ЖАПАЙЫ ЖАНЫБАРЛАР

  • 29.01.2023
  • 0
ЖАПАЙЫ ЖАНЫБАРЛАР

Майрамкан Анарбай кызы,

 Ош шаарындагы № 7 Н.Нариманов атындагы мектеп -гимназиясын

 кыргыз тили жана адабияты мугалими

Предмети: Кыргыз тили

Классы:      1- класс.

Сабактын темасы: Жапайы жаныбарлар

Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү

Сабактын ыкмасы, формасы: Интерактивдүү, топтор менен иштөө

Сабактын компетенттүүлүгү: Өз ойлорун эркин айтууга көнүгүшөт

Күтүлүүчү натыйжа: Сөз корун байыта алышат

Сабактын максаты: Жаңы теманы түшүндүрүү

Сабактын жабдылышы: китеп,сүрөттөр,таркатмалар, интерактивтүү доска, коён ж.б.

Предмет аралык байланыш: биология, сүрөт.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: (окуучуларды жоктоо, муз жаргыч. ж.б.)

Мугалимдин сөзү:

— Саат жебеси чык-чык этип

Секундар мүнөттөрдү ээрчип,

Мүнөттөр сааттарды кубалап

Күндөр түндөргө алмашып

Ушинтип 2023-жыл да кирип келди. Силерге жаңы жылда бактылуу балалык, чың ден

соолук каалап сабагыбызды баштайбыз.

Үй тапшырмасын суроо:

(жандуу коёнду алып чыгат)

-Балдар бул эмне?

-Коён! Коён!

-Азаматсыңар, быйылкы жылыбыз коён жылы. Ал кайсы жерде жашайт?

-Токойдо!

-Демек, коён үйдө жашабайт турбайбы. Үйдө жашаган жаныбарларды эмне деп атайбыз?

-Үй жаныбарлары.

-Анда токойдо жашаган жаныбарды эмне деп атайбыз? Дагы токойдо жашаган

жаныбарлардан кайсыларды билесиңер?

-Карышкыр, аюу, жолборс, түлкү, кирпи ж.б.

-Азаматсыңар, акылдууларым! Силер кызыгасыңарбы жапайы жанбарлар жөнүндө

билгенге? Алар эмне кылышат? Эмне жешет? Өңү- түсү кандай?

Жаңы сабак: — Анда, биз бүгүн “Жапайы жаныбарлар” деген теманы өтөбүз!

-Балдар, доскадагы жапайы жаныбарларды көрүп турасыңар. Алардын аттарынын бирден

тамгалары токойдо адашып кеткен. Келгиле аларды таап, оордуна коюп, таанышып

алалы. Андан соң иш дептериңердеги жаныбардын сүрөттөрүн түстөрдү туура таап

боёйбуз.

Окуучунун ишмердүүлүгү: Жаныбардын аттарын толукташат. Сүрөттөрдү боёшот.

Физминутка: коён деген ырды интерактивдүү доскадан коюп, ырдап, бийлейбиз.

Сабакты бышыктоо: Силерди мен, ата – энелериңер эмне деп эркелетишет? – Козум!

Жөжөм! Кичинекейим! Акылдуум! Сулуум! Ж.б.

-Эң сонун! Силер сыяктуу эле жаныбарлардын ата-энелери да балдарын эркелетет. Мен,

азыр айтам, силер эстеп калгыла!

Коён айтат баласын бөжөгүм деп,

Коркуп калсам жанымда жөлөгүм деп.

Түлкү болсо атайт баласын бачигим деп,

Айла таапкын, амалдуу бол бөбөгүм деп.

Бөлтүрүк дейт карышкыр өз баласын,

Аюу атайт баласын мамалагым.

Чөндөлөйүм деп атайт суур дагы

Бугу болсо эркелетет чаарчыгын!

Рефлексия:

Окуучулардан жапайы жаныбарлардын аттарын, балдарынын аталышын сурайм!

Үй тапшырмасы:

Үйдөн жакшы көргөн жаныбарыңардын сурөтүн тартып келгиле!

Баалоо:

Сабактын жүрүшүндө жакшы жооп берген, активдүү катышкан, тартиби жакшы

окуучуларга быйтыкчалар берилет. Акырында аларды санап, жыйынтыктайбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер