ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНЫП ТУРГАН ИЛИМПОЗ ЭЛЕ

  • 19.05.2025
  • 0

Апрель айынын акырында
профессор,  белгилүү окумуштуу, таланттуу жетекчи, чоң ИНСАН — эл урматтап, сыйлаган Ибрагимов Сүйүнбек агайыбыз акка моюн сунуп, кыргыз коомчулугу, анын ичинде «Кыргыз тил» илимий коому, кыргыз филологиясы чоң жоготууга учурады.

ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНЫП ТУРГАН ИЛИМПОЗ ЭЛЕ

Агайыбыз өлкөнүн өнүгүшүнө, интеллегенция катмарынын өсүшүнө салымын кошкон, кыргыз элинин көрүнүктүү уулдарынын бири эле.

Агай жөнүндө сөз кылганда алгач эле агайдын жүзүнөн көрүнүп турган интеллигенттүүлүгү, маданияттуулугу, кишичилдиги, улуу-кичүүгө бирдей мамиле жасаган бийик адамгерчилик сапаты,  андан кийин педагогикалык, жетекчилик сапаттары эске түшөт. Өзгөчө Ош тарапта  филология илимдеринин доктору, профессор Сүйүнбек Ибрагимовдун  ысмы өтө урматтоо, сыймыктануу менен аталат.

Ал ОшМУда  (Ош пединститутунда) 22 жыл (1966-1988 ж.ж.) декан болуп  иштеп, инсан жана атуул катары да, окумуштуу илимпоз катары да, жетекчи катары да өзүндөгү адамдык асыл сапаттары менен чоң абройго жетишкен. Билген кишиге СССР мезгилинде факультеттин басымдуу бөлүгүн түзгөн орус, еврей улутундагы керкейген,  өзүн кыйын илимпозмун деген тилчи, адабиятчылар коллективин  22 жыл декан болуп башкаруу   оңой иш эмес. Ага  Сүйүнбек агай өзүнүн иш билгилиги, билиминин тереңдиги менен, инсандык сапаттары менен окутуучу-профессордук курамдын арасында да, студенттердин арасында да өтө кадыр-барктуу болгон үчүн жетишти.

Партиянын тушунда кимдин кайдан экенине маани берилчү эмес, Таластын кулуну Ош жергесинде чейрек кылым жетекчилик кызматты аркалап, чоң абройго жетишти, дос-жар күттү.

Сүйүнбек агай маңдайынан жылдызы жанып турган, көргөн кишини өзүнө тартып турган аурага ээ, жарык маанай, сулуу жүздүү, орус тилин суудай билген зыңкыйган интеллигент катары өзү окуткан студенттерге идеал инсан болгон. Ал кичи пейилдиги, маданияттуулугу, интеллегенттүүлүгү жана адамдарга жасаган мамилесинин жагымдуулугу менен айырмаланып турчу.

Агай  Оштон көчүп келгенден кийин, Бишкекте төрт жыл КМУда окуу-тарбия иштери боюнча проректор, сегиз
жыл БГУда факультеттин деканы, кийин көп жыл кафедра башчы жана профессор,
КМЮАда төрт жыл,  ал эми КРСУда беш жыл кафедра башчы, Ж.Баласагын атындагы КУУда, акыркы жылдары БГУда профессор болуп  иштеп, республикабыздын бүт булуң бурчунда иштеп жүрүшкөн көптөгөн кыргыз тилчи жана орус тилчи мугалимдердин даярдалып чыгышында чоң эмгек жасаган.

Сүйүнбек агай төгөрөгү төп келген: өтө интелигент, өтө маданияттуу, өтө терең акыл-парасаттын ээси, рухий дүйнөсү бийик, элдин патриот уулу эле.

Ал эч качан адам жөнүндө жаман ойго келбеген,  эч кимге жаман сөз айтпаган, жашы, кызматы боюнча чоң кишиби же жөнөкөй студентпи сылык мамиле жасап, адамга дайыма туура жана калыс  сөз айткандыгы менен  айырмаланчу.

Илимпоз катары Сүйүнбек Ибрагимов 250гө жакын илимий макалалардын, бир нече монографиялардын «Тил илиминин негиздери»(2000, 2009-экинчи басылышы), «Кыргыз тилинин синтаксиси: изилдениш тарыхынан» (2001) окуу китептеринин («Жалпы тил илимине киришүү» (2004), «Орус жана кыргыз тилдеринин тектештирме типология боюнча көнүгүүлөр» (2001) жана «Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү» (2007), «Иш кагаздарын жүргүзүүнүн орусча-кыргызча сөздүгү» (2010) сыяктуу окуу куралдарынын автору.

Жогоруда саналып өткөн эмгектер биздин сүйүктүү агайыбыздын илимдин чыныгы дыйканы, элге кызмат кылуунун үлгүсү экендигин көрсөтөт.

Окуу китептери үчүн агайыбыз
«И.Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты» болгон жана көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси эле.

Агайыбыз жакшы жашады, бактылуу үй-бүлө куруп, өзү урматтап, сыйлаган жеңебиз менен уул-кыздарды өстүрдү, небере, чебере жытын жыттады.

Агайыбыз бул жашоону мазмундуу жана үлгүлүү жашагандыгы, биз улуу инсандан тарбия алганыбыз жан дүйнөбүздө кубаныч жаратат.

Биз идеал көргөн Сүйүнбек агайыбыздын өңү да, жасаган иши да, акыл-парасаты да, ыйманы да, рухий кубаты да таза жана
бийик инсан катары эсибизде сакталат.

Маматали  МУРЗАЕВ,
И.Арабаев атындагы КМУнун психология бөлүмүнүн доценти, психология илимдеринин кандидаты

Бөлүшүү

Комментарийлер