Бабалар баскан бараан жол
- 22.10.2024
- 0
Сабактын максаты:
- Окуучулар сабакта ата-бабаларыбыздын өткөн күндөрүнүн кыйындыгын, мекенди коргоого кеткен күч-аракетин, оор тагдырын билишет.
- Чыгаан инсандардын иштеринен өрнөк алуу менен бирге мекенге болгон сезимдерин өнүктүрүшөт.
- Азыркы жашоо менен кыйын кезектеги жашоону салыштыруу менен баалуулукка үйрөнүшөт.
- Тамак-аштын, кийимдин, буюмдун, бардык нерселерди баалоого, ысырапчылыктан алыстоого тарбияланышат.
Сабактын тиби: жаңы теманы түшүндүрүү.
Сабактын жабдылышы: ноутбук, проектор, плакат, буклет, сүрөттөр ж.б.
Сабактын жүрүшү
Уюштуруу. Жоктоо. Жагымдуу маанай. Мээге чабуул.
Алиппе китебин ким түзгөн? (жообу: И. Арабаев)
Үй тапшырмасын текшерүү: суроолор берилип, талкуу жүрөт.
Суроолорго изденүүчүлүк, тапкычтык аракеттери менен туура, так жооп беришет.
Жаңы тема:
2017-жылы Кыргыз Республикасында биринчи жолу 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленген. Тийиштүү жарлыкка ал учурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул күнү өлкө боюнча көп улуттуу кыргыз элинин жашоо-турмушундагы маанилүү тарыхый окуяларына, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этебиз. Улуу Кыргыз каганаты калыптанган жана гүлдөп өнүккөн мезгил, карахандар доорундагы кыргыздын жашоо-турмушу, жунгар жапырыгы жана Кокон хандыгынын баскынчылыгы учурунда элдин башынан өткөн кыйынчылыктары, ошондой эле Россия эли менен жөнөкөй эмес, бирок үзүрлүү жана кыргыз мамлекетинин кайра жаралышына алып келген биргелешкен тарыхы да бар.
Эгемендүү кыргыз өлкөсүнүн акыркы 33 жылдагы драматизмге жана тагдыр чечүүчү окуяларга жык толгон соңку жаңы тарыхын изилдөө да абдан маанилүү. 7-ноябрда Улуу Октябрь социалисттик революциясына 100 жыл толот. 1917-жылы Россияда болгон окуялардын, февраль, андан соң октябрь революцияларынын мааниси, алардын дүйнөлүк тарыхка, анын ичинде кыргыз өлкөсүнүн тарыхына тийгизген таасири баа жеткис. Кыргыз эли ата-бабаларыбыздын жана бүгүнкү бакубат турмушту негиздеген, элибиздин атын жана байыркы тилибизди кылымдар бою сактап келген, эгемендүү Кыргыз Республикасын түзүүгө жана бекемдөөгө жол ачкандардын жаркын элесин ыйык тутат. Президент Алмазбек Атамбаев «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол койгону өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка, адепке жана жогорку инсандык сапаттарга ээ болушуна, таалим-тарбия берүүдө өзгөчө мааниге ээ. Себеби жаштар бабалар басып өткөн тарыхты эскерүү менен катар эгемендүүлүк кыргыз элине кандай баа менен жеткенин туюшат. Кыргызстан 1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына, Ата-Бейитте Үркүндүн курмандыктарына эстелик тургузулган. 2017-жылы Улуу октябрь социалисттик революциясына 100 жыл толду жана саясий репрессиянын курмандыктарына 80 жыл болду. Өлкө башчынын 26-октябрда чыккан жарлыгына ылайык бул тарыхтагы маанилүү күндөр «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» бириктирилди.
Муну менен катар ушул күндөрү кыргыз элинин эгемендүүлүгүнө, мамлекеттин түптөлүшүнө, сакталып калышына чыйыр салган, салым кошкон ата-бабаларыбызды эскеребиз. Бул Енисей кыргыздарынын жол башчысы Барсбек кагандан баштап, Апрель элдик революциясынын баатырларына чейинкилер.
Көпчүлүк тарыхчылардын пикиринде, Кыргызстандан 40 миңге чукул киши 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.
Кыргызстан эгемендик алган жылдардан кийин 1938-жылы «улутчул, эл душманы» деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жер табылган. Сөөктөр кайра жерге берилип, ал жер «Ата-Бейит» деп аталды.
Табылган сөөктөрдүн арасында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов да болгон. «Ата-Бейит» деген атты жазуучу сунуштаган экен. «Ата-Бейит» КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү.
«Далай жылдан кийин атам ооруп калган учурунда эски окуяны эстеп, мага атайын ошону керээз кылды эле. Дүйнө салып кетерине көзү жеткен экен. «Кызым баягы сасык жыт, түнкү жарыкта шоола чыккан дөбөдө кыргыздын каймактары жатат. Убагы келип, жакшы заман болсо ошону айт кызым. Тууган-уругу зыркырап жүргөндүр» деди эле атам», –деп эскерет Бүбүйра апа.
Ал жерди казганда 30-40 см жетпей биринчи баш сөөк табылган. Эң ынанымдуу далил — казган учурда табылган «Атууга чыккан соттун өкүмү тууралуу» билдирме болду.
1937-жылы 31-июлда СССР тарыхындагы эң үрөй учурган документке кол коюлган. Ал документ НКВДнын № 00447 жашыруун оперативдүү буйругу эле. Теориялык жактан алганда массалык террорго Сталиндин тезиси негиз болуп берген десе болот. Ал 1928-жылы 9-июлда БКнын (Борбордук комитет) пленумунда «социализмге алып бара турган таптык күрөш солгундаган жок, кайра күчөп жатат» деп айткан.
1934-жылы 4-декабрда ленинграддык партуюмдун жетекчилеринин бири Сергей Кировдун өлүмүнөн үч күндөн кийин (иликтөөчүлөрдүн айтымында аны Сталин өзү уюштурган) СССР БАКтын (Борбордук аткаруу комитети) президиумунун токтому чыккан. Токтомдо мамлекеттик кылмыш боюнча айыпталгандардын ишин тездетилген тартип менен кароо, кечирим берүү жана даттанууну кабыл албоо, соттун чечиминен кийин өлүм жазасына кесилгендердин өкүмү тез арада аткаруу каралган.
Практикалык иш: Кыргыздын чыгаан инсандарынын өмүр-баяны чагылдырылган кыскача видеоролик коюлат.
Бышыктоо:
Тарыхчылардын айтымында, белгилене турган эскерүү күндөрү 100 жыл мурда кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон даталар. Дагы бир маанилүү жери окуялардын тарбиялык жагы. Себеби дүйнө жүзүндө мамлекеттүүлүккө ээ боло албай жүргөн мамлекеттер бар. Ошондуктан эгемендүүлүктү ыйык сактап, тарыхты, бул күндөрдү эскерүү менен эгемендик кыргыз элине кандай баа менен жеткенин туюп-билүү керек.
Үйгө тапшырма: “Бабалар баскан бараан жол” деген темада реферат жазуу.
Нуриза Юсупова,
Ишеналы Арабаев атындагы №102 жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими
Комментарийлер