“ЖОЛБОРС АПА” же КЫРГЫЗ ИЛИМИН КАНТИП ӨНҮКТҮРӨ АЛАБЫЗ?

  • 10.11.2020
  • 0

БАЭдеги Зайед университетинин доценти Жалалидин Жээнбай биздин суроолорго жооп кайтарды.

— Акыркы жылдарда биздин илимдеги кайсы жетишкендиктерди бөлүп көрсөтөр элеӊиз?
— Мен өзүм Кыргызстандагы илимий процесстердин жүрүшүн баалаган жакшы изилдөөлөрдү билбейм. Азыркы заманда дээрлик баардык илимий натыйжалар дүйнөлүк ачык маалымат талаасында болот. Ошондуктан илимий ийгиликтердин саны да, сапаты да эл аралык практикада кабылданган ыкмалар менен гана ченелиши керек. Мисалы, макалалардын саны, сапаты, илимий мекемелердин материалдык базасындагы өзгөрүүлөр, эл аралык долбоорлорго катышуусу ж.б. Ийгиликтер болсо, алар ушундай эл аралык практикада колдонулган параметрлер менен ченелиши керек, ансыз “ийгилик” түшүнүгүнүн мааниси болбой калат.
— Илим тармагындагы эӊ башкы маселе кайсы? Аны кантип чечүү керек?
— Системалуу каржылоо болмоюнча илим менен алектенген массаны түзүүгө болбойт. Азыр Кыргыстанда илим жаатынын ар бир тармагында мурункудан келаткан беш-алты чоӊ инсан бар, ошолор гана караан болуп, кандайдыр бир илимий фон түзүп жүрүшөт. Материалдык колдоо нөл, моралдык абалдары төмөн. Ошого карабай ал адамдар көнүп калган адаты менен эле илимий иштерин жасап жүрүшөт. Себеби аларга илимий маданият сиӊген.
Бир мисал. Эки жыл мурун Кыргыз улуттук университетинин имаратына кирдим. Материалдык шарты мен студент болгон кездегиден ары жылбаптыр. Ошондой кедейлик атмосферада да бир нерсе мага абдан сонун, өтө жагымдуу таасир калтырды. Проректор А. Чекеевдин кабинетине кирсем, дубалындагы тактада топология илими боюнча бир проблема ийри-буйру жазылып туруптур. Бул математиканын эӊ татаал жааты. Өзү колум кичине бошой калса эле мына бул кагаздардан тактага жазмалайм дейт. Андан чыгып, декан Б. Темировдун кабинетине киргенде да ошондой жагдайга туш келдим: илимий изилдөөсү боюнча маселе алдындагы тактада жазылып турат.
Жакшы илимий натыйжага жетишүү үчүн адис ал проблеманын үстүндө тынымсыз ойлонуусу керек. Ушундай илимий маданиятты алып жүргөн адистерибиз баардык тармактарда бар. Бирок аларга түзүлгөн шарт жок. Каржы жана белгилүү болгон башка толгон себептер менен ал адистер өз иштерин улап кете турган жаӊы кадрларды тарта алышпайт. Менимче, өтө чоӊ маселе ушул.
— Таланттуу жаштарды илимге тартуу үчүн эмгек акыны жогорулатуудан тышкары дагы кандай кадамдар зарыл?
— Проблемалардын эн чондорунун бири ошол таланттуу деген жаштарыбыздын өтө аз чыгып жатканында. Бул биздин элдин даремети жок дегенди билдирбейт. Баардык элдерде шык-жөндөмдүү балдар бирдей пропорцияда туулат. Бирок биздин билим берүү системабыз жөндөмдүү балдарды талантка чейин өстүрүүгө шарт түзбөй, жалпы илимий ойлонууга багыттай албай келет. Күнүмдүк тилибизде илимий терминдер канчалык жыш колдонулат? Мисалы, илимий популярдуу окууга жана дискуссияларга жаштар канчалык тартылган? Албетте, булар риторикалуу суроолор.
Эгерде потенциалдуу илимий жетекчи англис тилин билсе, эл аралык байланыштары болсо, жаштар анын жетекчилигине барууга кызыгышмак. Бирок биздин окумуштуулардын талуу жери да ушул – тил билишпейт. Жок дегенде эл аралык конференцияларга да барып өз ийгиликтерин жарыя кыла албагандар бар. Кыргызстандын ичинде эле чектелип калган кесиптин баркы болбойт.
Илим тармагы да бизнес сыяктуу, тынчтыкты сүйөт. Илимге барган адам көп жылдарсыз кайтарымы болбой турган ири көлөмдөгү убакыт капиталын инвестиция кылышы керек. Экономикалык да, социалдык да стабилдүүлүк болбогон өлкөдө адам үчүн мындай узак мөөнөткө чечим кабыл алуу кыйын. Адамдар кайтарымы тез жакты издейт. Ошондуктан азыркы мезгилде жаштардын илимге келишине көп ишенич арта албайбыз.
Биздин маданиятыбыз да илимий ойлонууну шарттабайт. Канча үй-бүлөдө пианино бар? Балдардын канча пайызы таланттарды аныктоочу ийримдерге тартылган? Ата энелер балдардын окуусуна көмөк көрсөтүшпөйт же шарт түзүп беришпейт. Америкада азиялык аялдарга карата колдонулган “жолборс апа” (tiger mom) деген термин бар. Балдарынын жүз пайыз убактысын окууга жана башка активдүүлүктөргө уюштуруп, катыштырып, кенже курактан тарбиялап, эӊ чоӊ ийгиликтерге жеткирген апаларды ушундай аташат. Ошондой апалардын аракетинин натыйжасында Американын чон шаарларындагы баардык элиталык мектептерде азиялык балдар үстөмдүк кылышат. Бул азиялык маданият. Тилекке каршы, мындай мүнөз биздин элге жат.
— Улуттук илимдер академиясынын жана ЖОЖдордун илим жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү канчалык пайдаланылууда? Бул жагынан ишти кандай уюштуруу керек?
— Суроонун биринчи бөлүгүнө жооп берүү мен үчүн кыйын – көп жылдардан бери чет өлкөдө жашайм. Менин билишимче, ЖОЖдордо да азыркы замандын талабында илимий иш жүргүзүүгө жетишерлик шарт жок. Эӊ негизги шарттардын бири – китепкана системасынын эл аралык журналдар менен камсыз болушу. Жакшы илимий жетишкендиктин негизги бөлүгү англис тилинде, буга жете албаса, илим жергиликтүү гана мааниге ээ болуп калат.
Дагы бири – конференцияларга барууну каржылоо. Мындай практика Кыргызстан университеттеринде кыйла чектелүү деп ойлойм. Мисалы, мен азыр иштеп жаткан университетте ар бир мугалимдин эл аралык эки конференцияга барып-келүүсү толугу менен каржыланат. Кыргызстанда илимий эмгектери эл аралык мааниге ээ болгон көптөгөн окумуштуулар бар, академияда да, университеттерде да. Эгерде алардын эл аралык конференцияларга катышуулары каржыланса, алардын тил үйрөнүшүнө да, жаштарды тартууга да өбөлгө болмок.
Ошентип, материалдык муктаждыктарды каржылоо – илим тармагын өнүктүрүүнүн биринчи маселеси. Экинчи маселе – конференциялар аркылуу горизонталдык байланыштарды күчөтүү.
Илим дегенде жаны билим жаратууну түшүнөбүз. Ким мындай иш менен алек боло алат? Бул деӊгээлге жетүү үчүн өтө көп билим талап кылынат. Ал билимди топтоо бала бакчадан башталыш керек. Жакшы системанын негизинде эффективдүү окутуу болбосо, жаш адис мындай илим изилдөөгө жарагыдай деӊгээлге өз алдынча жете албайт. Батыштын университеттеринде ар бир адистик боюнча “Илим изилдөө жүргүзүү” деген эки семестрлик предмет болот. Андан сырткары жыйынтыктоочу (capstone) курс да болот. Бул курстардын максаты – студенттерди өз адистигинде илимий ишмердикке тартуу. Алар ошол тармакта окумуштуулар кандай илим иштерин кантип жүргүзөрүн үйрөтөт жана аны студенттин өздүк изилдөө долбоору менен жыйынтыктайт. Студенттер окуусун бүтүрө электе эле илим изилдөө кандай эмгек экенин билип калышат да, ал жакты келечектеги эмгек жолу кылып тандоосу оӊой болот. Менин билишимче, кыргыз университеттеринде мындай курстар жок.
Американын университеттеринде мугалимдердин студенттерди илим изилдөөгө тартуу иши абдан бааланат. Бул ишти undergraduate research – магистратурага чейинки илим изилдөө деп аташат. Кыргыз университеттеринде да курстук иш деген болчу, ушуга окшош. Ошону жакшы уюштуруп, студенттерди конференцияларда доклад кылууга тартуу керек. Эгер интердисциплинардуу болсо, абдан жакшы болот. Мен кээде башка факультеттердин студенттеринин илимий долбоорлорунун статистикалык бөлүгүнө консультант болом. Алар бизнес, экономика, табигый илимдер адистиктеринен келишет. Ушундай жолдор менен студенттер интердисциплинардык изилдөө жүргүзүүгө үйрөнүшөт. Өз колу менен жаӊы маалыматтарды топтоп, статистикалык анализ кылып, баяндама жасаган студенттин келечекте илимий жаатты кесип кылуу ыктымалдуулугу жогору болот.
— Дагы кайсы суроолорду талкуулаш керек деп эсептейсиз?
— Фейсбуктан Өмүрбек Абдрахмановдун: “Илимден мурда технологияны колдонгонду үйрөнүшүбүз керек”, – дегенин окуп калдым. Мага ушул ой абдан жакты. Иштеп турган технологияны көрсө, билсе, бул жаштарды илимий ойлонууга жетелемек. Окуу жайларда, мекемелерде эмнени кантип өндүрсө, иштетсе, ташыса боло тургандыгы жөнүндө сөз кылсак, жаштарды ушундай практикалык иштерге тартсак, жакшы болмок. Менин байкоомдо, кыргызстанда этномаданиятка эле көп басым жасап жаткандай. Жаштардын ат оюндарына кызыгуусу күчөп жатат. Эмне үчүн алар мотоспорт менен алектенишпейт? Бул эки спорт акылдын сапаттуу эки башка деӊгээлине талап жаратат. Өкмөт көк бөрү эле эмес, мотоспорт боюнча мелдештерди да уюштурса, бул жаштардын техникалык ойлонушуна зор таасир бермек, саяпкер эмес, инженер болгондор көбөймөк деп ойлойм.

Аңгемелешкен Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер