ЖАСАП ЖАЗБАЙ, ЖАШАП ЖАЗГАН АКЫН

  • 10.02.2022
  • 0

«Беш акын» телесынагынын жеңүүчүсү, поэзиядагы орду бөтөнчө кесиптешим Майрамбек Токторовдун «дээринде бар акын ырды жасап жазбай, жашап жазышы керек» дегени дал ушул Бектуруш Салгамани тууралуу айтылгандай…

ЖАСАП ЖАЗБАЙ, ЖАШАП ЖАЗГАН АКЫН

«Ырлары өзүнө окшош» (Аскар Медетов), «чоң акын, чыныгы акын, таланттуу акын» (Жамгырбек Бөкөшев), «Омордой лирик акын» (Токтосун Самудинов), «синестетик, тапсирчи акын» (Эсенбай Нурушев) Бектуруш Салгамани азыркы акындардын акыны десек аша чаппайбыз.

ЖАСАП ЖАЗБАЙ, ЖАШАП ЖАЗГАН АКЫН

Жакында Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык окуу жайда жаңычыл акындын «Аты жок китебинин» бет ачары өзгөчө өттү. Сөздүн ачыгын айтканда, аны көргөн да көрбөгөн да, арманда…
Мен эзели бир ыр кечеге барып, көзүмө жаш алып, жашыган эмесмин.
Көрсө ошондой ырга, ошондой акынга жолуга элек экенмин.

ЖАСАП ЖАЗБАЙ, ЖАШАП ЖАЗГАН АКЫН

Бектуруш акындын ырларын укканда ырдын пири Алыкулдун «Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айталбайм» дегени эсиме түштү. Эки акындын ырга, чыгармачылыкка болгон мамилесинин окшоштугун, бирдейлигин байкадым.
Демек, Алыкул өлбөптүр, анын идеясы Бектуруш акындын ырларында жаңы өң, жаңы түскө ээ болуп, жашап жатыптыр.
Шүгүр дейли… Уучубуз куру эмес экен…
Бектуруш акында ойлоп табылган, турмушта учурабаган жасалма ырларды көрбөйсүң. Баары күнүмдүк жашоодон алынган ырлар!
Мисалы, акындын «Өгөй ата тууралуу балладасын» алып көрөлү. Кыргыз аялдар прозасында Топчугүл Шайдуллаева биринчилерден болуп элибиздеги «өгөй эне» дегенди «орунча» деп жагымдуу сөзгө алмаштырса, поэзияда Бектуруш Салгамани «өгөй атаны» кол жеткис бийиктикке көтөрүп, даңазалап отурат.
Бул поэмадан үзүндүлөр сахнада көркөм окулганда, залда отургандардын көбүнүн көзүнөн жаш акты…

Атам өлүп жаш жыттуу бир жыл өтүп,
алыскы бир айылга бардык көчүп.
Калды «Аталап!» — үкам ал үйдүн ээсин,
кетти апам да ал жакка бачым көнүп.
Өгөй адам — мугалим мектептеги,
өтө момун, сөөк-саактуу бой келбети.
— Ата! — дешке түк эле оозум барбай,
арман артып өтөт күн кербендери.
Алтыдамын. Катырам оюн жагын,
аткарылат айтканым, оюмдагым.
-Алып кетем! — деп атам келүүчүдөй,
айыл жактын караймын жолун дайым.
Базарды бир айланып келели! — деп,
берди сатып мага велосипед.
Койгон болчу өз атам алып бербей,
какшап, ыйлап зарласам эчен ирет.

Бул жерде акын баланын өз атасына берилгендигин колго салгандай даана бере алган деп ойлойм. Алтыдагы баланын улам жолду карап, өз атасы келип алып кетерин күткөнүн элестетиңиз. Аябай таасирдүү!
Өгөй атасы велосипед алып берсе да жакпайт. Туурасын айтканда жактырбайт… Ошентип күндөр кербендердей чубалып өтө берет… Өтө берет. Кийин элден ашыкча кылып, той өткөрүп үйлөсө да, «Ата!» дегенге оозу барбайт. Ырды андан ары окусаңыз, билесиз, өгөй атанын кандай мээримдүү ата экенин…

Үйлөндүм мен, бапырап той өткөрдү,
ушул чалдай жоомарт жан жок өңдөндү.
— Бул күндү атам көрбөдү! — деп өксүдүм.
…Бир күн капыс мендеги ой өзгөрдү.
Кеткен саарлап апам бир жакка дагы.
Келгем иштен. Чал мени байкабады.
Жаман кызым чычыптыр жайнамазга,
жүргөн экен өзү жууп, чайкап аны.
— Ата! — дедим ошондо ич эзилип,
ал таң кала карады бир эңилип.
Күн чыккандай жайнады каректери.
— Кечириңиз! — дедим мен тизе бүгүп.
— Ата! — дедим өөп бет, сакалынан.
Апам чыкты өрүкзар арасынан.
— Ата де! — деп айттыра албай жүргөн,
ал көз жашын тыялбайт карап улам.

Акындын ырлары ушундай жөн гана уйкаштык кубалаган, жеңил-желпи ырлар эмес. Анын ар бир сабында терең маани, философиялык билги ой жатат. Бирок акын башкалардай жалган теманы кубалабайт. Анын каармандары өзү билген, өзү тааныган, өзүнө кымбат адамдар. Алардын адамдык жүзүн куру сүрөттөөгө ыктабастан, биз байкабаган буюмдар аркылуу ачып берет. «Таяк» деген ырын алып көрөлү.

Жылы бою не келбедим деп кадалып,
карайм көздөн жаш, жүрөктөн кан агып.
Былтыр эле өзү басчу шартылдап,
калган экен апам таяк таянып.

Көзү нурсуз карай берчү жолума,
бели ийилип, чөгө түшкөн бою да.
Басса-турса таяк өбөк-жөлөгү,
минтерлиги келбептир эч оюма.

Ичтен аяп үтүргө окшош апамды,
имериле карап түптүз таякты,
кудурети күчтүү аспап өңдөнүп,
кайра эстедим Муса алейхи-саламды.

Мени төрөп, жууп, чоңойткон адамга
жарым кулач келген ушул таякча
өбөк-жөлөк бололбаймбы деп ичтен,
өзүмдү-өзүм турам сөгүп, аяп да…

Ушундай эле сезимди козгогон саптарды биз акындын «Бузулган эски үй» аттуу ырынан көрө алабыз.

Терезе соолгон көз сыяктуу,
тандыр жок — патирлер жабылган.
Устунду басыптыр уранды,
Үй кудум дарбыздай — жарылган.

Атамдын да бул үй — жаш чагы,
апам да төрт перзент өстүрдү.
Күнүгө энемдин арбагы
келер да, таппастыр эч кимди.

Бектуруш Салгамани баарынан мурун — мекенчил акын. Анын Мекен, эне тили тууралуу ырларын таасирленбей, жөн окуй албайсың. Ал башка акындардай эне тилди сүйөм, күйөм дебейт. Эне тилдин баркын эне тилин жоготкондордун мисалында таамай берет..

Чукотка ыйы

Буран — чукча досум абдан сыйлады,
бугу сойду. Самогонун жайнатты…
Алды кызып, анан орусча ырдады.
Айттым мен — Өз тилиңде обон салсаңчы?
— Билбейм! — деди. Ыйлады ырын токтотуп.
Иче берди, иче-е бердик, иче-е бер…
Өлгөн тилдин мүрзөлөрүнө окшошуп
Турду мага бошоп калган шишелер…

Кийинки ырында мекенчил акын башка элдердин өз жерине болгон аяр мамилеси аркылуу «туулган жердин топурагы алтын» экенин эскертет.

Куала Лумпурда калган гүл

— Бу не? — дешти.
— Гүл! — дедим. — Жагып калып,
бир дүкөндөн келатам сатып алып.
— Кереги не?!
— Жок биздин Кыргызстанда
көбөйтсөм дейм бизге алып барып багып.
— Сиздики — бу карапа, бул гүлүңүз,
топуракты биякка түшүрүңүз!
Биз өлкөнүн бир чымчым кум, топурагын
бөтөн элге бербейбиз түшүнүңүз!

ЖАСАП ЖАЗБАЙ, ЖАШАП ЖАЗГАН АКЫН

Бектуруш акындын чыгармачылыгын канча айтсак да бүтчүдөй эмес. Бүгүнкү сөзгө чекит коё туралы. Келеркиси да болор…

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер