ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ЫР ДА БАР

  • 21.12.2021
  • 0

Бишкектеги музыкалык-педагогикалык колледжге быйыл 55 жыл болду. Бул датаны алар жаңырган имарат, жаңырган музыкалык аспаптар жана жаңы жетекчи менен тосуп алышты. Окуу жайга жаңы жетекчинин келиши менен ал жерде жаңы доор башталды десек болот.

ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ЫР ДА БАР

Түмөнбайды күткөн түмөн түйшүктөр

Т.Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледж 1966-жылдын 15-июлунда Фрунзе музыкалык училищеси болуп негизделген. Мында беш адистик: музыкалык билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, башталгыч класстарда окутуу, дене тарбия мугалими жана англис тили мугалими кесиптиги боюнча орто кесип ээлерин даярдашат. Жарым кылымдан ашык убакыт аралыгында ондогон, жүздөгөн таланттуу жаштарды тарбиялап, өз уясынан учурган окуу жайдын басып өткөн жолу анткен менен татаал болду десек болчудай. Жагымдуу маанай тартуулаган ыр-музыка жаңыруунун ордуна ызы-чуу орун алып, кыйла жыл чыр-чатактын ордосу болуп келгени да чын. Таланттардын мекени деген татыктуу аталып жүргөн экинчи борбор калаабыз Оштон бул кызматка дайындалып келген белгилүү обончу Түмөнбай Колдошовдун даңкы далайга угулуп, ысмы ыр күйөрмандарынын жүрөгүнөн орун таап, ийгилик бийиктигин багынтып турган чагында аны баш калаадагы жаңы ордунда чыр-чатактан бөлөк да түмөн түйшүктөр күтүп турганы да анык эле. Жаш жетекчи окуу жайдын имараты, жатаканалары кыйроо алдында турган абалында кабыл алганын да эч ким тана албайт. Пайдубалынан баштап чатырына чейин чирип, кыйрап бараткан имараттын ырдагыдай эмес, ыйлагыдай абалын көргөндө, чыгармачылык менен алектенмек тургай, чыр-чатак териштирүүгө чолоосу жок жетекчинин өзүнүн маанайы достору күйүнгөндөй, душмандары сүйүнгөндөй абалда эле. Ошол кезде ага ишеним арткан Билим берүү жана илим министрлиги жана анын жеңилин жерден, оорун колдон алып, жакындан жардам берген жамааты болду, ошол эле учурда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” болуп бут тосуп, анын алгачкы аракетин жактырбагандар да жамаатынын ичинен чыкты.

Жайды жай дебей, кышты кыш дебей оңдоп-түзөө иштери менен алектенген жетекчи өзү баш болуп, эмгек жамааты ага төш болуп кыска убакыт аралыгында кыйла иштерди аткарып коюшту. Окуу жай акырындап өзүнүн түпкү вазийпасын аткарууга – угуучу-көрүүчүнүн жан дүйнөсүнө руханий ырахат тартуулоого кайтып келгенин көргөн көз кубанып, уккан кулак канааттанып калды. “Эшигин көрүп, төрүнө өт” дегендей, окуу жайдын көркүнө көрк кошуучу кире беришин, сырткы жасалгаларын, таман таш алдын жаңыртуу максатында, жай ичи үч жолу ашар жасашты. Азыр минтип эшиктин алды жаңыртылып, алдында отургучтар, прожектор коюлуп, жаркырап чыга келди. Жыйындар залы да толук жаңыртылып, ыр-шаңга бөлөнүп, кандай меймандар болсо да жарык маанай тосуп калышты.

ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ЫР ДА БАР

Ынтымактуу жамааттын ырыскысы түгөнбөйт

Кайсы иште болбосун тактык, акыйкаттык керектигин жакшы түшүнгөн Түмөнбай Колдошов, айкындык үчүн бардык чыгымдарды, тагыраак айтканда, жумшалган акча каражаттарын так эсептеп чыгып, көрүнөө жерге чектеринен өйдө чекчейтип жазып илип койду. Кыскасы, БМПКга которулган эки млн сомдун эби да, эсеби да табылды. Учурда окуу жай заманбап технологиялар менен жабдылды. Атап айтканда, 32 компьютер, беш даана МФУ принтери, эки даана ноутбук сатылып алынды. Андан тышкары, 4 кВт комплект музыкалык аппаратура, беш даана аккордеон, беш даана комуз жана башка керектүү спорттук инвентарлар сатылып алынды. Жамаат министрликтен эки млн сом бөлүнгөнүн, демөөрчүлөр бир млн сом кошконун, бир жылда үч млн сомдук киреше киргени тууралуу ачык-айкын маалымат алды. “Ынтымак бар жерде ырыс бар” дешет элибизде, ырас эле ынтымак бар жерде ырыс да, ыр да болот эмеспи. Түмөнбай Рахманович имараттын көрүнөө жерине “Ынтымактуу жамааттын ырыскысы түгөнбөйт” деген ураанды бакыйта жазып койду.

— Адатта, юбилейлик даталарда ашуудан берген отчетум демекчи, отчет бермей салт эмеспи. Мен жетекчи болуп келгенден бери кандай иштер аткарылганы тууралуу кыскача маалымат берип коеюн. Анан да, тактык үчүн белгилей кетүүчү жагдайлар бар, ал биринчиден, пандемия учурунда төлөнбөй келген 1 млн 266 миң сом контракт ж.б. карыздар. Азыр алардын баары төлөнүп, БМПКнын бир млн сомдон ашык коммуналдык кызматтарга болгон карыздары жоюлуп, кадыресе жеңилдеп, башка да аракеттерди көрө баштадык. Быйылкы окуу жылынын башынан бери карай атайын каражаттын эсебинен окутуучулардын айлык акысына 15% кошумча коштук. Окуу жайдын оңдоп-түзөө иштери көңүл жылытарлык жасалды деп ойлойм. Бирок ага карабай окуу корпусунда, студенттик жатаканада дагы да болсо оңдой турган жерлер бар, — дейт Түмөнбай Рахманович.

Чыгармачылыктын ары түйшүктүү, ары даңазалуу чыйырына түшүүнү кыялданган жаштарды тарбиялоочу бул окуу жай “Өзү улук, супарасы курук” дегендей абалда калып, өз казанында өзү кайнап келгенин эмгек жамааты азыр да жашырбайт. Иштин көзүн таап иштөөнү көздөгөн жетекчи, албетте, адегенде эле өзүнө канат-бутак болоор кадрларды издей баштайт эмеспи. Анан бүтүндөй чыгармачыл дараметин эле эмес, бардык өмүрүн ушул окуу жайга арнаган кесипкөй ардагерлердин батасын алуу, көзү өтүп кеткен кесиптештерине, анын ичинде көп жыл ушул окуу жайды жетектеп келген Кубанычбек Осмоновдун зыйнатына багыштап куран окутушуп, алдыда аткарыла турган иштерине жол ачып алышты. Түмөнбай Рахмановичтин демилгеси менен ардагерлердин 50, 60, 70, 80 жашка чыккандагы юбилейлик куттуктоолоруна берилүүчү сый акчаларын жогорулатканы да аксакалдардын ак батасына арзыды. Алсак, мурда аларга администрация 1000 сом, профсоюз 500 сом берип келсе, эми администрация үч миң сомдон, профсоюз бир миң сомдон берет. Окуу жайдын мурдагы жетекчиси К.Осмоновдун жаркын элесине арналып ачылган класс музейдеги маалыматтар студенттердин билим куржунун толуктап, музыкалык шык-жөндөмүн арттырууга салым кошоору шексиз.

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледждин азыркы жетекчиси Түмөнбай Колдошов ар бири өз мезгилинде аталган окуу жайды жетектеп, өнүп-өсүшүнө татыктуу салым кошкон Эркингүл Иманалиева, Болот Малдыбаев, Геннадий Григорьевич Рагозин сыяктуу мурдагы жетекчилери менен тыгыз байланышта иш алып барып, аларды кезеги келгенде чайга чакырып, кеп-кеңештерин угат, урмат-сый көрсөтөт. Урмат-сыйы куру сөз болуп калбашы үчүн аларга “БМПКнын эмгек сиңирген ишмери” төш белгисин тагышты.

Билим берүү мекемелеринин өз ара кызматташуусу ийгиликке өбөлгө

Мугалимдердин өз күчү жана аракети менен жабдылган 32 окуу кабинетинде мугалимдер жана студенттер республикабыздагы башка билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууну жакшы колго алышты. 2021-2022-окуу жылында алар тажрыйба алмашуу максатында ЖАМУ, ОшМУ, ОшМПУга барып таанышып, эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөн жолугушуу бардыгынын эсинде көпкө сакталып калды. Ушундай жолугушуулардын актуалдуулугун арттырган “Билим берүү уюмдарынын кызматташтыгы – келечектин ачкычы” аттуу тегерек стол өткөрүштү.

ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ЫР ДА БАР

Студенттер белгилүү профессорлордун ар түрдүү темаларды камтыган лекцияларын угушуп, республикалык сынактарга активдүү катышып келишет. Алсак, студенттер үчүн былтыр декабрь айында профессор Д.Шаматовдун “Академиялык чынчылдык” деген семинары чыныгы табылга болду. Педагогикалык кадрларды даярдаган окуу жай болгон соң мугалимдик кесипти даңазалоо максатын камтыган “Мен мугалим болгум келет” республикалык сынагы да көңүлдөн сырт калбайт.

“Керемет окуу” долбоорунун улуттук тренери, белгилүү педагог Асылбек Жооданбековдун учурдун эң актуалдуу темаларынын бири “Өлкөбүздөгү кыздардын өнүгүү абалы жана перспективалары” деген темадагы лекциясына студенттер өтө кызыгуу менен катышты. Ар бир кабатта ар бир окуу бөлүмүнүн окуу-тарбия иштерин баяндаган көркөм стенд илинип, кызыккандар андан окуу бөлүмү тууралуу кеңири маалымат ала алышат.

Окуу жайдын азыркы жетекчиси Түмөнбай Колдошов “Улуулар акыл айтып жол баштасын”, “Орто муун аткарсын, тажрыйба топтосун”, “Жаштар үйрөнсүн, жаркын келечекке умтулсун” деген бийик максаттарды коюп, ага жетүүгө умтулуп иштеп жатканы улуу-кичүү кесиптештеринин колдоосуна арзып отурганы кубандырат.

Адатта чыгармачыл адамдар чарбадан алыс болушат эмеспи, арийне, эки тизгин бир чылбырды колуна алган Түмөнбай Колдошовдун жетекчилик ишинде мындан ары да жаратмандык менен жигердүү иштеп, албан-албан ийгиликтерге жетишине тилектештигибизди билдирүү менен бирге, анын чыгармачылыгын аздектеп угуп келген угармандары андан көңүл кушу көкөлөткөн чыгармаларды да талыкпай жарата беришин күтөт.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер