УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛЬ: МЕКТЕПТИ ЖАҢЫЧА БАШКАРУУ — ЗАМАН ТАЛАБЫ

  • 03.10.2025
  • 0

Улуттук жаңы моделдеги мектепти башкарууда – мекеменин окуу-тарбия процессинин натыйжалуулугу жана сапаты, албетте, директордун башкаруучулук жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу. Мектеп жетекчи башкаруунун функцияларын туура жүргүзгөндө гана сөзсүз түрдө ийгиликке жетет. 12 жылдык мектептик билим берүүдө  мугалимден баштап мектеп директоруна чейин өзгөрүүгө туура келди. Бишкек шаарындагы белгилүү Т.Сатылганов атындагы №69 мектептин директору  Сайрагүл Атаева окутуу кыргыз тилиндеги мектептин 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү процесстерге, мектепти кантип өнүктүрүү керек ж.б.у.с. суроолордун тегерегинде бизге маек куруп берди.  

УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛЬ: МЕКТЕПТИ ЖАҢЫЧА БАШКАРУУ - ЗАМАН ТАЛАБЫ

— Сайрагүл Токтосуновна, быйыл окутуу 12 жылдыкка өттү. Эмне тоскоолдуктар, кыйынчылыктар болду жана бар?

— Кайсы гана мезгил болбосун, билим алуу, өзгөчө анын сапаттуулугу эң маанилүү. Жалпыга белгилүү болгондой, билим берүү – бул бүткүл жашоо-турмушта улануучу процесс, ошондуктан мамлекет бардыгы үчүн өмүр бою үзгүлтүксүз билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.  Жетекчи кол алдындагы ар бир кызматкеринин  ички ой толгоолорун көзүнөн окуй алган, окуучусун өзүнүн келечегин көрүп тургандай элестеткен инсан болот. Мына ошондо ким гана болбосун мындай инсандын алдында кызмат кылгандыгына, аны менен бирге замандаш болгондугуна ыраазы болуп жашайт. Мына ушундай сапаттарга ээ болгон инсанды мектепти эффективдүү башкаруучу десе болот.

Коомчулукка белгилүү болгондой жаңы окуу жылынан тартып 12 жылдык окутууга өттүк. Баарыбыз өзгөрүүгө кадам таштадык. Андыктан ириде мектептин перспективалык планды өзгөртүүгө кириштик. Ал жерде сабак өтүүдө кандай ыкмаларды колдонобуз, дегеле негизги максатыбыз эмне, инсанды кандай тарбиялап, кандай деңгээлге жеткиришибиз керек? Негизи 12 жылдыктын 1-этабы эле башталды. Ошондуктан мурдагы тажрыйбабызга таянабыз, анткени балдарга жасаган мамиле, эл аралык кызматташуубуз, дегеле сапаттуу билим берүүдө буга чейин иштеп чыккан жолдорубуз бар. Алсак, кытай, корей, немис тилдери боюнча окутууда келишимдер бар. Илимдердин ханышасы болгон математиканы окутуудагы ыкмаларыбыз да уланып кетет. Алты жаштагы балдарга окутууда кандай ыкманы, кандай педагогикалык мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз, кадр маселелер да тынчыбызды албай койгон жок.

Перспективалык планды жазып бүткөндө иштейбиз дебей, азыркы күндөн тартып практика жүзүндө иштей баштадык. Биринчи кадамдарда маселелер болбой койгон жок. Балдарды жайгаштырууда мугалимдер үчүн кыйын эле болду. 1-класска мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк кабыл алынды. Аларды педагогикалык кадрлар менен камсыздоо да эң негизги маселе эле. Быйыл биздин мектепте 14 класс ачылды. 7 – 1-класс, 7 – 2-класс. Мугалимдер жетиштүү эмес болчу. Бирок ар бир кырдаалдын жакшы жагы болот. Мурда жаны окуу жылы  башталганда башталгыч класска жетишпеген 1 же 2 гана мугалимди жумушка кабыл алчуубуз. Быйылкы жылы  алты жаш адисти алдык. Алар бизде тажрыйба топтоп, практика өтүп жүргөндөр. Жаш педагогдордун биринчи кадамдары жакшы болуп жатат. Балдарды жаш адис бат ынандырат экен. Себеби жаш өзгөчөлүктөрү алыс эмес да. Балдарды бизге караганда, алар батыраак түшүнүшөт окшойт, балдар дагы бат алынып кетет. Сөздөрдү туура табабы, айтор, жаңы окуу жылы башталганда 2-3 күндүн ичинде эле класстар өз нугуна, калыбына кирип калды. Биринчи күнү өтө татаал болду, себеби бир класста 35-45 чейин отурган  балдардын өңүнөн таануу кыйын эле. Бирөөнү кармаса, экинчиси басып кетет. Аны жоготуп албайын деп тердеп-кургап жүргөн мугалимдерди көрүп боорум ооруду. 2-сентябрда эки балабыз жоголуп кетип, ызы-чуу болдук. Көрсө, бир бала класста эле отуруптур. Мугалим 46 баланын ордуна коркконунан 45 деп эле санай бериптир. Анткени баланын фамилиясын айтса, бала жооп бербей отура берген. Экинчиси адашып башка класста отуруптур. Ушундай казустар көп болду. Бизди кыйнаганы мектептин инфраструктурасы. Дарааткана алты жаштагы балдарга ылайык келбей калды. Ушул маселе кыйнап койду.  Ички туалетке барбаган, колдорун жууй албаган  балдар бар экен.

— Бул маселени кантип чечтиңиздер?

— Ата-энелердин жардамы менен чечүүгө аракет кылдык. Аларды нөөмөткө (дежурство)  койдук. Класс жетекчиге жардам берип, дараатканага алып барып, колдорун жуудуруп,алып келип турушту. Көбүнчөсү бала бакчага барбагандар абдан кыйналышты. 3-4 күндөн кийин кичине балдар көнүп, уюшулган класска окшоп калды. Сабакка кирсем туруп учурашканды  үйрөнүп, эжеси айткан сөздөргө реакция кылгандарын көрүп кубандым. Ал эми 7 жаштагы балдар батыраак адаптация болушту. Ата-энелерден сырткары практикага студенттер келип, жакшы жардам берип жатышат.

— Ушундай учурда психологдор аба менен суудай керек. Себеби тамгаларды, тыбыштарды туура айталбаган балдарчеттен чыгат эмеспи?

— Бизде Кундуз Оморова дегенжакшы психолог бар. Кайдигер эмес адам. Ал былтыртан бери инклюзивдүү окутуу киргизеличи деп сунуштап келатат. “Абдан кыйналган балдар бар, ата-энелер балдарын кайсы жакка берерин билишпейт, жок дегенде 3-4 балага жардам берсек жакшы болот эле” деп программасын иштеп чыгыптыр. Былтыр биз үч баланы  алганбыз. Анын дагы нюанстары бар экен. Бала менен кошо жүргөн тьютор болуш керек. Тьютор – бул билим берүү процессинде окуучуга (балага ) коштоп жүрүүчү насаатчы жана жардамчы. Ал окуучунун кызыгууларын аныктоого жана өнүктүрүүгө, жекече билим алуу жолун түзүүгө жана академиялык максаттарына жетүүгө көмөктөшөт. Мугалим же репетитордон айырмаланып, тьютор окуучунун инсандык муктаждыктарына көңүл бурат, мотивация жана өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмүн колдойт. Ал окуучу сабак учурунда башка балдарга тоскоолдук жаратпаганга жардам берет. Быйыл дагы эки бала кабыл алынды.  К.Оморова И.Арабаев атындагы университетинен психологго, логопедге окуп жаткан студенттерди практикага алып келди. Алар жеке секторлорго барып, практика жүзүндө үйрөнгөн кыздар. Азыр бир класста эле окуучулардын 60% тыбыштарды туура эмес айтышат экен. Ошол р, с тамгасын айта албаган балдарды эки сабакта эле так айттырып коюшту. Быйыл бизде сегиз практикант иштеп жатат.

Логопед адистигине окуп жаткан студенттер 1-2-класстын окуучуларынын психологилык жагдайын текшерип жатышат.

УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛЬ: МЕКТЕПТИ ЖАҢЫЧА БАШКАРУУ - ЗАМАН ТАЛАБЫ

— 12 жылдыкка өтүүдө мугалимдер атайын окуудан өтүштүбү?

— Ооба, биздин бардык мугалимдер өтүштү. Анткени август айында биздин мектептин базасында 1-Май районунун башталгыч мектептердин  мугалимдерине тренинг өтүлгөн. Аны биздин эки тренер-мугалимибиз окутушту. Ошондо эле мүмкүнчүлүктү пайдаланып, биздикилер кошо окуп алышкан. Сингапурдук ыкмалар боюнча мугалимдердин түшүнүгү бар. Эгер мугалим ооруп же келбей кала турган болсо, аны толук кандуу алмашып окутканга адистер жок эмес.

УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛЬ: МЕКТЕПТИ ЖАҢЫЧА БАШКАРУУ - ЗАМАН ТАЛАБЫ

 

Сингапур ыкмасы менен башталгыч класстын балдары практикалык негизде көндүмдөрдү аткарып, оюн аркылуу  сабакка кызыгып, өз колдору менен эксперименттерди жасашат. Алсак, “Мен жана дүйнө” деген сабакта өзгөчө экен. Анда балдар өз колдору менен эксперимент жасап көрсөтүшөт.

— Жаңы окуу жылынын алдында Москва шаарына барып, мектепти башкаруу боюнча квалификацияны жогорулатыпкелдиңиз. Эмне жаңылыктары бар экен?

— Москва шаарында революциядан кийин түзүлгөн тарыхка бай агартуу институтунда квалификация жогорулатуу курсуна катышып келдик.  Россиянын мурдагы Агартуу министри дагы ошол жерде иштейт экен. Ар бир отурумда биз менен кошо иштеди. Негизинен мектептин өнүгүү планы кандай болуш керек, кандай иштеш керек экенин өзүмө жазып алдым. Бул ыкма менен жалгыз иштегенге кыйын болуп калат, ошондуктан орун басарларды дагы  окутуу керек.

УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛЬ: МЕКТЕПТИ ЖАҢЫЧА БАШКАРУУ - ЗАМАН ТАЛАБЫ

Мага таасир калтырганы — Россиянын эң мыкты 1-орунда турган  мектебине барып, алдыңкы ыкмалар, технологиялар менен тааныштык. МФТИ (Москва физика-технологиялык институту)  деп турат, ошонун алдындагы мектеп. Ал мектеп-интернатта Москвада жашагандар да окуганга мүмкүнчүлүк алат экен. Ал жерде класс эмес, жалаң лаборатория. Табигый илимдерге басым жасалган мектепте окумуштуулар сабак берет. Бүтүрүүчүлөр түз эле МФТИнин студенттери болушат. “Россиянын келечеги” деп айтышат экен. “Кыргызстанда ушундай мектепке окшош билим уясы барбы?” — деп сурашты. “Ооба, республика боюнча Президенттик “Акылман” мектебине  7-класска таланттуу балдар гана  кабыл алынат”, — дедик. Булар 5-6-класстан баштап алышат экен.

УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛЬ: МЕКТЕПТИ ЖАҢЫЧА БАШКАРУУ - ЗАМАН ТАЛАБЫ

— 12 жылдыкка өтүүдө эмне маселелер бар?  Ноутбуктар таратылып жатат. Сиздерге келдиби?

— Учурда электрондук китеп аркылуу, ошондой эле мурдагы китептер менен окутуп жатабыз. Англис тили окуу китеби иш дептерлери менен чогуу келди. 12жылдык  1- жана 2-класстарынын математика китептери жана иш дептери келип окуучуларга таратылды Абдан жакшы экен. Иш дептерлерине карандаш менен иштеш керек экен. Себеби бала туура эмес жазып алса, аны өчүрүп оңдоп жазганга ыңгайлуу. Эмки жылы бул китепти колдонгонго болбойт. Калган китептерди күтүп жатабыз. Электрондук вариантын чыгарып алып, окуса болот деп уруксат беришти. Мугалимдердин айтымында, интерактивдүү панель, проектор аркылуу электрондук китептерди ачып, иштей берсе болот экен.

1-2-класстарга сабак болоордун алдында мугалимдер кеңешип алып, ким кайсы сабакта кайсы ыкманы пайдаланаарын талкуулашат. 1-класстын жети мугалимдин жарымы тажрыйбалуу, жарымы жаш адистер. “Кантип сабакты баштайбыз, кайсы оюндарды коебуз?” — деп алдын ала  сүйлөшүп алышат.

Жакында дагы Агартуу министрлиги 1-Май районундагы башталгыч класстын мугалимдерин биздин мектептин базасында чогултуп, РПКнын директору А.Токтомамбетов, министрликтин тиешелүү адистери келип, сунуш менен чечим кабыл алынды. Локалдуу чогулуп, суроолорго жооп бергендери абдан  туура болуп жатат. Өздөрү келип жардам берип жаткандары жакшы. Реформанын жүрүшүндөгү бардык кыйынчылыктарды жапа тырмак туруп, жеңишибиз керек. Биздин алдыбызда коюлган максатка сөзсүз жетебиз.

— STEM багытындагы иштеген мугалимдердиниш-аракеттерине токтолсоңуз.

— Кыргызстанда иштеп жаткан МЕКТЕП-2030 деген долбоордо физика сабагында  жана башталгыч мектептерде тажрыйба аркылуу  окутуу каралган. Ошолордун тажрыйбаларын да колдонуп жатабыз. Алар өздөрү эле иштебестен, секциялардын отурумдары болот, бардык ачык сабактарын мугалимдердин назарына коюп, түшүндүрүшөт. Азыркы мезгилде мугалимдерге айтып беришүүдө. Жанагы Москвадан көрүп келгендерди биздин мектептин эки мугалиминин сабагынан көргөм. Алар бул долбоор аркылуу тажрыйбаларын көрсөткөн.Колдон жасап, өсүмдүктөр  кандайча чирийт деп тажрыйбаны балдар өздөрү  көрсөтүп, байкап турсам 2-күнү мындай болду деп бири-бири менен бөлүшүп, натыйжа чыгарып жатышты. МЕКТЕП-2030 долбоору жакшы иштеп жатат. Шаардын ичинде эле 30 мектептин STEM  предметтеринин мугалимдери, башталгыч класстын  класс жетекчилери катышты. Өтө кызыктуу. Билбеген ыкмаларды үйрөтүп жатышат.

— Мектепте мугалимден сырткары билим берүүгө түздөн-түз тиешеси бар ата-энелер менен кызматташуу кандай жолго коюлган?

— Жогоруда белгилегендей, жардам берип жатышты. Адамдык муктаждыгын кантип аткарыш керек. Кол жуу, туалетке баруу, тамактануу, убагында классынан калып калбоо, классты таза кармоо ж.б.у.с. күнүмдүк эрежелерди сактоо, аткарууга бир мугалим жетишпейт. Ошондуктан ата-энени чакырып турдук. Биринчи күндөрү ата-эне менен жолугууга даяр эмес элек. 12 күндөн кийин гана ата-энелерди чогулттук. Окуу планы, класс жетекчилер менен тааныштыруу, мектептин ички турмушу, эмне деген мектеп экенин көрсөтүп, экскурсия жасадык. Азыркы күндө балдар кандай жашоо жүргүзүп жатканы тууралуу айтып бердик. Эмнеден кыйналып жатканыбызды айттык. Көп ата-эне мектепке жардам бергенге даяр экен. Практикалык жардам керек дедим. “Мектептен үйрөнгөн нерсесин үйдөн калыптандыруу керек. Режимин иштеп бергиле. Жолдо жүрүү эрежелерине үйрөткүлө. Анткени мектеп кооптуу жерде турат” дедим. Жада калса ата-эне баланы машинадан кантип түшүрүү керектигин айтып бердик.  Дарыгерди, МАИ кызматкерин чакырдык. Окуучунун ички кийимдерине чейин тазалыкты сактоо керек экенин жаш ата-энелерге айттык. Жумуштан чарчап келип, баласынын сырткы келбетин карабаган деле ата-энелер бар. Прививка тууралуу айттык. Өзүңөрдүн балаңарды ойлобосоңор да жанында, айлана-чөйрөдөгү балдарды карагыла. МАИ кызматкери мектепке келгенден кийин эреже менен түшүрүү керек  экенин айтты, баарын эске салбаса болбойт

— 12 жылдыкка баруу туура кадамбы, же эрте өтүп алдыкпы?

— 12 жылдык окутууну мен биринчи күндөн тарта колдогом. Анткени биздин балдар чет өлкөгө көп чыгат. Кытайдагы ЖОЖдорго 11 жылдык окуудан кийин өтүшсө болот.Ал эми Европага чыкчу балдар дагы бир жыл курстан окуш керек. Себеби Германияда 11 жылдык аттестат менен кабыл албайт. Эң эле көп Германия менен Кытайга кетишет. Өз алдынча окугандардын ичинен Америкага барышкандар жок эмес.

УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛЬ: МЕКТЕПТИ ЖАҢЫЧА БАШКАРУУ - ЗАМАН ТАЛАБЫ

Мектептин өзгөчөлүгү ошону менен таанымал болуп кетти. Конфуций институту менен алакабыз бар. Алар Кытайдан келген волонтерлор менен камсыздап беришет. Үч волонтер жана жергиликтүү мугалим бар. 12 жылдыкты кеч болсо дагы баштадык.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер