ЖЫЙЫНДА ЖАКШЫ СУРОО БЕРҮҮНҮ ҮЙРӨНҮҢҮЗ

  • 15.11.2021
  • 0

Конференцияга катышканда, сиз жаңы изилдөөлөрдү угасыз. Башка изилдөөчүлөр менен таанышасыз. Ошондой эле башкалар менен талкууга, дебатка катышуудан пайда көрөсүз. Дүйнө жүзүндө бир тармак боюнча изилдөөчүлөр бир жерге дайым эле чогула бербейт. Ошондуктан алар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн толугураак пайдаланышыңыз керек.

Талкуунун эң сонун жолдорунун бири — баяндаманын аягында болуучу суроо-жооп сессиясына катышуу. Адатта баяндамадан кийин угуучулардын суроолоруна убакыт бөлүнөт. Бирок ошол учурда берилген бардык эле суроолор жакшы боло бербейт. Эгер сиз баарлашуунун пайдалуу жана жагымдуу болушун кааласаңыз, мыкты суроо бергенге аракет кылыңыз.

Сурооңуз болсо, бериңиз

Биринчиден, сиз суроо берүүгө аракет кылышыңыз керек, айрыкча жыйында башка эч ким унчукпай отурган болсо. Топ жара биринчи суроо берүүдөн кысынган, тартынган кишилер болот. Андыктан сурооңуз болсо, аны берүүдөн тартынбаңыз. Көбүнчө бир адам суроо бергенден кийин талкуу жанданып, иш жакшы жүрүп кетет. Эгер башкалар кысынып турганда суроону биринчи берүүгө аракет кылсаңыз, баяндамачы ыраазы болот.

Жөн эле пикир айтпастан, суроо да бериңиз

Көптөгөн илимпоздордо, айрыкча улуу курактагы академиктерде бир адат бар: сессиянын аягында көпкө сүйлөйт. Конференцияда токтобой, узак пикир айтып, бирок эч суроо бербеген адамды көрүп жүрөбүз. Мунун жалпы ишке пайдасы жок. Андай узун пикир кийинчерээк жазуу жүзүндө же жеке сүйлөшүүдө берилгени жакшыраак болот.

Сөздү узарта бербей, анык жана орчундуу суроо берүүгө аракет кылыңыз. Эгер жөн эле бир идеяны тактап алгыңыз келсе, конкреттүү суроо бериңиз, ал баяндамачыга да пайдалуу болот. Ойду кыска, нуска айтканга аракет кылыңыз. Суроолорду кыска жана максатка ылайык бериш керек. Өзүңүздү тааныштыруунун, жеке ой-пикириңизди кеңири айтуунун зарылдыгы жок экенин эске алыңыз.

Суроону кызыктуу өңүттөн бериңиз, бирок урушпаңыз

Спикердин сөзүнө каршы чыкканга акыңыз бар, анын ой-пикири же аргументтери боюнча талаша аласыз. Бирок ашыкча тартышып, урушпаганга аракет кылыңыз. Катуу каршылык көрсөтүп, бирөөнүн айтканына терс мамилеңизди сездиргенден көрө, мунаса кылып, өз ара түшүнүшүүгө умтулган оң. Суроо берип, пикир айтканда сыпайы сүйлөңүз. Баяндамадагы кайсы бир ойду эмне үчүн туура эмес деп эсептегениңизди далилдешке урунбай эле бирөөнүн башкача ойлонуу укугун сыйлап коюуга аракет кылыңыз.

Сын менен катар, пикирлерди да сураңыз

Көп адамдар суроо сөзсүз түрдө дайыма сынчыл болушу керек эместигин кээде унутуп коюшат. Эгер спикер мыкты баяндама жасаса, сиз аны менен дагы жолугушууну самасаңыз, келечектеги изилдөө пландары жөнүндө, ошондой эле өзүңүздүн темаңыз боюнча пикирин сурасаңыз болот. Баяндамачынын пикирине кызыкканыңыз абдан мазмундуу талкууларды жаратып, ал адистен бир нерсе үйрөнүүгө шарт түзөт.

Сын-пикириңизди калыс жана маданияттуу айтыңыз

Эң негизгиси, суроолорду чебер, сылык берүүгө аракет кылыңыз. Ашыкча катуу сүйлөө да адептүүлүккө туура келбейт. Эч качан сүйлөп жаткан адамды шылдыңдап, кемсинтпеңиз. Чындыгында, эгер сиз спикер менен сый мамиледе болуп, убакытыңызды короткунуз келбесе, анда суроо берүүдөн таптакыр баш тартканыңыз эле жакшы. Спикерди жаңылыш сөзүнөн кармоого же анын билимин текшергенге аракет кылбай, чындап бир нерсе билгиңиз келсе, суроо гана бергениңиз оң. Эгерде суроо бергенде маектешиңизди урматтап, анын пикирине кызыгып жатканыңызды сездире алсаңыз, анда талкуу жагымдуу да, баарына пайдалуу да болот.

Жорджина Торбет

Которгон: Дүйшөн Шаматов, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору

https://maralfm.kg/archives/539287

 

Бөлүшүү

Комментарийлер