

Ш.-Чыке, адеп баштаган аңгемебиздин учугун улайлы. Шекер айылындагы орто мектепке  атаңыз Төрөкул Айтматовдун  ысымы берилиптир. Мектептин алдында ал кишинин зор айкели бой тирейт. Атаңыз “Эл душманы ” деп камалганга чейин Кыргыз мамлекетинин  көрүнүктүү саясий ишмерлеринин  биринен экен. ..

Ч.-ал кезди  көрүү түгүл  угуунун өзү оңой эмес эле. Атабыз Москвада кызыл профессура институтунда окуп жүргөнүндө, апам Нагима  Хамза кызы экөө төрт балалуу болуп калышкан. Балдарынын эң туну -өзүм тогуз жаштамын. Бүткүл Советтер Союзу коогалаңдын кучагында. Ошол кездеги “Правда” гезитине “Буржуазиячыл улутчулдар” “Кыргызстан борбордук комитетинин былык саясаты” деген эки  макаланын жарыяланышы  каргаша болду. Республиканын жетекчилери биринин артынан бири кара тизмеге илине баштады. Алардын катарында атамдын да тизмеси жүрдү. Башына коогалаңдуу коркунучтун кара булуту үйрүлө баштаганда  атам: “Балдарды алып айылга кете бер. Мени кармап кетсе, “эл душманынын аялы” деп, сени да соттоп, ал турмак жер котортушу мүмкүн. Кароосуз калган балдарыбызды чырылдатып жетимдер үйүнө өткөрүп, фамилияларын да өзгөртүп жиберет чыгар. Фрунзеге эмес, Шекерге баргыла. Туган жер, агайын-туугандын арасысилерди ач-жылаңач калтыра  коюшпас. Аман болсом кат жазып кабарлашамын”, — деп апам Нагиманы Казань вокзалынан поездге отургузат. Өзү кетип бара жаткан поездин артынан, бир топко дейре кол булгалап жүгүрүптүр. Эң кымбаттууларын -төрт туягы менен асыл жарын акыркы ирет көрүп, соңку ирет узатып турганын , балким ага кудай сездиргендир.

Атамдын Москвадан шашып жазган акыркы каты сакталуу. Окуудан чыгарылып, мына-мына кармап кетет деп, убайым жеп, алдастап турганын ар сөзүнөн сезип туясың. Апам Нагимага көзүнүн карегиндей төрт баласын  кайра-кайра аманат кылып, табыштапөзүнүн ак экенин , бардык күч -кубатын жаш Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө арнаганын зар какшап жазган.

Көп кечикпей декабрда Москвадан кармап, поезд менен Фрунзеге алып келип, түрмөгө камап, тергөөгө алат.

“Эл душманынын үй-бүлөсү” аталып, агаларым Алымкул, Өзүбек, Рыскулбек да камалып кетишти. Ошондон ары дайынсыз жок болушту.

Ш: Ал кездеги окуяларды угуп олтуруп деги “эл душманы” чыкпаган  айыл жок экен го деп таң каласың. Арийне, кээ бирөөлөрдү  адамдын күлкүсу келген жалаа менен камакка алып, же атып, же болбосо баланча жылды мойнуна тагып, түрмөгө камай беришиптир.

Ч. Бир   күнү Рычкулбектен кат келди. Апам үнүн чыгарып окуду. Ал катында ар бирибизге жеке-жеке токтолуп, ден соолугубузду сураптыр. Асыресе агасы Төрөеулдун тагдырына көбүрөөк кабатырланганын билдирет да өз жагдайын баяндайт. “Бизди Манчурия чек арасына  жакын жердеги  жол курулушуна алып келип салды, -деп жазыптыр ал-күн суук, кийим жука”. Эки бөйрөгүмө тең суук тийгизип алдым. Жумуш тартиби өтө катаал. Ар адамга норма белгилейт. Нормасын аткара албагандарга тамак жок. Оор жүк көтөрө баштасам болду, эки бөйрөгүм какшай баштайт. Ушундайымдан тамактан куру калып, өлүү эмес, же тирүү эмес абалда жүрөм. Силердин жагдайыңар да белгилүү го. Чиедей бала-чака. Эгер шартыңар болсо, бир пуд, же болбосо жарты пуд талкан салып жиберсеңер өмүрүмдү дагы 5-6 айга узартар элем”.

Муну уккан соң, Карагыз апам баштап, баарыбыз кошулуп ыйладык. Рыскулбектин башына түшкөн кыйынчылык баарыбызды ыйлатты.  Муну угар замат апам менен Карагыз  апам ары-бери буудай куурушуп, аны түнү бою жаргылчакка тартып, талкан камдашты. Таң кылая бергенде апам баштыкка салынган талканды райондун борборундагы  почтага жөө-жаландап көтөрүп кетти…

Агайын-туугандарынын бул аманатын Рыскулбектин алган албаганы белгисиз. Кайра кат келбеди. Балким талкан жетпеген чыгаар. Ошентип ага да топурак чочун жерден буйруду.

Ш. Э.Хемунгуэй: “Чоң жазуучу болуш үчүн талант, билим менен кошо бактысыз балалык  керек”, -деген экен. ..

Ч. Айылда “эл душманы” деп камалып кеткен атамдын аты көп эшитилбей турган. Апам менен Карагыз апам гана биздин балалык назик көңүлүбүзгө  атабыз тууралуу чындыкты , жылуу сезимдерге бөлөп, атамдын сүрөттөрүн, төш белгилерин чыгарып көрсөтүп  кое турган. Карагыз апабыз окубаган болсо да сөзгө чечен, ары акылман эле. Өмүр бою атамды пайгамбарындай жакшы көрүп өттү.  1964-жылы оор кеселден көз жумганы жатып:

-Төртөөңө тең ыраазымын. Аттиң, атаңар жаш кетти. Ошончо чоң кызмат аткарбай, айылдын бир карапайым гана адамы болуп жүрсө аман калар беле ай,- деп ыйлап-сыктаган.

Ш. 1938-жылы ызгаарлуу кеч күзүндө, азыркы Бишкек шаарынын тоолуу бетиндеги Чоң-Ташта эски кыш заводуна өтө эле көп атылган адамдың өлүктөрүн түнкүсүн чүмбөттөлгөн  машинага салып келип, жигин билдирбей көмүп ташташат. Муну ошол жерде күзөтчу болуп иштеген Абыкан Кыдыралиев деген аксакал капыстан көрүп калат. Бүбүра деген сиз менен куракташ кызына аманат катары айтып кеткен экен. Заман оңолсо, журтка айтаарсың. Азырынча оозуңдан чыгарба” деп катуу эскертет. Кыргызстан эгемен алгандан кийин, окуяны билдирип, Коопсуздук комитетине кат жазат. Комитеттин бөлүм башчысы болуп иштеген жаш жигит Болот Абдырахманов кээ бирөөлөрдүн каршылыгына карабай, аталган жерди казууну уюштурганда 137 адамдын сөөгү чыгат. Алиги сөөзтөрдүн арасынан сиздин атаңыз -Төрөкул Айтматовду атууга өкүм кылган соттун кагазы да табылат. Аны менен бирге К.Тыныстанов, Ж.Абдрахманов, Б.Исакеев ж.б. сөөктөрү табылган.

Касиеттүү ыйык жер сиздин демилгеңизден улам “Ата-Бейит” аталып, жазыксыз “эл душманы” атына конгонмаркумдардын сөогүн аруулап коюлуп, 25-ноябрь күнү мындан ары Президенттин атайы жарлыгы менен “Жазыксыз куугун-сүргүнгө айдалгандарды эскерүү күнү” болуп жарыяланды.

Ч.53 жылдан соң 137 адамдын сөөгүнүн арасынан атамды атууга өкүм  чыгарылган кагаздын табылганы көңүлүмдү уйгу-туйгу кылып жиберди. Адамдын сөөгү түгүл темирди күкүм кылып майдалаган жерден жарым кылымдан ашуун убакыт бою  атамдын төш чөнтөгүндөгү үч барак кагаздын чирибей жатышы не деген керемет, Мухтаржан? Кудай бар экен. Акыйкаттык, кеч болсо да, салтанат курду. Бирок көп жылдар бою биз башыбыздан откөргөн уйкусуз түндөрдү, кор болуп ыза көргөнүбүздү , ошол кездеги кыянатчылыкка каршы тураар бир дагы арка-жөлөк таба албай, өзүңдү өзүң ичтен жеген бушаймандыкты Теңирим адам түгүл , айбанга да бербесин.

 

№ 4                                Чынгыздын кайрылуусу:

Аларды эске алуу кандай каниет, жан дүйнөң кеңейип, санааңда күн чубагы ойногондой таасир аласың. Деги кимдин болсо да өз доорунан, өз замандаштарынан бийик турган үлгүлүү касиетин айтуу дүйнөлүк маданий казынага кошула турган үлүштүн бир түрү.

Биринчиден, бул эскерүү өзүбүз үчүн парыз десек, экинчиден ошол маркумдардын көөнөрбөс руху алдындагы инилик, перзенттик милдетибиз, алардын убакыттын жамгыры чайып, күнгө тозулган касиеттүү көрүстөндөрүнө салган бир ууч топурагыбыз болор.

Жакшыбы, жаманбы, калппы, чынбы ар бир элдин өзүнө гана таандык тарыхы болот. Ошондуктан анын жакшысын көтөрө чаап, жаманын жашыруу же түрдүү косметикалык боеп-түзөөдөн, жамап-жаскоодон өткөрүү – адамзаттын коому алдындагы кечиримсиз күнөө. Анткени, ар бир муун өз түпкү тарыхын өзгө элдердин  өсүп- өнүккөн, басаңдаган учурларын же ага эбепке-себепчи болгон эчендеген окуяларды салыштыра келип, эртеңкисине багыт алат.

№ 6.   Репрессия курмандыктары

№ 7. Ишеналы Арабаев Бактияр агай

Мен, Ишеналы Арабай уулу.  Ала-Тоодогу агартуу ишинин алга жылышына бекем ишенем.

“Атаганат, өз тилибизде балдар окурлук китеп бастырып чыгарсакчы”- деп жүргөн эңсөөгө жеттик.  “Алиппе”,  “Сабатсыздыкты жоюу куралы” караңгыда темселеп турганда, колго карматкан чырак болсун!

Жусуп Абдрахманов  Дильшат

Коркпогула, туугандар! Башыңарды бийик көтөргүлө! Араңардан бирөөлөр шыбырап койсо эле, “эл душманы” аталып калбайсыңар!  Мен, Жусуп Абдрахманов! Мага жалган жалаа жапса да, эл үчүн, мекен үчүн эмгектенүүгө даярмын. Чек араны аныктап, автономиялуу областтан, республиканын түптөлүшүнө салымымды кошууну  аябайм!

Кусейин Карасаев

Ойлой, ойлой баш катты,

Ой үстүндө ой басты.

Ооздон чыккан сөзүмдүн,

Ар биринен кыйкым таап,

Ой шумдук, ай,

Жанымды далай какшатты.

Сөздүгүмдөн ката таап, “Улутчул” – деп,

Карасай Кусейиндин чачын агартты.

Зияш Бектенов Бекболсун агай

“Токто, мезгил!” Репрессиянын чарыгын токтот! Касыкем биротоло акталып, мына жакында чыгып барам деп мага телеграмма келди. “Манас” эпосуна,  эне тилибизге эмгек кылабыз деп ишенем.  Зияш Бектеновдун канаты кайрылбайт! Ата журтка, элге ар дайым жүзүм жарык!

Иманалы Айдарбеков  Талгат агай

Мени, Иманалы Айдарбековду атып салсаңар мейли. Бирок мындай жалган жалаага эч качан кол коюп бербейм.  Менин ишимди улантуучу жолдошторум ушулар. Менин керт башымдан, үй-бүлөмдүн амандыгы эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турат.

Баялы Исакеев  Жайкар агай

Мен, Баялы Исакеев, адабиятка, маданиятка, өнөр жайга салым кошуп, ак жерден куугунтукталдым. Силер да чынчыл, адилет болгула, силерден тилерим ушул!  Ак ийилет, бирок сынбайт! Ак эмгегиңердин акыбети бир күнү, бир жылдары кайтарына үмүт кылам!

                                                        Доктор менен Касым

Диктор: 1930-жыл. Касым катуу ооруп, Фрунзе ооруканасынан Ташкентке которулат.

Доктор: Сен кандай түшүнбөгөн немесиң! Канча айтам мен сага! Сага иштегенге болбойт, болбойт. Болбойт дегенде болбойт! Сен эс алышың керек. Ишиңди таштап, эс алууга чыккын да толук кандуу уктагын. Даарыларыңды убагында ичкин.

Касым: Доктор, сиз да мени түшүнсөңүзчү! Элге азыр көп нерсе керек. Мен кантип эс алам. Сабатсыз элимди ар тараптан өнүктүрүү, билим берүү, маданият тараптан агартуу кандай эмгекти талап кылаарын жакшы билесиз да. Бул учурда мен кантип эс алып жатам.

Доктор: Касым, сен мындай темпте иштей берсең, ден соолугуңдан бүтүндөй айрыласың. Ансызда нерв системаларың жабыркаган. Сага тыныгуу керек.

Касым: Ооба, убакыт келет. Мен эс алар учур али алдыда. Келечек жаш муундар толук сабаттуу болуп, ар бир атуул ар кандай кесипти аркалап кетсе, биз жаштарга, болгондо да билимдүү кадрларга кош колдоп ишти өткөрүп беребиз. Азырынча кадр маселеси бүтүндөй өлкө боюнча жетишсиз. Убакыттан уттуруп коебуз. Иштөө керек, жалаң иштеш керек болуп атпайбы, кырдаалдын өзү!

Доктор: Жанатан бери менин сага айткан сөздөрүм текке кеттиби?! Сага ар бир жарандын билими, маданияты канчалык маанилүү болсо, мага ар бир жарандын ден соолугу да ошондой маанилүү, түшүнүп жатасыңбы? Токтот! Түн боюу иштегениңди, сенин ордуңда ар бир киши төрт сааттык уйку менен өзүн кыйнап, тыкыр иштесе, баары ооруп калмак.

Касым: Макул, доктор. Уйкунун саатын бир аз көбөйтөйлүк. Бирок мага иштегенге уруксат кагаз жазып берсеңиз. Мен иштебей кое албайм. Жумуштун көптүгүн ойлосом, кээ күнү уйку да келбей, уйкум да качат.

Доктор: Ии, ошентип жүрө бер. Акыры жүрөгүң чарчап, токтогондо эс аласыңбы? Ыя.

Касым: Койсоңуз, антпеңиз, доктор. (кулүп). Мени кечириңиз. Бирок иштешке уруксат эле берип койсоңуз, сизден ушуну өтүнөм.

Доктор: Мен сага эскерттим, ар жагын өзүң билесиң. Ден соолук керекпи же жумушпу, өзүң чеч. Айтсам көшөрүп, теги көнбөдүң. Макул, бар, иште. (жазымыш болот кагазга)

Касым: Рахмат, доктор, раазымын. (баш ийип коштошот)                           5мин.

Диктор: Касымдын эмгектерин санап өтөт.  презентация                           5 мин.

 

№ 7. Белгисиз интелект:

-Ымм, таак. Мен муну жөн кое албаайм. Кандай кылсам экен. Кантип тындым кылам. Эмне үчүн бардык жерде анын аты аталат. “Касым-биринчи адабиятчы”, “Касым-биринчи котормочу”, “Касым биринчи драматург. Анын “Академия кечеси” аттуу тарыхый, документалдуу  драммасы үч күндөн бери коюлуп бүтпөйт. ”Касым-биринчи алиппе жазды”, “Касым-биринчи профессор”, “Касым-биринчи филолог”, “Касым -кыргыз тил илимин түптөөчү”, ал тургай геометрия, биология, география терминдерин, илимий, окуу китептерин которуучу, журналист, саясатчы, университеттерде лектор катары лекция окуучу, газета-журналдардын редактору, ал тургай фольклор жыйноочу, башкасын коюп Манасты айт демекчи, Манас изилдөөчү, уюштуруу тобунун жетекчиси… ымм, шашпа. Эмнеге сен мынча иштин баарын бүтүрөсүң, эмнеге баарына жетишесиң. А менчи… мен киммин? Мен да сенчилеп атагым алыска чыгышын каалайм. Сен өзүңдү жердин кудайы сезип алгансың го сыягы. Шашпааа, сени мына мен өзүм жайлайм. Кантип тындым кылсам экеннн. Таак, азыр жолун табам. Ааа таптым! (сүйүнөт).Сталиндин буйругу бар эмес беле, Троцкийчилер, Алашчылар, Туранчылар, улутчулдар ха-ха-ха таптыыымм. Сен бул тузактан кутула албайсың. Тоголок катты жазып ВКП (бнын) почтасына салып койсом эле иш өзү майдай, мен күткөндөй аяктайт. Жолун таптымбыы ха-ха-ха

 

№ 8. Килтейген аскер кийимчен желдет, жүдөгөн Касымды алдына салып, колуна кишен байлап айдап тергөөчүгө алып жөнөйт.

-Түз! Солго!

Тергөөчү Касымга тамеки сунуп:

Тартасыңбы?

К:- рахмат, мен  тартпайм.

Тергөөчү отургучка чалкалап:

-анда ишти баштайлы. Мен сени тергөөчүмүн. Чындыкты анан кыска жооп бер. Бул экөөбүзгө пайдалуу. Аты -жөнүң?

К:-Сиз атымды абдан жакшы билесиз го.(ачуулу)

Т:- Атың! Фамилияң!? (кыйкырат)

К:-Касым Тыныстанов (өчөшүп)

Т:-Сен кантип Кыргыз автономиялуу областынын  Эл Агартуу комиссары кызматына келип калгансың? Ыя?

К:-Мен өзүм эмес, партиянын жолдомосу менен

Т: -“Партия” деген сөздү оозуңа алба! Иттин гана баласы. (кыйкырат) Сенин бул кызматка келип калышың бекеринен эмес. Сен Троцкийдин адамысың, ошонун жардамы менен келгенсиң.

Т: -Евгений Поливановду качантан бери билесиң? (акырын)

К: — Лингвист -окумуштуу катары сыртынан көптөн бери, өзүн отуз экинчи жылдан бери билем.

Т: — Анын Ташкенттен Фрунзеге келип, жашап, иштеп калышына түздөн-түз  сен түрткү болуп, сенин чакырууң боюнча келгени чынбы?

К: -Чын.

Т: -Баялы Исакеев, Поливанов, Белоцкий менен шаар четинде эмне тууралуу сүйлөштүңөр эле?

К: — “Манас” жөнүндө, кыргыз совет адабияты жөнүндө…

Т:-“Социал-туран” партиясы, контрреволюциялык топтор тууралуу сөз болду беле?

К: -болгон эмес…

Т:-Жалган!

К:-Чын!

Т:- Мына далил! Буга эмне эмне дей аласың! Ыя? Кыргызбай Кокуйбаевдин сенин кылмыштарың ачкан далил каты. Мына! Мына!

Куйругуна тапанча илген босогодогу жигитке тергөөчү көзү менен ишарат берип койду эле, желдет колундая таяк менен Касымдын эки бутуна чапты. Касым какшаган бутун онтоп, ушалап отуруп калды.

Т: -Тур ордуңан!

Касым ордунан турду.

Т: -бу башталышы гана… Эгер күнөөңдү мойнуңа албасаң, эң алды бутуңду, анан башыңды чагам, уктуңбу?!

Касым унчукпады. Адамдык кейиптен кеткен тергөөчүнү карап таңданып, туруп калды.

Т:-Уктуңбу деп атам!

Уктум дегендей Касым баш ийкеди.

Т:- Япондук тыңчы Поливанов менен тилиң бир

К:-Поливанов, бүткүл дүйнөлүк деңгээлдеги улуу окумуштуу ал!

Т:-Токтот, жетишет! Бизди кызыктырганы сенин антиреволюциялык иштериң! Өзүңдүн адабиятың аркылуу ал идеяңды бергенсиң!“Чоңдор үчүн алиппени” сен жаздыңбы?

К: -Ооба, элибиздин өтө көбү сабатсыз, Алардын көздөрү ачылышы үчүн жазганмын.

Т:-Сен кимге кызмат кыласың? Поливанов экөөң, япондоргобу?

К:-Мен өз элиме кызмат кылам.

Т:-Ха-ха-ха элгеби? Элиң мына кызыл аянтта Троцкийдин күчүгү болгон сенин өлүмүңдү тилеп, митинг кылып жатышат. Түшүндүңбү?

К:-Түшүндүм.

Т:-Эгер түшүнсөң, айт! “Чоңдор үчүн алиппең” аркылуу өз идеяларың жайылткансың, чынбы?

К: -Чын. Китепте кандай айтылса, ошонун баары чындык. Анткени, алар чындыкты билишпейт. Бул жаман доорлор өткөн соң, келечек муундар чындыкты актап чыгышат.                                                                                      7 мин.

 

№ 9.                                  Касым камакта отуруп ойлонот:

Ала-Тоо мен сага барам, мени күткүн. Мен албетте сөзсүз сага барам. Бул апаат күндөрүм тезирээк аяктаса экен. Сабырдын да чеги бар эмеспи, сабырым кетип баратат. Күн өткөн сайын Ден соолуктан айрылып баратам. Сабырымды сынабачы тагдыр.

Ай мончоктой балдарымды, ак жоолугун кыйгач салган жарымды, ак калпакчан атакемди, ак элечекчен энекемди сагындым. Ала-Тоо

Мен акмын, айткын аларга менин актыгымды! Мен элим үчүн жашадым, элим үчун иштедим!

Уйкусуз аткан таңымды, сыясы тамган кагазды сага арнагам Ала-Тоо. Мен сенин уулуңмун.

Кошкун, аскасы көк тиреген Ала-Тоо.

 

№ 10.                                        Сахнага “Академия кечеси” аттуу тарыхый документалдуу драмасынын каармандары чыгат

Манас:

Кыргыз кыргыз болгону,

Кыргыз атка конгону.

Манастап ураан чакырып,

Манастан алган чоң рухту.

Манассыз кыргыз

Кыргыз Манассыз болмокпу?

-Ой, кайран Касым ай! Манасты кыргыз маданиятында эң алгач сахнага коем деп, кайран жаныңды дили заардын жемине курман кылдыңбы. Сенин ошондо “Академия кечеси” аттуу тарыхый документалдуу  драма жазып, анын сап башына Манасты койгон элең. Тилекке каршы бул драмаңдын түпкү варианты келечек урпактарга жетпей калганы мени абдан өкүндүрөт. Сен гана кыргызымдын ошол кездеги руху бийик, патриоттук демиң менен мени сахналаштырган элең, мен деп курмандыкка чабылдың, кайран Касым…

Шабдан баатыр:

Замана кандай кары, кандай керең,
Закымдап учкан сайын түбү терең.

-Ой, кайран Касым ай! Элимдин эртеңин, келечегин даана көрө билген, мыкты жоокер, кыраан чаясатчы, көсөм лидер Шабдан баатырдын элибиздин тарыхындагы опол тоодой эмгегин, берешен айкөлдүгүн, даңкы дүйнөнүн көп жагына таанылган эрдиктерин Сен гана кыргызымдын ошол кездеги руху бийик, патриоттук демиң менен мени сахналаштырган элең, мен деп курмандыкка чабылдың, кайран Касым…

Токтогул ырчы:

Айланган тоонун бүркүтү
Ак жерден торго чалындым.
Комузду күүгө келтирген
Колума кишен салындым.

-Ой, кайран Касым ай! Токтогул абаңдын комузда кол ойнотуп күүлөнткөн, булбулдай төгүп ырдаган, элимдин ошол кездеги маданиятына, руханий азык берген, адилетсиздикке, акыйкатсыз манаб бийлеринин иштери не кайдыгер карап тура албай, эле деп, элимди сатып кете албаган мендеги аруу тилегимди Сен гана кыргызымдын ошол кездеги руху бийик, патриоттук демиң менен мени сахналаштырган элең, мен деп курмандыкка чабылдың, кайран Касым…

Хор: -Кайран Касым, чиркин Касым, арман Касым…

№ 3. “Эскерүү, таазим” бийи (күйгөн шамдар менен аткарылат).

Жыйынтык сөз:

Эл-жер үчүн жанын берген, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн күйүп-бышкан ата-бабаларга баш ийип, терең таазим менен чексиз ыраазычылыгыбыз билдиребиз. Биз да силер баштаган көчтү улай, өлкөбүздүн мындан да гүлдөп өсүшүнө салым кошобуз деп убада беребиз. Тарых да биз сыяктуу, бизди эскеришинен үмүт этебиз…

 

Сценарийин түзгөн: Маматиллаева Чынара

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер