ЫРЛАРЫНАН ДӨӨЛӨТ ИЗДЕГЕН АКЫН

  • 31.01.2025
  • 0

ЫРЛАРЫНАН ДӨӨЛӨТ  ИЗДЕГЕН АКЫНАр адамдын өз чындыгы бар. Ар адам ошол чындыгын көкүрөгүнө көтөрүп, уютуп жашайт. Ошон үчүн ал чындык адамдын пейилинде, мүнөзүндө, туу туткан баалуулуктарында, койгон кадамдарында кашкайып көрүнүп тура берет. Чыгармачыл адам болсо ал чындыгын колунан келишинче ырга салып, күүгө салып, сүрөтүн тартып, айткысы, угузгусу, көрсөткүсү келет экен. Анан да чыгармачыл инсан ошол ичиндеги чындыгын өмүр бою айтам деген аракети менен жашап өтөт тура.  Анан да чыгармачыл инсан ошол чындыгын ириде өзү тууралуу  жазуу менен эки эселеп даңазалайт тура. Анан да улуу жазуучу Э. Хемунгуей айткандай, калемгер чыгармалары ичинде, демек өз чындыгы ичинде  өмүр бою жашап калат экен.

 

Кыргыз Республикасынын эл акыны Тынчтыкбек Нурманбетовдун “Ыр дөөлөт” китебин окуган соң бул ойго дагы бир ирет ынандым. Акын “Бул дүйнөгө буй салгым келип кетет, чындык үчүн чыркырап уукканда” дейт (Т.Нурманбетов “Ыр дөөлөт”, Улуу тоолор, 2022, 5-бет). Аталган жыйнактагы  ар бир ыры акындын жеке тагдырын, жашоодогу кайгы-кубанычын, туу туткан баалуулуктарын, айныгыс принциптерин даана көрсөтүп турат.

Дубан жарган күлүк болом деп,

Кур бекерге бербейм убада.

Дил тазартаар төрт сап ыр үчүн,

Тарта берем күн-түн  убара. (Аталган жыйнак, 3-бет)

Дил тазарткан ырларды жазган акын ырларын анык дөөлөтүм деп санайт, ага байлык, бийлик бир коңурук уйкудай:

Ыр дегендин бул жалганда куну жок,

Жакшы ырга тең келгидей жубу жок.

Байлык, бийлик бир коңурук уйку экен,

Мезгил өтсө бүт жоголот жиги жок.  (Аталган жыйнак, 6-бет)

Бүгүнкү рынок экономикасынын шартында адамдардын баалуулуктары өзгөрүп, коом бай, кедейге ачык бөлүнүп калган чакта, коомдун кайсы бир бөлүгү байлыкты бактым, дөөлөтүм деп калган чакта, дагы бир бөлүгү ушундай байлыкка же бийликке жете албай чүнчүп, стресске түшүп турган чакта, мунун баары коомдогу кайсы бир деңгээлдеги чыңалууну жаратып турган чакта акындын бул ыры жүрөккө таамай тийген чындык катары көп көңүлдү сооротуп, дарылап, айыктырып турат десем жаңылбаймын.

Окурмандарга кеңири белгилүү акындын “Ыр дөөлөт” китебин окугандан кийин анын чыгармачылык чындыгы, бекем карманган принциптери тууралуу көп маалыматты ала алдым.  Дегеле чыгармачыл адам ириде өзү тууралуу жазат, айтат. Мындай чыгармалар күчтүү жаралаарын да билебиз. Анткени мында чыркырап турган чындык бар, адилеттик бар,  жана да  ыза менен  арман бардай.

“Ыр дөөлөт” тематикалык жактан ар түрдүүчө. Жыйнактагы ырлар бир канча багыттарды камтыйт: жакын адамдарына арнаган ырлары (жеке тагдырына байланышкан); мекенге, эл, жерге арнаган атуулдук ырлары;  арзуу, махабат ырлары; арноо ырлары; эскерүү ырлары; жоктоо ырлары ж.б. Алардын айрымдарына токтололу.

Акындын жакын адамдарына: уулдарына, аялына, апасына, атасына, чоң апасына, агаларына арналган ырлары өзүнүн курчтугу менен китепте  окурмандын көңүлүн өзгөчө буруп турат. Бул ырлары акындын тагдырынын жеңил эмес болгонун кабарлап, ошол эле учурда ал өз тагдырына кейип-кепчип гана отуруп калбай, коомду тарбиялагысы келет. Мисалы, “Апа” деген ырында:

“Көкүрөгүң келет апа жыттагым,

Көздөрүмдө мелт-калт толо кусалык

Мээр  төгүп, бооруңа кыспадың

Не жазыгым, томсорткондой мынчалык?.. деп кейип гана калбай,

“Оо, энелер, менде мындай өтүнүч:

Наристелер түк калбасын энеден,

Там-туң басып, тили чыккан жаңыдан,

Бала эмеспи, бүткөн ысык денеден,

Бала эмеспи бүткөн жүрөк канынан. (Аталган жыйнак. 119-бет) — деп жер жүзүндөгү бардык энелерди балдарын таштап койбоого чакырат. Бирок акын  энеден эрте калган өксүк балалыкты баштан кечирсе да  “Энемдин ак сүтүнөн акындык чабытты алдым” деп (Аталган жыйнак, 280-бет)  акын болуп калышына  биринчи кезекте энесинин ак сүтү таасир бергенин айтуу менен апасын жакшы көрүп,  кечирип, дилинде сыйлап турат.

Ошону менен бирге  Т.Нурманбетовдун ырларында  жасалма  пафостор, мактаныч,  чындыкты жашырып жабуу жок. Акын өз оюн ачык жазат, калп айтпайт, окурманды алдабайт. Ал өзүнүн ичкенин да, жоготуу азабын да, сүйүүсүн да, бактысын да ачык  айтат. Мисалы, эки аялзатынан көргөн эки башка мамилени, эки башка сезимдерин мындайча сүрөттөйт:

Азапты бириң тарттырып,

Агарттың кара чачымды.

А бириң дилим тазартып,

Көтөрүп койдуң баркымды  (Аталган жыйнак,165-бет)

Муну менен автор бир чети өкүнүчүн билдирсе, бир чети өз  бактысына кубанып турат.

ЫРЛАРЫНАН ДӨӨЛӨТ  ИЗДЕГЕН АКЫН“Ыр дөөлөт” китебин окуган адам  акын Тынчтыкбек Нурманбетовдун жөнөкөй  эмес тагдыры  аны  көптөгөн  жанын кейиткен ырларды жаздырууга себеп болгонун байкайт. Акын өз кайгысын ачык жазуу менен окурманды  сабак алууга үндөйт. Автордун муңдуу ырларынын маанисинин тереңдиги ушунда. Акын өз тагдырын баяндоо менен ошол мезгилдин, учурдун  көйгөйлөрүн кошо айтат.

Поэзиянын, дегеле көркөм сөздүн  улуу вазипасы жан дүйнөгө таасир берип, адам баласынын аң-сезимин жакшы жагына өзгөртүү деп түшүнсөк, анда чыгармадагы ак ниеттик, тазалык жана чынчылдык негизги күчкө ээ болоору айтпасак да белгилүү.

“Ыр дөөлөттө” С.Эралиев, С.Жусуев, Т. Касымбеков, Ч.Айтматов, Ж.Мавлянов ж.б. залкар акын, жазуучуларга арналган эскерүү ырлары, арноо ырлары да орун алган. Бул ырларында акын ар бир залкардын чыгармачылык портреттерине учкай токтолуу менен, алардын поэтикалык образын жаратууга аракет кылган. Мисалы,
С.Эралиевге арналган  ырында:

Акын элең атың чыккан космоско,

Адам жолун жылдыздардан издедиң, -десе, (Аталган жыйнак, 204-бет), С.Жусуевге арналган ырында:

Ырыңыз шуру тизилген,

Жүзүмдөй бышып үзүлгөн,- дейт.  (Аталган жыйнак, 65-бет)

Омокемдин кылым жашаар ыры бар,

Омокемдин “Чарчоосунун…” сыры бар, -дейт  акын Омор Султановго арналган ырында (Аталган жыйнак, 115-б).

“Ыр дөөлөттө” ашыктык ырлары да басымдуу орунду ээлейт.  Акындын “Таптым кайра бактымды”, “Кыя  албаймын”, “Ачкыч”, “Элес”, “Жан сыр”, “Унутпай жүр”, “Өкүт” жана башка көптөгөн ырлары буга күбө.  Бул ырлардан акындын арзуудан балкыган бактысын, сүйүндүргөн сүйүүсүн, ошондой эле  кечиккен махабатын, арманын, өкүтүн да көрүүгө болот. Т.Нурманбетов  арзуу ырларын да башка ырларындай эле  кимге арналганын ачык, түз жазган акын. Ал жактырган кыз аксылык экенин, таш-көмүрлүк экенин, же ал Москвада экенин, же Бишкекте же айылда экенин, жада калса кээ бирлеринин ысмын да ачык жазган. Акындын арзуусуна арзыгандар китептен өздөрүн оңой эле таап, билип алаары көрүнүп турат. Мисалы, “Таптым кайра бактымды” деген ырында:

Таш-Көмүрдөн кайра таап бактымды,

Ийиниме  кондурдум бир ак кууну.

Бир башкача балкылдады жүрөгүм,

Татканымда таппай жүргөн таттууну,

Сен дегенде делбиреймин, Гүлсара,

Күүгө келген кылдарындай комуздун,”- дейт (Аталган жыйнак, 250-251-бет)

Акындын арзуусу таш-көмүрлүк Гүлсарага арналганын бүт окурман билип отурат. Акындын ичиндеги аздек сырын окурман оңой билип алган  мындай учурлар анын көп ырларында кезигет.

Дагы бир “Арзыдым Аксынын бир асылына” деген ырында да акын  ашык болгон адамынын жердигин гана эмес, атын дагы ачык жазып койгон:

“Сенин барың билип туруп Гүкүнүм,

Өмүрүмдүн баркын чындап түшүндүм” (Аталган жыйнак, 255-б).

Ал эми “Өкүт” деген ырын Т. Нурманбетов Бегим деген кызга,  “Табылбасым” деген ырын ысык-көлдүк Мээржанга, “Эми секет айлаңды кандай кылам?..” ырын Москвада жашаган Айымканга,  “Мүмкүн, болоор алда сүйүнүч” ырын  Бүкөнгө, “Сүйбөдүм сүйүп жүзүңдөн” деген ырын болсо кара-көлдүк Сүйүнайымга, “Эсиңдеби” ырын классташы Күлүйпага, “Ачкыч” ырын румыниялык Клавдияга арнаган. “Кыяматта кыйбасым” ырын жубайы Жамилага арнап жазган. Бул багыттагы ырлардын баарын атаган жокмун, дагы бар, кызыккан окурман китептен окуп алса болот.

ЫРЛАРЫНАН ДӨӨЛӨТ  ИЗДЕГЕН АКЫН

Ушундай акын ашык болгон, көзү түшкөн, сезими жанган  аялзатынын баарына  ачык айтып, ыр арнаган, аларды унутуп койгон эмес. Муну  бир чети акындык тазалык, эркектик эрдик, чынчылдык десек да болот.

Адатта ашыктык ырларын жазганда акындар, айрымдарын эске албасак,  ысымдарды купуя кармашат эмеспи. Ал эми бул акын антпегендей… Ырларыңыздагы ушул чынчылдык, түздүк, ачыктык  принциптериңизден жазбаңыз дейт элем, чын ыкластан, чын жүрөктөн.

Жетимиш жаш кутман курак куттуу болсун Тынчтыкбек
Нурманбетов аке!  Көп жашаңыз! Дагы, дагы ашыктык ырларын, керемет саптарды камтыган, жүрөк кылдарына жеткен сезим туйгуларды жаза бериңиз, тартуулай бериңиз. Ыр керемети ушунда эмеспи.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА,
КР эл жазуучусу, КР маданиятына эмгек си
ңирген ишмер

Бөлүшүү

Комментарийлер