ЖАРАТМАН МУГАЛИМДЕР
- 03.07.2025
- 0
“Заманбап мугалим” коомдук фонду жаңы окуу жылына карата Чүй облусунун мектептерине 20 лидер мугалимди окутуп даярдап жиберген жатат. Алар төрт деңгээлден турган күчтүү тандоодон өтүштү жана барган мектебинде жаңыча педагогикалык технологиялар менен иштеген инновациялык мугалим болот деген ишеним чоң. Кыргызстанда билим берүү тармагы заманбап жаңыланып жатканда, мектептерге заманбап даярдыктагы мугалимдер жетишпей турганда, бул өзүнчө абдан маанилүү колдоо болуп калды.
Агартуу министрлигинде болгон жайкы мектептин ачылышында “Жаратман мугалим” курсунун жаңы агымына алынгандарга ийгилик каалашты.
Дүйнө тажрыйбасына сереп салсак, азыр билим берүүдө салтуу парадигмалардан качып, жаңыча көз караштагы эксперименттер болуп жатканы белгилүү. Келечектеги мектеп кандай болот, заманбап мугалим кандай болууга тийиш, мугалим менен окуучунун мамилеси кандайча өзгөрүлөт жана гаджеттерден баш көтөрбөгөн жаңы муундун өкүлдөрүнө кандай билим жугумдуу болушу мүмкүн деген ой Кыргызстанда эле эмес, дүйнөлүк коомчулукту чарк айлантып турган учур.
Мугалимдин билим куржунун толтурбай, дүйнө таанымын жаңылабай туруп жаңычыл мугалимди табууга мүмкүн эмес. Андан да олуттуусу, жаңы муундун жаштары окутуунун он жылдап келаткан ыкмаларын качанкыга чейин кабыл аларын айтып болбойт. Башкасын айтпаганда эле балдарды бир класска чогултуп билим берүүчү эски моделинен баш тартуу менен, балким бир класска батпай тыгылган окуучулардын маселесин да чечүүчү мезгил келип калар деген ой кетет. Кадимки класстык бөлмө, мектептеги салттуу сабактар, үй тапшырмаларын аткаруунун өзү санариптешкен доордо кандай өзгөрүшү керек деген суроолор да пайда болбой койбойт.
Мына ошондой келечектин мектебиндеги заманбап мугалимди даярдоо вазийпасын аткарып келаткан Teach For All программасы учурда дүйнө боюнча алтымыштан ашык өлкөдө өз ишин алып барууда. Бул социалдык-экономикалык абалына карабастан бардык балдар үчүн сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган билим берүү уюмдарынын глобалдык тармагы. Бул программа университеттин таланттуу бүтүрүүчүлөрүн жана жаш адистерди кайра окутуп, мугалим жетпей жаткан мектептерге тарткан дүйнөдөгү уюмдарды бириктирет. Ал программа Кыргызстанда да иштеп жатат.
Агартуу министрлигинин колдоосу менен иш алып барып жаткан “Teach for Kyrgyzstan — Заманбап мугалим” программасы Кыргызстанда лидер мугалимдерди даярдоонун өзүнчө бир кесипкөй платформасы болуп калды.
Аны уюштурган коомдук фондунун жетекчиси Асел Бектенованын айтымында, жайкы институтта мурда мугалимдик кесипте эле эмес, башка чөйрөдө иштеп келген адистер окуйт. Алар тиешелүү билимге ээ болгон соң, мектептерге жиберилет.
— Долбоордун өнөктөштөрү — Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Борбор Азиядагы Америка университетинин жардамы менен быйыл экинчи агымдагы жаратман мугалимдерди даярдайбыз. Биз быйыл Чүй облусунун мектептерине дагы 20 мугалимди жиберүүнү пландап жатабыз. Мугалимдер азыркы учурда төрт деңгээлден турган талабы өтө күчтүү тандоодон өтүштү жана чындап эле балдарды окутууга, алардын дараметин ачып берүүгө шыктанган адамдар. Булар өздөрү барган ар бир мектепке инновацияны алып келе турган адамдар болот деп үмүттөнөбүз, анткени азыр мектептерде болуп жаткан окуялар трансформацияны талап кылууда. Аны жаңы билим, жаңы методика, жаңы педагогикалык технологиялардын жардамы менен гана ишке ашырууга болот, — дейт.
“Заманбап мугалим” долбоорунун катышуучулары мурда ар кандай кесипте иштегендер. Арасында мугалим болуп иштегендер да бар. Кайта окуу, билимди жогорулатуу азыр баары өзгөрүп жаткан учурда эң туура жол, заманбап зарылдык.
Жаратман мугалимдердин бири — Шанигүл Рахимбекова. Ал буга чейин жеке менчик мектепте тарыхтан сабак берип иштеген. Эми болсо заманбап программа аркылуу билим деңгээлин заманбап жаңылап, мамлекеттик мектепте өз дараметин көрсөткүсү келет.
— Менин бул долбоорго катышып калгандыгымдын эң биринчи себеби – бул жаңы чөйрөгө аралашууну каалаганым болду. Билим берүүдө сени менен бир толкунда сүзгөн адамдар менен бир болуу мен үчүн сыймык. Андан тышкары, билим берүүдөгү, педагогикадагы, методикадагы жаңы тренддерди билип, жаңы көндүмдөрдү алып, үйрөнүп турсак, мугалимдер үчүн абдан пайдалуу деп ойлойм. Чындыгында жеке мектепте иштеген менен мамлекеттик мектепте иштөөнүн айырмачылыгы аябай чоң экендигин жакшы билем. Ошондуктан мен мамлекеттик мектепке барып иштеп көрөйүн деп өзүмө чакырык таштадым. Чындап эле мугалимдик кесипти аркалагым, ар түрдүү балдар менен иштешүүгө даярдыгымды көргүм келет. Бул программага катышуу үчүн биз үч этаптан өттүк. Биринчи этабында резюме таштадык, экинчисинде онлайн жолугушуу болду, ал эми үчүнчүсүндө бетме бет жолугушуп, ар түрдүү чакырыктарды, ар кандай тапшырмаларды алдык, ошолордун баарын аткаргандан кийин гана бул долбоорго өттүк, — дейт Шанигүл.
Долбоордун өнөктөштөрүнүн бири — Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов Teach For All программасы, анын катышуучулары жөнүндө кеңири маалыматы менен бөлүштү.
— Teach For All программасынын максаты — мугалимдикке мыкты адистерди тартуу. Кыргызстандагы “Заманбап мугалим” коомдук уюму “Жаратман” программасынын алкагында былтыркы жылы каалоочуларды тандоо жүргүзгөн. Каалоочулардын саны 1100дөн ашып, анын ичинен тандап алууга 120дан ашык киши чакырылган. Натыйжада 20дан ашык киши окууга өткөнү маалым. Биздин институт ошол уюм менен тыгыз кызматташып келет. Алардын негизги өзгөчөлүгү катары биринчиден, Кыргызстанда билим берүү жалпысынан трансформация болуп өзгөрүп жаткан мезгилде башкаларга окшоп сындап же байкоочу болуп турбастан, өздөрүнүн салымын кошолу деген аракетин белгилегим келет. Бул башкалар үчүн жакшы үлгү деп ойлойм. Экинчиден, билим берүүгө мектепти жаңы аяктагандарды эмес, турмушта өз ордун таап, лидер катары өзүн көрсөтө алган адамдарды тартат да, мугалимдикке алып келет. Алар жайкы лагерде төрт жума окуп аяктаган соң, мугалим болуп иштегенге мүмкүнчүлүк алышат. Андан тышкары Токмок шаарындагы Борбор Азиядагы Америка университетинин базасында мурдагы билиминин негизинде магистрлик диплом алышат. Андагы билими үзгүлтүксүз, мектептеги иши менен катар эле жүргүзүлөт, тагыраак айтканда, бир эле мезгилде БААУдан билим алып, мектепте да иштей беришет, — дейт.
Алмазбек Токтомаметовдун баамында, жайкы институттун былтыркы бүтүрүүчүлөрүнүн ишмердиги аябай ийгиликтүү уланган. Былтыр мектепке барган жаратмандар өздөрүн лидер катары көрсөтө алышты. Алсак, ошол эле IT багытында, педагогикалык жаңы технологиялар менен иштөө, балдар менен, мугалимдер менен иш-чараларды уюштуруу багытында алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишип, өздөрүн мектеп жамаатына жакшы жагынан тааныта алган. Кээ бирлери өздөрү иштеген мектепте медиа борборлорду уюштуруп, ал аркылуу түрдүү маалыматтарды таратышып, түрдүү конкурстардын жеңүүчүлөрүнөн болушту, башкача айтканда, булар жаңыча иштөөнүн жолун көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, бул программанын алкагында иштеген мугалимдерге кошумча маяна да төлөнөт, анткени бүгүнкү күндөгү мугалимдердин айлыгы менен жакшы адистерди мектепке тартууга болбой турганы анык.
Дагы бир жакшы өзгөчөлүгү, ал мугалимдер жаңы технологиялар менен окутулат, анткени 62 мамлекеттеги мугалимдер бири-бири менен байланышта болуп, биринин жетишкен ийгиликтерин башкаларга бөлүшкөнгө аракеттенип турушат.
Лидер мугалимдердин жардамы менен алар барган мектептерде балдардын билим деңгээли жогорулап, креативдүү, ат чабым алдыда ой жүгүрткөн жаштарды окутуп-тарбиялоого жетише алабыз деп ишенгибиз келет.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер