ЖУМАГҮЛ ЭНЕ АДАМДЫН АСЫЛЫ ЭЛЕ

  • 20.11.2020
  • 0

Кыргызстандын жүрөгү болгон сары өзөн Чүй жергесинен атпай кыргыз журтуна таанымал болгон даңктуу уул-кыздар чыгышып, мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөштү.  Мекенибиздин дүйнөгө таанылып, гүлдөп-өнүккөн өлкөгө айлануусуна салым кошкон залкар инсандар бул жашоодо из калтырып, урпактарга өрнөк болушту.

ЖУМАГҮЛ ЭНЕ АДАМДЫН АСЫЛЫ ЭЛЕ

Алардын катарында Ысык-Ата районундагы айтылуу Кочкорбаев атындагы айыл аймагынын атуулдары Керимкул уулу Казыбек жана анын өмүрлүк жубайы Карып кызы Жумагүл апабыз дагы бар. Басып өткөн доорлорунда бараандуу чыйыр улап, данктуу жолдору менен зор кадыр-баркка ээ болгон Казыбек ата менен Жумагүл энебиздин таржымалы дагы эч бир жанды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.

Керимкулов Казыбек 1928-жылы Ысык-Ата өрөөнүндөгү Кеңеш айылында туулган. Атасы Байсаба уулу Керимкул 1916-жылы үркүндө байкеси Тентиш уулу Баба менен бирге орус солдаттарына каршы согушкан. Жубайы Бейшен молдо кызы Абина менен чогуу эки эркек, бир кыздын ата-энеси болушкан. Улуусу Керимкулов Сагымбек. Тентиш уулу Баба жөнүндө санжырачы Иманалиев Кыскаранын айтымында ал “Кеңеш” колхозунда эсепчи, мурап болуп иштеген. Чарбанын активдери талааларда жер ченегени барганда, Баба атабыз мелжиген талааны карап туруп эле, “бул жерде мынча гектар бар” деп койчу дейт. Ченеп бүтүп салыштырганда туура чыкчу эле дешет билгендер.

Байсаба уулу Керимкул “Алга” артелинин, кийин “Кеңеш” колхозунун түзүүчүлөрүнүн бири болчу. Колхоздо бригадирдин жардамчысы, бригадир, ревизиялык комиссиянын мүчөсү болуп иштеген. Туулган жылы жөнүндө маалымат жок. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип дайынсыз жоголгон деген маалымат бар. Көп өтпөй энеси Бейшен молдо кызы Абина каза болгон. Казыбек  14 жашынан жетим калып, жеңеси Турдугулова Шайырдын колунда өсүп,ошонун үйүндө 1963-жылга чейин жашап калат. 1963- жылы Шайыр жеңесине өзүнчө үй салып берип, беш жаштагы баласы Керимкулов Батырбек экөөнү ошол үйгө көчүрөт, себеби Турдугулова Шайырдын өз балдары жок болчу. Керимкулов Казыбек атабыз  Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти бүтүрүп, 1945-жылдан 1950-жылга чейин Октябрь орто мектебинде мугалим, чарба башчысы болуп иштеген. 1950-жылдан 1952-жылга чейин Ош облусунун Жаңы-Ноокат районунда мугалим болуп жаш муундарга таалим-тарбия берет.  1952-жылдан 1957-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектептерде мугалим, мектептин директору, РББда инспектор болуп иштеди. Өз мезгилинде Ош шаарындагы педагогикалык институтту сырттан окуп бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон. 1957-1977-жылдары Кочкорбаев атындагы колхоздо бухгалтер, учетчик, бригадир, ревизиялык комиссиянын төрагасы, кампа  башчысы болуп иштеп, колхоздун ишине активдүү катышып, социалдык-экономикалык абалын ар-тараптан чыңдоодо ак кызматын өтөп, жалпы дубанда чоң кадыр-баркка ээ болгон.

Тагдыр кошкон өмүрлүк жары Карып кызы Жумагүлгө 1948-жылы үйлөнгөн. Жумагүл энебиз дагы бул жарыкчылыкта мугалимдик кесибин үзүрлүү аздектей билди.  Карып кызы Жумагүл 1930-жылы 12-майда Чүй облусуна караштуу азыркы Ысык-Ата районунун, Сынташ айыл өкмөтүнүн Аксай айылында туулган. Атасы Алишер уулу Карып, энеси Күмүшай эне экөө беш уул, эки кызды жарыкчылыкка алып келишип, татыктуу  таалим-тарбия беришип, Совет доорунун өнүгүүсүндө оозго алынган адамдардан болушту.

Жумагүл эне 1945-жылы азыркы Ысык-Ата районундагы Киров айылындагы жети жылдык мектепти бүтүрүп, Фрунзедеги педагогикалык окуу жайына кирип, 1948-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Ысык-Ата районунун Кеңеш айылынын тургуну Керимкул уулу Казыбек атабыз менен баш кошкон. Элге, жерге кызмат кылсак деген ак тилектери жүрөккө тынчтык бербеген жаштар дагы коомдук активдүү аракеттерде жүрүп таанышып, түбөлүккө бир болууга шерт байлашкандарын улуу муун өкүлдөрү эскеришет.

Жумагүл энебиз алгачкы эмгек чыйырын 1948-1950-жылдары Киров жети жылдык мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштөөдөн баштаган. 1949-жылы Фатима аттуу кыздуу болушкан, Өмүрлүк жолдошу Казыбек атабыз менен бирге 1950-жылы  Ош облусундагы Жаңы-Ноокат районунун Стрелков атындагы жети жылдык мектебине мугалим болуп барышып, ал жерде 1952-жылга чейин иштешкен.

Жумагүл энебиз Ивановка районунун Кең-Булуң жети жылдык мектебинде, Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы Бек-Абад, Эркин мектептеринде сүйүктүү кесибин үзүрлүү аркалайт. Ошол кезде 1954-жылы Самат аттуу, 1956-жылы  Мирбек аттуу уулду болушкан. Энебиз 1954-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык институттун тарых факультетин сырттан окуп бүткөн. 1957-жылы атабыз менен апабыз өз айылына(Кеңеш айылына) кайтып келишкен. Кубанып, күлүп таңды тосуп, зор үмүт тилектери менен кечти узаткан жубайлар таттуу, бактылуу өмүр сүрүштү. Алар эки кыз, алты эркек балалуу болушкан. Жашоо жалаң жакшыдан куралбайт экен.  1977-жылы эр ортону элүү жашка жете элек кезинде Казыбек атабыз дүйнөдөн кайтат. Карып кызы Жумагүл 47 жашында өмүрлөшү Казыбектен айрылып калган.

Жашоо өз нугунда уланып, Жумагүл энебиз 1989-жылга чейин мугалимдик кесибинде ийгиликтүү иштеп, миңдеген жаш канаттарды уядан учурду. Билим берүү тармагында жалпысынан 44 жыл эмгектенген энебиздин окуучулары ушул мезгилде бардык тармактарда үзүрлүү эмгектенишип, коомубуздун алгалоосунда салым кошуп жатышат. Алар ар качан кичине болсо дагы  убакыт таап, асыл адамдарына айланган, ардагер Жумагүл эне менен учурашып кетүүгө далалат жасап турушчу.

Жакында эле ардагер энебиз Карып кызы Жумагүл дүйнөдөн кайтты. Сары өзөн Чүйдүн эли, турмуштун улуу дайрасына кошкон окуучулары заманыбыздын татыктуу инсаны, адамдык вазийпанын үлгүсүн жашоосунда чагылдыра билген энебизди акыркы сапарына узатышты.

Энебиз бир нече сыйлыктарга ээ болуу менен бирге уул-кыздарына татыктуу тарбия берип, балдарынын баары жогорку билимдүү болушту. Улуу баласы Керимкулов Саматбек Скрябин атындагы айыл чарба институтунун ветеринардык факультетин ийгиликтүү аяктаган. Ал колхоздо ветеринар болуп иштөөдөн баштап, совхоздун директору, колхоздун башкармасы болуп чарбаларды өнүктүрдү. Панфилов, Аламүдүн, Кочкор, Түп, Жети-Өгүз райондорунда аким болуп иштеп келди.

Улуу кызы Казыбекова Фатима Бишкек шаарынын Биринчи Май райкомунда иштеп, Алма-Ата шаарындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүрүп, Фрунзе шаардык  соода тармагын  башкарып турду. Азыр ардактуу эс алууда.

Уулу Батырбек Каржы министрлигинде, ал эми Болот уулу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде эмгектенет.

Көкүрөк күчүгү, кенжеси Эркинбек мырза Ы.Кочкорбаев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы, Алмаз аттуу уулу Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.

Жумагүл энебиздин 23 небереси, 24 чөбөрөсү бар. Учурда энебиздин кыз-уулдары, небере-чөбөрөлөрү оор кайгыда энени жоктоп турган учуру. Алардын негизги максаты — бул жашоодо татыктуу жашап, коомдун өнүгүүсүнө ак дилден кызмат кылып, алдыңкы сапта болуу. Татыктуу ата-эненин көчүн ары карай ийгиликтүү улап кетүү алардын мойнундагы парзы экендигин алар жакшы түшүнүшөт.

Раиса Дүйшөнбекова

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер