ЖАЙКЫ КООПСУЗДУК: КӨҢҮЛ БУРУУ ЖАНА КАМКОРДУК

  • 19.06.2024
  • 0

Жай саратан мезгили билинбей  эле жетип келди. Ысыктын башталышы менен ачык терезелер, сууга, көлгө түшүү балдар үчүн кооптуу булакка айланат. Жыл сайын эле балдар терезеден кулап, оор жаракат алып, алтургай өлүмгө дуушар болгон трагедиялар катталат. Ошондой эле кароосуз, көңүл бөлүнбөгөндүктөн  сууга чөгүп кеткендер да жок эмес. Ошондуктан, өзгөчө, ата-энелер өтө кылдаттык менен сак болуп, бардык эрежелерди так аткарышы зарыл.

ЖАЙКЫ КООПСУЗДУК: КӨҢҮЛ БУРУУ ЖАНА КАМКОРДУК

Балдардын терезеден кулап кетүүсүнөн кантип сактоо керек?

ИИМдин Басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, жаш балдардын кызыгуусу жана энергиясы ашып-ташыганынан  көп учурда кооптуу кырдаалдарга туш болушат. Өзгөчө көп кабаттуу батирлердин ачык терезелери алардын көңүлүн бурат: бул таза абага чыгуунун жолу, көчөнүн көрүнүшү жана аларды курчап турган дүйнөгө байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү. Тилекке каршы, жаш балдар бул кызыгуулардан келип чыккан коркунучтарды түшүнүшпөйт. Жаш бала терезеге чыгууга аракет кылбаса да, анын иш-аракеттери күтүүсүз болушу мүмкүн.

Жаш балдардын терезеден кулап кетишинин алдын алуу үчүн ата-энелер бир катар чараларды көрүүсү зарыл экени маалыматта айтылат. Биринчиден, коопсуздук торлорун жана терезе кулпуларын орнотуу. Атайын терезе коргоочу тосмолор же терезе кулпулары балага терезени өз алдынча ачууга мүмкүндүк бербейт. Бул шаймандарды орнотуу оңой жана кулап калуу коркунучун бир кыйла азайта алат. Экинчиден, терезелерге кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө. Отургучтар, дивандар жана столдор сыяктуу эмеректерди терезелерден алыс коюңуз. Бул баланын терезеге чыгуусуна жана терезени ачуусуна жол бербейт. Үчүнчүдөн, туруктуу көзөмөл. Эч качан кичинекей балдарды кароосуз калтырбаңыз, айрыкча терезелери ачык болсо. Жада калса бир аз алаксып кетүү кырсыкка алып келиши мүмкүн. Төртүнчүдөн, коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү. Балдарга терезелердин жанында этият болуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүңүз. Эмне үчүн терезенин үстүндө ойноп, терезелерди өзү ачпоо керектиги жөнүндө алар менен үзгүлтүксүз маектешип туруңуз. Бешинчиден, курт-кумурскалардан сактануучу терезе торлорун этияттык менен колдонуу. Чиркей торлору жалган коопсуздук сезимин жаратат. Алар баланын салмагын көтөрүү үчүн иштелип чыккан эмес жана оңой эле бошоп кетет. (Бул жерде мен кошумчалап кетким келди. Мындан 6-7 жыл мурда Эне-Сайдагы көп кабаттуу батирлеринин биринен үчүнчү кабаттан үч жаштагы бөбөк терезеге чыгып, чымындан коргогон торду түртүп, учуп кетип каза болгон эле. Андыктан торду жөн эле бекитимиш болбой, өтө бекем кылуу зарыл экенин, терезеге чыгууга жол бербөөнү унутпашыбыз керек (автор).

Негизги сактык чараларынан тышкары, ата-энелер кошумча коопсуздук чараларына да көңүл бурушу керек: соккуга туруктуу айнек менен кош айнек терезелерди орнотуу. Алар соккуларга туруктуураак жана кокустан тийип кетсе, терезенин сынуу коркунучун азайтат; терезе рамаларынын жана бекиткичтеринин абалын текшерүү. Терезе түзүлүшүн алсыратышы мүмкүн болгон бузулууларды же эскирип калган жерлерин дайыма текшериңиз; терезе тыгындарын колдонуу. Бул шаймандар терезени белгилүү аралыкка гана ачууга мүмкүндүк берип, желдетүүнү камсыз кылат, бирок баланын тешиктен өтүшүнө жол бербейт.

Балдардын коопсуздугу ар бир ата-эненин негизги милдети. Жайкы ысык жана бөлмөлөрдү желдетүү зарылчылыгы кырсыка алып келбеши керек. Жөнөкөй, бирок эффективдүү сактык чараларын көрүү менен ата-эне үйдө коопсуз жана жайлуу болууну камсыздай алат.

Жаш балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!

Жер бетинин жылмакай жана салыштырмалуу тынч болгонуна карабастан, суу сактагычтардын түбү тегиз эмес, ылайлуу болушу мүмкүн, кээ бир жерлерде катуу агымдар жана бороондор пайда болот. Ошондуктан төмөндөгү биринчи эрежени бардыгы сакташ керек, жада калса дарыянын же көлдүн жээгинде эс алууну сүйүүчүлөр: атайын белгиленген жерлерде гана сууга түшүү керек. Мектепке чейинки балдар чоңдордун көзөмөлүндө гана сууга түшө алат, аларды ата-энелери (же чоң ата, чоң апа ж.б.) сергек карап туруу керек. Ал эми чоңураак балдар өз алдынча сүзө алат, бирок алар суудагы кырсыктардын алдын алуу чаралары жөнүндө кабардар болуп, биринчи жардамдын негиздерин билип, аны көрсөтө билиши керек, ошондой эле сууга чөгүп бара жаткан адамды аныктаганды жана башка эрежелерди билиши зарыл.

Бул маалыматтарды баланын кичинекей кезинен баштап түшүндүрүп, мисалдар менен көрсөтүп, жеке тажрыйба менен бөлүшүп жана кесепеттери жөнүндө сөзсүз айтып бериш керек.

Ата-энелер сууда сүзүү учурунда балдарынын коопсуздугу жөнүндө эмнелерди билиши керек жана суу менен байланышуунун жагымсыз кесепеттерин болтурбоо үчүн жаш муунга эмнени үйрөтүшү керек?

Суу кырсыктарын алдын алуу: Ата-энелер үчүн кеңештер

ЖАЙКЫ КООПСУЗДУК: КӨҢҮЛ БУРУУ ЖАНА КАМКОРДУК ЖАЙКЫ КООПСУЗДУК: КӨҢҮЛ БУРУУ ЖАНА КАМКОРДУК

Сууга түшүүнү тамактангандан кийин бир жарым сааттан эрте эмес жүргүзүүгө болот. Эгерде анын температурасы + 16 градустан төмөн болсо,  сууда сүзүү сунушталбайт. Бул эсин жоготуп, талма оорусуна алып келиши мүмкүн.

Эгерде аба ырайы + 25 градуска чейин ысыса, суунун температурасы + 18 градуска жакын болот. Бул учурда сууда сүзүү убактысы максималдуу түрдө 15 мүнөттөн ашпашы мүмкүн. Атайын бөлүнгөн жерлерде гана сүзө алат (көбүнчө алар атайын тоскучтар менен тосулган).

Бирок, эгер сиз андай жерлер жок жерде сууга түшкүңүз келсе, сүзүү жерин тандоого олуттуу мамиле кылуу керек — тереңдиги 2 метрден ашык эмес, түбү тегиз, ал эми агымдын ылдамдыгы секундасына жарым метрден ашпашы керек, көлмө эч кандай учурда саздак болбошу керек. Ал эми, чоңдор мас абалында болсо, ата-энелерге да, алардын балдарына да сууга түшүүгө катуу тыюу салынат. Анткени, бул учурда толук жана кыраакы көзөмөл болбой калат.

Чоңдор суунун түбүн кылдаттык менен текшерип, жаш балдардын сууга түшүүсүн дайыма көзөмөлдөп, балдар жээкке жакын сууга турушу керек.

Суу кырсыктарын болтурбоо үчүн ата-энелер жөнөкөй эрежелерди өздөрү билиш керек жана сууга түшүүгө барардан мурун бул эрежелерди үй-бүлөнүн жаш мүчөлөрүнө түшүндүрүүнү унутпаңыз.

Негизги эрежелер: атайын тоскучтардан алыс сүзүүгө болбойт, эгерде андай белгилер жок болсо, жээктен алыс сүзүүгө болбойт; кемелердин, кайыктардын, пароходдордун жана башкалардын жанында сүзүүгө тыюу салынат; тааныш эмес же тереңдиги тайыз болгон жерлерде сууга секирүүгө тыюу салынат; сууга атайын жабдылган жерлерден гана секире алышат.

Узак жана катуу ысыктан кийин муздак сууга секире албайсыз, анткени бул жүрөктүн токтоп калышы же эсин жоготуу менен коштолот. Мындай кесепеттерди алдын алуу үчүн сууга тушүүнүн алдында чайкоону керек. Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла; жээктеринде чоң таштар же темир-бетон плиталары бар суу сактагычтарда сүзүүгө болбойт, алар убакыттын өтүшү менен мох басып калат жана алар аркылуу сууга кирүү же чыгуу абдан кыйын жана кооптуу болушу мүмкүн.  Атайын үйлөмө баллондор жана матрацтар жээктен алыс сүзүү үчүн ылайыкталган эмес. Эч кандай учурда атаандашыңызды кармап же сууда кармоо керек болгон оюндарды ойнобоңуз — бул өмүргө коркунуч туудурат.

Сууга түшүү убактысы эки элементтин — суунун жана абанын температурасына жараша чектелиши керек.

Коопсуздук чараларын сактоо – бул коркоктук эмес, акыл-эстүүлүк. Эгер кимдир бирөө аларды тоготпосо, бул сиз үчүн да акылсыздык кылууга себеп эмес.

Акылдуу бол жана бул акылмандыкты балдарыңа үйрөт, ошондо сиз кесепеттери жөнүндө ойлонбостон, сууга түшүүдө үй-бүлөлүк эс алуудан ырахат аласыз деп Ички иштер министрлиги эрежелерди сактоого жыл сайын чакырат. Андыктан ар  бирибиз сак бололу!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер