УЛУУ ФИЛОСОФ ИОГАНН ГЕТЕНИН МЕКТЕБИНДЕ

  • 06.12.2021
  • 0

“Жашоо жана эркиндик үчүн күн сайын күрөшкөн адам гана ага татыктуу боло алат!” деген Иоганн Гетенин сөзүн туу тутуп иш жүргүзүп келаткан мектептин педагогикалык жамааты менен жолугушууга келген Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев мектептин имараты менен таанышып чыккан соң, кенже класстардын окуучуларынын сабактарына катышты. Мектеп администрациясы гимназиянын кенже класстары үчүн кошумча окуу корпусун куруу, физика, химия кабинеттерин керектүү жабдуулардан жардам берүү боюнча маселе көтөрсө, жаш адистер турак жай менен камсыздоо зарылдыгын айтышты. 

Министр бул маселелерди чечүү үчүн министрлик тарабынан ырааттуу иштер жүргүзүлүп келатканын, бул маселелерден өлкө жетекчилиги да жакшы кабардар экенин белгилеп өттү.

Немисче окуган кыргыз балдар

Кыргызстанда төрөлүп, жашап жаткан балдарыбызды кыргыз тилинде сүйлөтө албай жатканыбыз балким алардын тил өздөштүрүүгө жөндөмүнүн төмөндүгүнөнбү деген күмөн саноом, Бишкек шаарындагы №23 И.В.Гете атындагы окуу-тарбия комплекс гимназиясына барганда тап-такыр өзгөрдү.

Чынында эле эмне үчүн балдарды эне тилибизде сүйлөөгө үйрөтө албай жатабыз, кайсы жерден кандай кемчилик кетип жатат болду экен деген суроолорго көпчүлүгүбүз баш катырып келгенибиз менен, анын чечүү жолдору чубалжыган чексиз суроо белгиси бойдон калып келатканы да чын. Иш жүзүндө баарыбыз мурдагыдай эле орус тилинде ой жүгүртүп, орус тилинде сүйлөп, коомдук жайларда орус тилинде урушуп-сөгүшүп келатканыбыз да, балдарыбызды мурдагыдай эле орус тилдүү, ал түгүл немис, түрк же башка тилдүү бала бакчаларга, мектептерге тандап туруп окутуп келатканыбыз да чын. Чын эле мамлекеттик тилге мамилебиз канткенде оңолот?

Мени ушул суроо Бишкек шаарындагы №23 И.В.Гете атындагы окуу-тарбия комплекс гимназиясына барганыбызда, класстагы окуучулардын 80-90 пайызын түзгөн кыргыз балдар немис тилинде сайрап сабак окуп жатышканын көргөндө өзгөчө ойго салды.

Билим берүү жана илим министри Б.Купешев, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы К.Шадыканов баштаган топ менен кыскача гана «Гете-гимназия» деп аталган билим ордосуна барып, бүгүнкү күндөгү турмушу менен таанышып, немис тилинде шакылдатып жооп берип жаткан окуучуларды угуп, немис тилинде сабак өтүп жаткан мугалимдердин сабактарына күбө болуп кайттык.

УЛУУ ФИЛОСОФ ИОГАНН ГЕТЕНИН МЕКТЕБИНДЕ

Караңызчы, кандай сонун, биздин балдар немис тилин ушунчалык мыкты деңгээлде өздөштүрүп жатышыптыр, баардык предметтерди немис тилинде гана окуп жатышканы чынында эле суктанарлык көрүнүш. Мен ичимден кичине “ичи тарлык” кылып, борбор калаабызда кыргыз тилинде окуткан мектептердин, бала бакчалардын аздыгын, болсо дагы ал жерде кыргыз тилин окутуу канча жылдан бери өз мүдөөсүнө жетпей келе жатканын ойлоп, оюм башка жакка бурулуп отурдум эле, Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев оюмдун дал үстүнөн түшүп: “Кыргыз балдардын башка тилдерди үйрөнүүгө жөндөмдүү болгону жакшы, а бирок кыргыз тилин үйрөнүүдө эмне үчүн ыкшоолук кылышат болду экен?” – деди ойлуу…

Күн сайын күрөшүүгө үндөгөн Гете

Жогоруда аталган №23 ОТК мектеп-гимназиясынын сырткы көрүнүшү бул имарат өтө эски имараттардын бири экенинен кабар берип турат. Айткандай эле 1952-жылы курулган мектептин жупунулугуна карабай, башталгыч класстын балдарына баардык предметтерди немис тилинде окуткан республикадагы жалгыз мектеп болуп саналат. 1963-жылдан бери немис тилин тереңдетип окута баштап, 1992-жылы “гуманитардык гимназия” деген статуска ээ болгон. Немистин улуу философторунун бири Иоганн Вольфганг Гетенин ысымы да өткөн кылымдын аягында, тагыраагы 1999-жылы ыйгарылган.

УЛУУ ФИЛОСОФ ИОГАНН ГЕТЕНИН МЕКТЕБИНДЕ

Шпрах диплому Германияга жол ачат

Жогоруда белгилегендей, кенже класстар үчүн бардык сабактарды немис тилинде өтүү тажрыйбасы немис тилин жана немис программасын жакшы билген жогорку квалификациялуу адистердин жардамы менен ишке ашырылып келет. Гимназиянын мугалими Уулбала Кушчуеванын айтымында мектептин мугалимдери өз кесиби боюнча чеберчилигин Германиядан жогорулатып келишет.

— Биздин мугалимдер үчүн үч жумалык жана бир жылдык квалификациясын жогорулатуучу атайын курстар уюштурулуп турат. Германияда өтүүчү үч жумалык стажировкадан гимназиянын дээрлик мугалимдеринин баары өтүшкөн. Ал эми бир жылдык стажировкадан үч мугалим – мен жана менин кесиптештерим Н.Еременко жана Ч.Бапышовалар ийгиликтүү өтүп келдик. Учурда бир жылдык квалификациясын жогорулатуу окуусун Э.Абдрахманова өтүп жатат, — дейт Уулбала Наразкуловна.

УЛУУ ФИЛОСОФ ИОГАНН ГЕТЕНИН МЕКТЕБИНДЕ

1993-жылы түзүлгөн эл аралык келишимдин негизинде, гимназиянын базасында окуучуларды Шпрах тил дипломун алууга экзамен тапшырууга даярдоо боюнча эксперименталдык иштер башталган эле. Азыркы учурда гимназиянын 300дөн ашык бүтүрүүчүсү Германиянын жана Австриянын ар кайсы шаарларында билим алууда. Маалымат үчүн белгилей кетсек, немис тилин билгендигин тастыктаган Шпрах тил диплому немис федералдык жерлеринин билим берүү жана маданият конференциясы тарабынан негизделген. Ал эми Шпрах дипломуна сертификат алуу үчүн экзамен тапшыруу 1972-жылы киргизилген. Анын натыйжасында чет өлкөлүк жарандар немис тилдүү жогорку окуу жайларынан билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аталган диплом Германиянын баардык университетинде таанылат жана окууга тапшырууда тилди жетишерлик деңгээлде билгенин тастыктайт. Ал сертификатты ар бир жылы 50 мамлекеттин 15 миңдей жараны алып турат.

Тил үйрөнүүгө демилгелеген мына ушундай кызыктуу маалыматтардан улам, кайра эле алар менен өзүбүздүн мамлекеттик тилибизди үйрөнүү деңгээлин салыштырдым. Биринчиден, кыргыз тилин үйрөнүү үчүн атайын алыска баруунун зарылдыгы жок, экинчиден, тил үйрөнүүнү шарттаган чөйрө өзүбүздө бар, окуу китептери деле жетиштүү… А бирок эмне үчүн  башка улуттардын балдарын мындай кой, өзүбүздүн балдарыбызды кыргыз тилинде сүйлөтө албайбыз? Немистин улуу философу Иоганн Гете айткандай, бизге тил үйрөнүүгө үндөгөн күрөш жетишсиз болуп жатпасын?!

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер