БАЙЛЫКТЫН БАРКТУУСУ — БИЛИМ
- 14.09.2022
- 0
Теология багытында билим алган Нурбек Адышев Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда “Диндердин өнүгүү тарыхы” боюнча эки жумалык курсту аяктагандан кийин өзү эмгектенген Бишкектеги №4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназияда жаңы предметти окута баштайт.
Министрлик бекиткен педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча быйылкы план-графикте жогорудагы предметке орчундуу орун берилген. Анын себеби түшүнүктүү. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы, 8-июнда, “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, быйылкы окуу жылынан тарта бардык мектептердин 9-класстарына эки чейрек бою диндердин тарыхы окутулат.
Бул күнү курска келген мугалимдерге соцтармакта кызуу талкууларды жаратып жаткан окуу китебинин авторлорунун бири Асылбек Доталиев зарыл нускамаларды берди.
— Диндердин өнүгүү тарыхын окутуу аркылуу диний көз караштан улам келип чыккан араздашууга бөгөт коюп, диндер аралык мамилени бекемдесек болот, — деди ага окутуучу өз лекциясында.
Асылбек агайдын бул күнкү сабагынан “Дин таануу” предметин мектеп программасына киргизүү аракети мындан бир нече жыл мурун башталганын, Коопсуздук кеңешинин концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте “Дин маданиятынын тарыхы” пилоттук негизде окутулуп, 2018-жылы 56 мектепке киргизилгенин билдик.
Совет элине улуу Жеңишти тартуу кылган тээ 1945-жылы түптөлүп, союз тушунда мугалимдердин кесиптик билимин тегиз жогорулатып келген азыркы Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директорунун орун басары Алмаз Шергазиев өзү эмгектенген институт өлкөдөгү билим берүү тармагында жүрүп жаткан зор өзгөрүүлөрдөн сыртта калбоого тийиш деп эсептейт.
— Акыркы мезгилдерде квалификацияны жогорулатуу системасы өзгөрүүгө муктаж болуп турат. 2016-жылдын аяк ченинде биз КББАдан бөлүнүп чыктык. Эки облуста: Ош менен Ысык-Көлдө, билим берүү институтуттары бар, калган облустарда мугалимдердин билимин жогорулатуу борборлору иштейт. Быйыл мекеменин кыска-нуска аталышын сунуштадык, өкмөттөгү ошол токтомду күтүп жатабыз, -дейт директордун орун басары.
Биз барган күнү министрлик 10-августта бекиткен план-график боюнча 13 аталыштагы предметтен: кыргыз тилинен, орус тилинен, математикадан, англис тилинен, географиядан, диндердин өнүгүү тарыхынан, информациялык компьютердик технологиялардан, дене тарбиясынан, аскерге чейинки даярдыктан, мектепке чейинки билим берүүдөн, класс жетекчилер курсунан болуп, бардыгы 74 педагогикалык кызматкер курска келиптир.
— Ошентсе да бир топ кооптонууларыбыз бар болчу. Мугалимдерибиз убагында келеби деп ойлогонбуз. Бирок башталышы жакшы. Мына биринчи эле күнү курска 74 мугалим катталды. 12-сентябрда башталган курс эми июндун аягына чейин бири бүтсө, экинчиси улантылып, такай жүрүп турат. Учурда мектеп директорлорун конкурс аркылуу тандоо жүрүп жатат. Республика боюнча өтө көп сандагы директорлор конкурстан өтүштү. Андан кийин бала бакчалардын директорлоруна да конкурс өтөт экен, андай болсо, аларды да окуудан өткөрөбүз, — деди Алмаз Жакшылыкович.
Биз институттун угуучулары менен да маектеше алдык. Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин тарых мугалими Өскөн Саалаев — бир канча окуу программаларынын, окуу китептеринин, мугалимдер үчүн колдонмолордун автору. Дасыккан педагогду курстагы жаш педагогдордун арасынан көргөнүмө бир жагы таң калдым.
— Диндердин өнүгүү тарыхынан курстан өтөйүн деп келдим. Жаңы сабак деген жаңы да! Ар бир сабактын өз түйшүгү, өз көйгөйлөрү бар! — дейт ал.
Ал эми «Ушундай курстар мында көп эле болуп турса деген тилегим бар. Анткени бул жерден бир эле күндө өзүмө керек усул-ыкмаларды үйрөндүм» деген Миргүл Сыдыгалиева Сокулук районундагы Ново-Павловка гимназия орто мектебинде 23 жылдан бери окуучуларга математикадан сабак берет экен.
Жаш педагог Илим Султангазиева Москва районундагы Сретенка орто мектебинен келиптир.
— Буга чейин декретте болчумун. Мурда семинар-тренингдерге барчумун. Курска биринчи жолу келишим. Бүгүн Асылбек Көбөгөнович, Мырзагүл Кадыевна, Айтикан Райымжановна эң жогорку деңгээлде сабак беришти. Билимге суусап калыппыз. Ушул жакка келетканда, суранып кетебиз го деп келгенбиз. Андай болбоду. Биздин билгенден билбегенибиз арбын экен. Эртең бүгүнкүдөн да кызыктуу болот деп ойлойм, — деди ал кубанып.
Дагы бир билимге умтулган педагогдун пикирин угуп койсок.
— Менин атым Рыскелди. Фамилиям — Асанов. Адистигим — тарых мугалими. Сокулук районундагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектепте тарбиялык иштерди уюштуруучу болуп иштейм. Бул институттан мурда да кесиптик билимимди жогорулатып кеткем. 2012-жылдан бери такай өтүп турам. Бул жерде алган билимдин бизге пайдасы зор!
Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Педагогика, психология жана социалдык гуманитардык билим берүү кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Мырзагүл Усупова курска келген мугалимдердин тоодой кубанычына биз менен кошо орток болду.
— Билим берүүдөгү өзгөрүүлөрдү эске алып, 72 сааттык курсту иштеп чыктык. Бул ишке биздин кафедранын окутуучулары да активдүү катышты. Бизде педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Добаев, ага окутуучулар Асылбек Доталиев, Ырысбүбү Насипбаева, Айтикан Кыдыралиева, Матлюба Азимова, Советбек кызы Нургыз, Сания Амерханова, Билимбек Абдылдабековдор эмгектенет. Алардын ар бири өз кесибинин чыныгы устаттары, мыкты саяпкерлер, — деп сыпаттады Мырзагүл Кадыевна.
Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы азыркы билим берүү тармагы үчүн кыйла актуалдуу — “Билим берүү мекемелеринин укуктук-ченемдик документтери», ‟Функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү шартында билим берүүнүн мазмунун уюштуруу”, “Диндердин өнүгүү тарыхы”, “Мектеп мугалими үчүн өспүрүм балдар менен мамиле түзүү жана окутуудагы психологиялык аспектиси”, ‟Заманбап сабакты даярдап өткөрүү технологиясы”, “Мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруу шартында мектептик билим берүүнү окутуунун жана баалоонун заманбап технологиялары”, ‟Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таанып-билүүсү жана жеке өнүгүүсү», ‟Эмоционалдык интеллект — инсандык жана кесиптик өсүштүн фактору катары», “Инклюзивдик билим берүүдө мугалимдин орду” деген аталыштагы кызыктуу, эң башкысы мектеп мугалимдерине зарыл сабактарды өтүп, агай-эжейлердин кесиптик билимин жогорулатып жатканын белгилей кетпесек болбойт.
Бүгүн мугалимдер инстутутундагы болгону бир кафедра тууралуу гана учкай кеп кылдык. Агартуу журтчулугуна тегиз таанымал, таланттуу педагог, мыкты уюштургуч Алмаз Токтомаметов жетектеген бул билим берүү мекемеси тууралуу жагымдуу жаңылыктарды окурмандарга такай жеткирип турууга сөз берип, азыркы сөзгө чекит кое туралы…
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер