1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ – ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ИДЕНТТҮҮЛҮК 10-11 КЛ

  • 25.08.2022
  • 0

10-11-класстар үчүн класстык саат

Максаттары:

Билим берүүчүлүк:

 «Иденттүүлүк», «Кыргыз жараны» түшүнүктөрүнө аныктама берет;

— Кыргыз жараны жалпы жарандык иденттүүлүк принциптерин түшүндүрүшөт; Өнүктүрүүчүлүк:

— жарандык иденттүүлүк принциптерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен байланыштырат;

Тарбия берүүчүлүк:

— Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктары жана милдеттери жөнүндө билимди кыргыз жараны түшүнүгүнө ылайык колдонушат.

Керектүү ресурстар: такта, сүрөттөр: Кыргыз Республикасынын желеги, герби, ватман, фломастер.

1-тапшырма. «Өзүңдү тааныштыр”. «Мен» кластерин түзгүлө. Эки-экиден болуп талкуулагыла.

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ – ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ИДЕНТТҮҮЛҮК 10-11 КЛ

Жалпы талкуу:

  • Канча инсандыгыңыз бар?
  • Кандай инсандыктар өзгөрүшү мүмкүн?
  • Коомдун көп түрдүүлүгү менен инсандын көп түрдүүлүгү кандай байланышта?

Мугалим 1-тапшырманы жыйынтыктайт. Ар бир адамдын:

  • көп инсандыктары бар;
  • өзүнүн гендердик иденттүүлүгүн билет;
  • этникалык коомчулук менен байланышты сезет (өз улутун түшүнөт);
  • динге ишенүү, өзүнүн динин же атеист болууну тандайт;
  • инсандыгын өзгөртөт.

2-тапшырма. Балдар, келгиле, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы менен таанышалы. (1-тиркеме)

Документти окуп, менталдык картаны түзгүлө: максат, принциптер, багыттар. Концепциянын принциптерин мисалдар менен түшүндүргүлө.

3-тапшырма. 5 топто иштөө. Кырдаалдарды (кейстерди) талкуулагыла.

1-кырдаал. Башкаларга сабырсыз мамиле кылуу

Коомдо “башкага” – түрдүү диний жана этникалык топторго, майыптарга карата чыдамсыздык өкүм сүрүүдө.

  • Көп түрдүүлүгүн сыйлабоо коомдун биримдигине кандай таасир этет?
  • Башка этностук топторго (улуттарга), динге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата сабырсыздыкты кантип жеңе алабыз?

2-кырдаал.  Жарандык укуктары жана милдеттери

Коомдо адамдар өз укуктарын билип, талап кылышат, бирок мамлекет алдындагы милдеттерин аткарбаган кырдаал түзүлүп жатат.

  • Кыргызстандын жарандарынын милдеттери кандай?
  • Адамдардын өз укуктарын коргоп, жарандык милдеттерин аткарышы үчүн алардын жоопкерчилигин кантип жогорулатуу керек?

3-кырдаал. Биргеликте жашоо

  • Жалпы жарандык маданият эмнени камтышы керек деп ойлойсунар?
  • Жарандардын ортосундагы мамиле кандай болушу керек?
  • Жалпы жарандык маданият Кыргыз жарандык өзгөчөлүгүн калыптандырууга кандай салым кошо алат?

 4-кырдаал. Кыргызстанда көп адамдар мамлекеттик тилди билбейт.

  • Мамлекеттик тилди билүү Кыргыз жараны жалпы жарандык иденттүүлүгүнүн калыптанышына жана коомдун биримдигине кандай таасирин тийгизет?
  • Мамлекеттик тилди үйрөнүүнүн абалын кантип оңдоого болот?

5-кырдаал. Билим берүү мекемелери: мектептер, лицейлер, ЖОЖдор жана алардын имараттары, спорттук аянтчалар, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн ылайыкташтырылган эмес.

Буга байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар көбүнчө мектепке барбай, жумуш таба албай, коомдон обочолонуп калышат.

  • Бул учурларда мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын кандай укуктары бузулат?
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга биз менен коомго аралашууга жана жашоого кантип жардам бере алабыз?

Кайтарым байланыш:

  1. Бүгүн сабакта эмнени билдим?
  2. Мен үчүн эмне кызык болду?
  3. Кыргызстанда жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу үчүн мен эмне кыла алам?

1-тиркеме

2021-2026-ЖЫЛДАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ДЕП ЖАРАНДАРДЫН ӨЗҮН ТААНУУСУН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КОНЦЕПЦИЯСЫ

Кыргыз жараны – бул этностук, диний, социалдык жана региондук таандыктыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктары жана милдеттери бар Кыргыз Республикасынын жараны. Кыргыз жараны өлкөнүн аталышы болгон – “Кыргыз Республикасы” аталышынан келип чыгат жана өздөрүнүн этномаданий бирдейлигин сактоо менен бардык этностук жамааттарды бириктирген жалпы жарандык бирдейликтин термини болуп саналат.

КОНЦЕПЦИЯНЫН ПРИНЦИПТЕРИ, МАКСАТЫ, НЕГИЗГИ АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖАЛАР

Концепциянын негизги принциптери:

  • Кыргыз Республикасынын бардык бекитилген конституциялык ченемдерин жана мыйзамдарын сактоого багыт алуу;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын этностук, диний, социалдык жана аймактык таандыктыгына карабастан, тең укуктуулугун кепилдөө менен басмырлоого жол бербөө;
  • ыктыярдуулук, көп түрдүүлүктү урматтоо жана таануу, жарандардын укуктары менен милдеттеринин, ар түрдүү көз караштагы ар кандай топтордун ортосундагы тең салмактуулукту камсыздоо;
  • Кыргыз жаранын жана мамлекетти өнүктүрүүгө кызыкдар болгон бардык тараптардын өз ара аракеттенүүсү жана өнөктөштүгү.

Концепциянын максаты: Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү.

Концепциянын артыкчылыктуу багыттары:

  1. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу.
  2. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо.
  3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.
  4. Башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышууга бирдей шарттарды түзүү.
  5. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу.

1-багыт. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу

Кыргыз жараны – бирдейлигин аң-сезимдүү түрдө түшүнүүгө жетишүү жарандардын реалдуу тең укуктуулугун камсыздоону, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү жана өлкөнүн калкынын укуктук жана саясий маданиятынын деңгээлин жогорулатуу аркылуу алардын конституциялык укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууну талап кылат.

2-багыт. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо.

Улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги бардык уюмдардын ишмердүүлүгү коомдун биригүүсүнө көмөктөшүүгө багытталышы керек, мында ар түрдүү региондук жана этностук жамааттардын, диний конфессиялардын ж.б. кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу жана Кыргыз жаранынын жалпы жарандык кызыкчылыктарын калыптандыруу зарыл.

3-багыт. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана илгерилетүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү ушул Концепцияны жүзөгө ашыруунун маанилүү шарты болуп эсептелет. Ошондой эле көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү маанилүү. Көп тилдүүлүктү өнүктүрүү Кыргызстанда жашаган ар бир этностун эне тилин сактоосу жана өнүктүрүүсү менен байланышкан.

4-багыт. Башкарууга жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуу үчүн бирдей шарттарды түзүү.

Өлкөдө мамлекеттик бийлик органдарынын алдында түзүлгөн коомдук кеңештер, кызыкдар топтордун катышуусунда өткөрүлүп келе жаткан коомдук угуулар жана консультациялар, курултайлар жана жарандык форумдар сыяктуу мамлекеттик саясатты түзүүгө жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине жарандардын катышуусун камсыздоочу түрдүү механизмдер түзүлгөн.

5-багыт. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу.

Ушул максатта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу системасын иштеп чыгуу жана аны башкаруунун бардык деңгээлдеринде киргизүү зарыл. Натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун негизин жарандарды укуктук коргоону камсыз кылган жана мыйзамдуулукту жана адам укуктарын сактаган адилеттүү сот системасы жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү түзөт.

Класстык саатты даярдаган:

Алишева А.Р, тарых илмидеринин кандидаты,

Иманкулов М.К., педагогика илимдеринин кандидаты, КББА

Орусбаева Д.Н., КББА

 

Бөлүшүү

Комментарийлер