ЖАЛЫНДАГАН КУРАГЫН ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООГО АРНАГАН

  • 22.01.2021
  • 0

Агартуу тармагында жарым кылымга жакын ак эмгек өтөгөн ардагер мугалим Орозбаева Турду 83 жашында акка моюн сунду.

ЖАЛЫНДАГАН КУРАГЫН ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООГО АРНАГАН

Ал 1938-жылы 14-декабрда Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол (азыркы Аксы району) районундагы Караван айылында жарык дүйнөгө келген. 1959-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында мугалимдик кесипке ээ болгон соң, өзү туулуп-өскөн Караван айылындагы жатак мектепте бир эле учурда башталгыч класстын мугалими жана жатак мектептеги балдардын тарбиячысы болуп иштөө менен эң алгачкы эмгек жолун баштаган.

Жунай Мавляновдун насаат мектеби

Педагогдун дипломун колуна алып, жаңы жамаатка аралаша баштаган жаш адиске атпай-журтка атагы чыккан жазуучу, кадимки Жунай Мавлянов менен иштөө бактысы туш келгенин ар дайым: “Мен ишке орношкон жатак мектептин директору Жунай
Мавлянов эле. Мага окшогон жаш мугалим үчүн улуу педагог менен иштөө зор сыймык болду. Жатак мектептин өзгөчөлүгүнө жараша, ар кайсы жактан келишкен өспүрүмдөргө билим жана тарбия берүүдө ал кишинин насааттарын угуу – мен эле эмес, башка дагы кесиптештерим үчүн чыныгы тажрыйба мектеби болгонун чексиз ыраазычылык менен эстейм. Агайдын айткан акыл кептери, мугалимдик кесиптин сырын ачуу багытында үйрөткөн насааттары эле биз үчүн чындыгында чоң мектеп болгон экен”, — деп сыймыктануу менен айтып калчу.

Турду эже ал мектепте 1964-жылга чейин иштеген соң, Ильич атындагы мектепке башталгыч класстын мугалими болуп которулат. 1962-жылы партиянын катарына өткөндөн тарта, мугалимдик менен коомдук иштерди айкалыштыруу менен, райондук жана облустук иш-чараларга активдүү катышып, өзүнүн жаштык жигерин жаш муундарды тарбиялоого арноону уланткан. Жаш муундарды тарбиялоодо өтөгөн эмгеги көз жаздымда калбай, эл ишенимине арзып, райондук, шаардык кеңештердин депутаты болуп шайланган. Бул келечегине ынанымдуу караган, демилгелүү жаш адиске кесиптештеринин эле эмес, бүтүндөй айылынын көрсөткөн зор ишеними эле.

Кесиптеш жолдошуна кеңешчи болгон

ЖАЛЫНДАГАН КУРАГЫН ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООГО АРНАГАН

Ильич атындагы мектепте иштеп жүргөн кезинде, жолдошу Жумабаев Барпы №53 Айылдык кесиптик техникалык училищеге (СПТУ) директор болуп шайланып калат. Турду эже жолдошунун кесиптеши, үй-бүлөдөгү жардамчысы катары кошо барып, ал жерде этикадан сабак берүү менен катар эле китепканачынын да милдетин аткарат.

Айыл жергеси үчүн, айрыкча, айылдыктар үчүн жаңы лицейдин ачылышы чоң жаңылык эле. Ал кез жалпыга бирдей билим берген талабы да, тартиби да катуу совет доору болгондугуна карабай, айыл жаштарына билим берүүнүн кем-карчы арбын болгон, тагыраагы, жаштарга кесиптик билим берүү тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүктөн, механизатор, тракторист сыяктуу жумушчу кадрларды даярдоо иши билек түрүп киришүүнү талап кылган.

Ошол өңүттөн алып караганда, кесиптеш жубайлар Жумабаев Барпы менен Орозбаева Турду айылдык жаштар арасынан жумушчу кадрларга билим берүү, жумушчу кадрларды татыктуу даярдоо багытында өздөрүнүн зор салымдарын кошту десек, аша чапкандык болбос. Чындыгында ал кезде баары эле жогорку билим алууга умтулушуп, кесиптик билим алууга үстүртөдөн караша турган. Кесиптик билим алуу менен кесибинин үзүрүн көрүп, таттуу токоч таап жесе боло турган деңгээлге жетүү үчүн узак жылдар талап кылынды. Жогорку билим алабыз деп суусаган жаштар нечендеген кызылдай акчаларын коротуп, диплом алгандан кийин деле иш ордун таба албай, ар кайсы эшиктерди сүзгүлөп тажагандан кийин, дипломдорун бекемирээк катып, туш келди жумуштарда иштеп жан бага баштаганда гана, диплом эмес, керектүү кесип тандоо керектигин түшүнө башташты.

Ошол жылдардан бери үзгүлтүксүз иштеп, миңдеген жумушчу кадрларды талыкпай даярдап жана ошондой эле жамаатты инженердик-педагогикалык кадрлар менен жаңылап келаткан №53 лицейдин азыркы өнүгүү жолуна түшүүсүнө 10 жылдан кем эмес убакыт талап кылынды. Лицейдин түптөлүшүнө биздин каармандардын салымы чоң.

“Убакыт учкан куш” деген ырас белем, ушунча мезгил аралыгында өздөрүнүн жаштык жигерин, жалындуу курагын, көргөн-билгенин жаштарга билим, тарбия берүүгө арнаган Орозбаева Турду эжей 1991-жылы өзүнүн Караван айлына кайтып келип, ал жердеги Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте педагогикалык ишмердүүлүгүн уланткан. Аны менен бирге өтө жооптуу учурда мектептин профсоюз комитетинин төрайымы милдетин кошо аркалады. Жаш курагына жараша пенсияга чыга турган мезгил келгенде, бирге иштеген кесиптештери аны урмат-сый менен ардактуу эс алууга узатышты.

Адамдардын ак ниеттүүлүгү ар дайым баалуу

Албетте, өмүрүнүн өрт курагын жаштарды окутуп-тарбиялоого арнаган Турду Орозбаеванын өтөгөн ак эмгеги көз жаздымда калбай, өз учурунда СССРдин Ардак грамоталары менен сыйланып, райондук жана облустук баалуу белектерге арзыды. Өмүрлүк жолдошу экөө алты баланы өстүрүшүп, баардыгына татыктуу тарбия, жугумдуу билим берип, эрезеге жеткиришти. Кош агартуучунун колунда тарбияланып өскөн балдары учурда ар кайсы тармакта эмгектенишет. Турду эже балдарынын, неберелеринин турмушта өз ордуларын таап, элине кереги тийген адамдардан болуп чоңоюшкандарын көрүп кеткенине балдары каниет кылышат. Айрыкча, анын неберелерин тарбиялоодо үйрөткөн ар бир нускалуу сөзү алар үчүн кымбат бойдон кала берет.

Турду эжени жакындан билген адамдар, ага-туугандары анын кайсы жерде, кандай иште болбосун, адамдардын ак ниеттүүлүк, адептүүлүк жана чынчылдык сапаттарын эң биринчи орунга коюп келгендигин жылуу эскеришет. Ал: “Өзү таалим-тарбиялуу, чынчыл болсо, башкаларга да бул сапаттарды үйрөтүү, талап кылуу оңой, эгерде адамда бул сапаттар жок болсо, анын айтканы да жукпайт, — деп көп айтаар эле.

Жашоого позитивдүү көз жүгүртүп, кандай кырдаалда болбосун, ачык-айрым, шайыр, боорукер мүнөзүнө шайкеш келген тазалыгын өмүрүнүн аягына чейин сактай билген Турду эжени көргөн адам, анын жанында туруп эле өзү да жашоого башкача көз караш менен карай баштаганын сезбей калчу деп эскеришет аны замандаштары.

 Аккан арыктан суу агат

ЖАЛЫНДАГАН КУРАГЫН ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООГО АРНАГАН

Турду эженин ачык-айрым мүнөзү, жашоону, балдарын сүйгөн жүрөгү дайыма эле азыркыдай сүйүү менен мээримге толо болбой, жоготуу коштогон учурлар да кездешкен. Анын бир тууган эжелери Улуу Ата мекендик согуш маалында кайтыш болуп калгандыктан, үй-бүлөдө жалгыз кыз болуп чоңойду. Жоготуудан жүрөгү калган ата-энеси чырактай жалгыз кызын колунан келишинче бөпөлөштү. Апасы Шаарбан Шадыбекованы, анын бир туугандары Нуркул, Наркул, Кадыркул
агаларды жердештери азыркыга чейин эң абройлуу үй-бүлө катары урмат-сый менен эскеришет.

Турду эже жети жылдык мектепти аяктаган соң, Жалал-Абадда жашаган Кадыркул таякесинин колунда окуп билим алган. Кадыркул таякеси ал учурда Жалал-Абад облусунун биринчи катчысы болуп иштеп жүргөн кези эле. Ал Искак Раззаковдун пикирлеш союздашы, ийиндеш жолдошу болгон.

Уул-кыздарынын, небере-чөбөрөлөрүнүн курчаган мээриминде бакубат өмүр сүрүп, 83 жаштын даамын сызуу буюрган Турду
Орозбаеванын жаркын элеси аны жакындан билген адамдардын эсинде түбөлүккө сакталмакчы.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер