АСМАНГА САЯКАТ

  • 16.04.2021
  • 0
АСМАНГА САЯКАТ

Ысык-Кѳл облусу,    Балыкчы шаары

№7 «Келечек» бала бакчасы

Тарбиячы:   Шапалаева Рахат

АСМАНГА САЯКАТ

 Сабактын темасы: Асманга саякат                                

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк:Тарбия берүүчүлүк:
Космос мейкиндиги жана космонавттар жөнүндө билишет, алар жөнүндө айта алышат.Жаратылыш жана анын кубулуштарын адам жашоосуна пайда алып келээрин түшүнүшөт.

Сабактын тиби: аралаш сабак – саякат

Сабактын жабдылышы: космос мейкиндигин камтыган слайд, космонавттардын, планеталардын сүрөттөрү, космос кораблинин макети,

Сабактын жүрүшү: Келгиле, балдар, биз бири бирибизге жагымдуу маанай түзүп алалы!

Мындан эмне жөнүндө, кандай темада сөз козгойбуз?

Туура: бүгүнкү биздин тема: “Асманга саякат» (тема ачылат). Кана, айткылачы, түнкү жымыңдаган жылдыздар, күндүз нурун чачып, мээримин төккөн күн силерге кандайдыр бир кызыгууну жаратабы?

Эмне үчүн жылдыздар учушат?

Жылдыздар учпайт, алар кометалар деп аталат.

Азаматсыңар, балдарым! Эми космос жана космонавттар жөнүндө эмнелерди билесиңер? (болжолдуу жооптор)

Космос мейкиндиги – бул Жер шары жана сегиз планета, же болбосо Күн системасы.

Космос – бул абасыз мейкиндик.

Ал жактан биздин Жер тоголок болуп көрүнөт.

12-апрель – адам баласы биринчи жолу космоско учкан күн.

Космоско биринчи жолу учкан учкуч – Юрий Гагарин, ал “Восток” корабли менен учкан.

Аялдардан биринчи космонавт ВалентинаТерешкова болгон.

Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов ж.б.

Жакшы. Анда биз ошол космос мейкиндигине саякат жасайбыз.

Келгиле, балдар, биз дагы сыйкырдуу асманга саякат жасайлы! Асманда эмнелер бар?

Биз сѳздѳрду окуп кѳрөлүчү:

Ай. Күн. Жылдыз. Булут

Космостон  космонавттар эмнелерди көргөнүн   белгилейли.

Космоско эмне менен учат?

Ракета .Туура, биз ракета деген сѳзду жазышыбыз  керек  экен  эми, балдар!

Колуңарды  партага  коюп,  көзду  жумуп, менин ар бир айткан сөзүмдү элестетип отургула, ар бир сөзүмдү көз алдыңарга алып келгиле. Биз “Арал — 2021” аттуу космостук кораблиндебиз. Учууга даярданып жатабыз. Баарыңар курларды байланып камдангыла. “Учууга уруксат сурайбыз”. “Уруксат берилди”. 5,4,3,2,1 учтук, биз учтук… Карагылачы, биздин планетабыз көгүш шар болуп көрүнүп турат. Керемет, ажайып кооздук. Жерди айланып учуп жүрөбүз… мынакей биз кончу чекит да көрүнө баштады. Конууга уруксат сурайбыз! Ойгонгула! (балдар көзүн жумуп турган мезгилде, сүйлөгөнчө, көгүш асман, жылдыздар, Ай, Күн, планеталардын макетин коюп коём).

Эмнени сездиңер, кандай сезимдер болду? (окуучулардын жоопторун угам)

Мен өз салмагымды жоготуп койдум.

Жер шарыбыз кичинекей болуп көрүндү.

Абасыз мейкиндик сезилди.

Учуу башталганда менде коркуу сезими пайда болду.

Мен өзүмдү космонавт сездим. ж.б

“Уруксатпы, учууга даярмын, уруксат бериңиз!”, Биздин көз алдыбыздагы табыйгый көрүнүштөрдүн ичинен эң эле чоңу – жылдыздуу асман. Бирок биз көрүп турган нерсе – Галлактика, жылдыздарынын кичинекей эле бөлүгү. Адамзат ушундай жылдыздардын биринин айланасында айланып жаткан кичинекей планета – Жерде жашайт.

-Балдар, биз космостон келген тапшырмаларды аткарышыбыз керек, келгиле эң биринчи тапшырмадагы бул сөздү окуп көрөлү:

-Күн

-Азаматсыңар, демек биз күнгө жакындап калыптырбыз.

-Ким эмнени сезип жатат?

-Ысык. Биз күндүн жанына бара алабызбы? Жок. Эң ысык, эң чоң жылдыз — бул күн, ал жерден бизге кичинекей болуп көрүнөт экен.

-Балдар,  күндү башка планеталар айланып жүрүшөт.

-Канча планета бар? Келгиле, санап көрөлү!

-9

-Азаматсыңар!

-Эми ар бир планетанын аттарын билип алалы.

1-планета  — бул кайсы экен окуп билип алалычы:

-меркурий

-Азаматсыңар! Меркурий күнгѳ жакын жайгашкан планета, аябай ысык, ал планетада суу, аба жок.

2- Венера  — бул планета, балдар,  аябай жаркырап тургандыктан “эң кооз планета” деп аталган.Кѳмүр газы кѳп болгондуктан, ал жакта жашоо жок.

3-планета  — бул Жер. Космостон Жер шары кѳк түстө кѳрүнѳт экен. Жер күндѳн алыс эмес, күнгѳ жакын эмес. Бул жерде температура аябай ысык, муздак болбойт. Суу, аба бар.

4-планета  — Марс. Марста төрт мезгил болот экен, жерге окшош.

Кызгылт, сары-кызыл түстѳ экен.

5-планета — Юпитер  — чоң планета, жерден 11 эсе чоң.

6-планета — Сатурн — кооз планета,  ал айлана менен курчалган. Ал жакта суу тоңуп, муз каптаган.

7-планета – Уран. Бул планета айлана менен курчалган.Урандын башка планеталардан ѳзгѳчѳлүгү —  жалпак болуп айланганында.

8-планета – Нептун. Ал кѳк тустѳ жана ал жакта газ бар. Бул жер суук, 40 жыл кыш болот экен.

9-планета – Плутон. Бул планета күндөн аябай алыс, муздак жана кичинекей планета. Ал күндү 250 жылда айланып чыгат экен.

Биз планеталарды билдик. Балдар,  биз кайсы планетада жашайт экенбиз? Жер. Келгиле анда, Жер планетасына жөнөйлү. Балдар, карагылачы, Жер планетасына жакын  планета бар го? Ким билет, бул кайсы планета?

Ай – жерге жакын жайгашкан планета. Айда тоолор көп.

Балдар, келгиле анда бир аз денебизди эс алдырып көнүгүүлөрдү жасап алалы!

Балдар, биздин ракетага метеориттер жакындап калды, андыктан биз

2-тапшырманы аткарышыбыз керек экен.

Бизге эсеп берилиптир:

4+3=6,7,5

7-2=4,5,1

5+5=8,9,10

2+5=6,9.7

6+4=10,11,12

5-1=2,4,3

-Азаматсыңар, эми жерге конолу!  Жерге конуш үчүн дагы бир тапшырма аткарышыбыз керек .

Биз, ааламда эмнелерди кѳргөнүбүз жөнүндө сүрөт тартышыбыз керек.

-Балдар,  бүгүнкү сабак силерге жактыбы?

-Биз эмнелерди билдик? Канча планета бар экен?

-Эң биринчи жолу космоско ким учкан?

Ю.Гагарин

Жыйынтыктоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер