ТАБЛИЦАНЫ ТОЛТУРУУ
- 10.05.2022
- 0
Айнура Сейдалиева,
Ноокат районунун Нойгут мектебинин
башталгыч классынын мугалими
Математика сабагы
Классы: 1-класс
Бөлүм: Тик бурчтуу таблица
Сабактын темасы: Таблицаны толтуруу
Окуучулар:
— таблицаны толтуруу менен берилген мисал, маселелерди чыгарууну билет, математикалык жазуу иштерин так, таза менен жаза алат;
— башка адамдар менен өз-ара аркеттешүүгө, мамиле кылууга көнүгүшөт;
— өзүнүн иш-аракеттерин, өз алдынча чече билүүгө калыптанышат.
Сабактын максаты:
1.Окуучулар таблица толтуруу менен мисал, маселелерди чыгаруунун жолдорун билет. Маселени түшүнүп чыгарууга, жана туура жазууга уйрөнөт .
2.Окуучулар берилген тапшырмаларда карама- каршы пикир жаратууда өз алдынча ой жүгүртүү менен далилдөөнү үйрөнүшөт.
3.Математикалык потенциялдуулугу өсүп өнүгөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөзтүрүү
Сабактын ыкмасы: Түшүндүрүү жана негиздөө
Колдонуучу материалдар: Окуу китептери, дептер, калем сап, карандаш жана чийүүгө керектүү буюмдар.
1-этап: Шыктандыруу
- Класска жагымдуу маанай тартуулоо:
— Кана, балдар чогуу ырдайлычы!
Математика илимин,
Жашыбыздан сүйөлү.
Сабактарды калтырбай,
Көкүрөккө туйөлү.
Ар дайым асманыбыз ачык,
Билимибиз терең болсун!
- — Бүгүнкү сабагыбыздын алтын эрежесин биргеликте түзөбүз.
- Баалоо критерийи менен тааныштыруу.
— Берилген ар бир тапшырманы топто иштей алсаңар
Бааланасыңар:
- Үй тапшырманы толук аткарып келген болсоңор.
- Топторго берилген тапшырмаларды туура аткара алсаңар.
- Карама-каршы пикир жарата алган топко.
- Ыкчам текшерүүдө берилген тапшырмаларды аткара алсаңар.
- Топторго бөлүү
Окуучуларды доскага бир катар коюп, ким кайсы түстү жактырса, ошол түстү алгыла деп жашыл, сары, көк, кызыл түстөр аркылуу топторго бөлүнүшөт.
2-этап: Үй тапшырмасын текшерүү:
Окуучулар ырастоо таблицасын толтурушат.
Суроолор | Ооба | Жок |
3-этап: Жаңы тема боюнча маалымат:
Сабактын темасы жана максыты менен тааныштырам.
- Балдар гүлдөрүбүздүн бажырайып ачылышын кааласаңар, берилген тапшырманы аткаралы.
Берилген тапшырманы ооз эки аткарышат:
8+1=9 3+4=7 7+3=10
Окуучулардын түшүнүүсүн калыптандыруу,
тапшырманы чыгаруу.
- Балдар берилген тапшырманы ар бир топ иштейсиңер.
Таблицаны толтургула:
2 | 8 | 5 | 10 | ||
4 | 3 | 4 | 6 | ||
10 | 9 | 8 | 10 |
4-этап: Талкуу
- Кана балдар, таблицаны кайсы амалдын негизинде толтурдуңар?
Карама-каршы пикир жаратуу :
- Башка класстын бир окуучусу 6 >4 8 <7 кичине деп салыштырды. Силер ал окуучунун оюна кошуласыңарбы? Кошулбасаңар кандай болушу мүмкүн?
Практика:
1-топтун тапшырмасы: салыштыр
2+3 1+3
4+3 3+2
5+4 6+3
2-топ: — балдар, силер таблицаны толтуруу аркылуу кошуу амалын аткарасыңар:
К | 5 | 6 | 7 | 9 | 8 |
К | 4 | 4 | 5 | 0 | 3 |
С |
3-топ: муундары 3 см, 4 см жана 3 см болгон сынык сызык сызып, узундугун эсептегиле.
5-этап Жыйынтыктоо:
Ыкчам текшерүү: 0, 1, 2, 3, 4, 5, туура жазуу пайда болгондой кылып чакмактарга ушул сандарды кой:
5 + = 9 3 + = 4 7 + = 7 9 + = 11 8 + = 11 5 + = 10
|
Баалоо:
Сабакка активдүү катышкан окуучулар бааланат, бири-бирине көмөкчү болушат.
Комментарийлер