УЛУТТУК ОЛИМПИАДАЛЫК КОМИТЕТТИН ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ШАЙЛАНДЫ

  • 21.12.2021
  • 0

Жакында эле Кыргыз Республикасынын  олимпиадалык кыймылы кайрадан кризиске кабылбайбы деп спорт коомчулугу  катуу тынсыздана баштаган эле. Себеби, Улуттук олимпиада комитетинде жетекчилердин отчету угулуп,  мүчөлөрүн жана жетекчилерин кайра шайлоо болоор алдында бул уюмдун президенти Шаршенбек Абдыкеримов жана башкы катчысы Саламат Эргешов күтүүсүз отставкага кетти.  Ошондуктан Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилеринин ишмердиги боюнча коомчулукта түрдүү  пикирлер да айтыла баштаган эле. Ошондой болсо дагы Азия оюндарында, Токио олимпиадасындагы, Азия жана дүйнө чемпионаттарындагы ийгиликтерде жана жеңиштерде Улуттук олимпиада комитетинин салымдарын дагы танууга болбойт деген пикирлер да болду. Андан кийин Улуттук олимпиада комитетинин президентигине ат салыша тургандардын ысымдары да аталды. Бул орун эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу кызмат болгондуктан татыктуулар тандалса деген ой-пикирлер айтылды.  

УЛУТТУК ОЛИМПИАДАЛЫК КОМИТЕТТИН ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ШАЙЛАНДЫ

Себеби, 2004- жылдын декабрында өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитетинде так талашуу, бийлик кризиси башталган. Ошол учурдагы мамлекет башчысынын кийлигишүүсү менен президент Аскар Акаевдин уулу Айдар олимпиадалык Хартия, Уставды бузуп, 13 жылдан бери УОКту түптөн Эшим Кутманалиевдин ордун ээлеген болчу. Өлкөдөгү бир нече төңкөрүштөн бери бул уюмдун жетекчилери үч ирет алмашкан эле.

Өлкөдө 24-марттагы ыңкылаптан кийин Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Айдар Акаев ата-энеси менен чет өлкөгө качып кеткендиктен, ошол жылдын 30-мартында уюмдун чукул чакырылган конференциясы өтүп талаш-тартыш менен УОКтун мурдакы президенти Эшим Кутманалиев кайрадан жетекчи болуп шайланган. «Ушул Конференция дагы мыйзам бузуулар менен өттү, Эшим Кутманалиевге ишеним көрсөтпөйбүз» деген УОКтун айрым мүчөлөрү спорт федерацияларын чогултуп, өздөрүнчө жаңы Олимпиадалык комитет түзүп, анын президенти кылып Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты, спорт ишмери Аскар Салымбековду президент кылып шайлаган.

Ошол учурда өлкөдө УОКтун үч президенти: кызматын тапшырып, арыз жазбаган Айдар Акаев, өз ордун кайра ээлеген Эшим Кутманалиев жана жаңы уюмдун жетекчиси Аскар Салымбеков болуп, олимпиадалык кыймыл кризиске туш болгон. Бирин-бири тааныгысы келбей, меники туура деп тирешүү башталган эле.

Бул жагдайдан чыгуу максатында спорт коомчулугу бир пикирге келип,  2005-жылдын жайында Улуттук Олимпиада комитетине президент кылып шайлаган Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Баяман Эркинбаев үч ай гана иштеди. Ал Эл аралык Олимпиада комитети менен жаңыдан таанышып, кызматташууга бел байлап жатканда 22- сентябрда үйүнүн жанынан атылып, буйуртма менен каза болуп калган эле. Ошондон бери спорт, УОК саясатка аралашып кетип, кризис тереңдей баштаган.

Ошол учурда да Баяман Эркинбаевдин ордуна УОКко ким президент болот, ким татыктуу, ким олимпиадалык кыймылды алдыга сүйрөп кете алат деген суроолор жаралып спорт коомчулугун түрдүү имиштер аралаган. Анын үстүнө бул УОКтун жетекчилигинин орду саясый эл аралык кадыр-барктуу орунга айланып, өтө эле саясатташып да кеткен эле.

2006-жылы 5-январдагы УОКтогу жыйындын жүрүшүн, күн тартибин тууралуу талкуу жүрүп жаткан маалда өлкөнүн дене тарбия жана спорт агентигинин аппарат башчысы, Кыргызстандын кичи футбол ассоциациясынын башкы катчысы жана чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын президенти Кадырбек Атакараев эсин жоготуп, жүрөгү токтоп, каза болуп калган эле. Бул окуя дагы олимпиадалык кыймылдагы кризисти тереңдетип жиберген болчу.

Ошол учурда ушунун баары Улуттук Олимпиада комитетинин президентинин ордун талашуудан башталып, мыйзам бузууларга жол берилип жаткандыктан, ушундай талаш-тартыштын айынан спортчулар жабыр тартып калышы ыктымал эле.  Себеби  ошол учурдагы Улуттук олимпиада комитетинин мурдакы жетекчилери өз жакындарын мүчөлүккө шайлап, ишмердүүлүгүн жаап жашырып келишкен.Себеби ал учурда  Эл аралык олимпиада комитети да, мамлекет башчылары да эгемендүү өлкөнүн Улуттук олимпиадалык комитетинин  иш- аракеттерине кийлигише албайт болчу. ЭОК олимпиадалык Хартиянын негизинде гана уставдын долбоорун сунуш кылууга, кайра шайлоо мыйзамдуу өтүшүнө байкоо салууга гана акылуу.

Ошол учурда УОКтун президенттигине кызыккандар арбын болуп, акыры  спорт коомчулугу бир пикирге келип, 2006-жылы бул орунга өлкөнүн спорттук күрөш федерациясынын президенти, КР эсептөө палатасынын төрагасы Мурат Саралинов бир добуштан шайланып, өлкөнүн олимпиадалык кыймылын кризистен алып чыгып, Эл аралык олимпиада комитети менен кызматташуу жолго коюлган эле. Ал өзүнүн чакан командасы менен жигердүү иш алып барып, спорт коомчулугунун ишенимин актаган эле.

Олимпиадалык хартия жана уставка ылайык УОКтун президенти болуш үчүн бир спорт федерациянын жетекчиси жана Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү болуу шарт. Ошондой эле УОКтун жаңы шайланчу  мүчөлөрүн Генералдык ассамблеяда бекитилгенден кийин гана ошол мүчөлөр өзүн президенттикке көрсөтүүгө акылуу.

Бул ирет УОКтун президенттик орунга бешөө талапкер болуп, улам бири талапкерлигин алып отуруп, шайлоо өтүүчү 15-декабрда   Генералдык ассамблея күнү эки талапкер: Олимпиадалык академиянын президенти, профессор Болотбек Мотукеев менен Кыргыз Республикасынын ат спорту федерациясынын президенти Садыр Мамытов калды. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Садыр Мамытов президент болуп шайланды. Биринчи вице-президент болуп,  өлкөнүн хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов, вице-президент болуп, Кыргызстандын жаа атуу федерациясынын президенти Эльнура Осмоналиева шайланды. Ошондой эле ондон ашуун спорт ишмери Аткаруу комитетине мүчө болуп шайланды.

Жаңы шайланган Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун өмүр баяны:

Садыр Куштарбекович  Мамытов 1969-жылы 10-мартта Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун «зоотехник» адистиги боюнча жана Кыргыз улуттук университетин «экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу» адистиги боюнча бүтүргөн.

УЛУТТУК ОЛИМПИАДАЛЫК КОМИТЕТТИН ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ШАЙЛАНДЫ

Эмгек жолу:

1986-1987 ― Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде ат спорту жана спорттук аттарды даярдоо боюнча чебер;

1987-1989 ― Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1989-2003 ― Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде машыктыруучу;

2003-2009 ― Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору;

2006-2010 ― Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти;

2009-2010 ― Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси;

2015-2019 ― Эл аралык ат спорту федерациясынын мүчөсү, үчүнчү аймактык топтун жетекчиси;

2010-жылдан бери Олимпиадалык резервдеги «Күлүк» адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору;

2010-2021 ― Улуттук олимпиада комитетинин аткаруучу комитетинин мүчөсү;

2010-жылдан бери Азия Олимпиадалык кеңешинин каржы комитетинин мүчөсү;

2019-жылдан бери ат спорту боюнча эл аралык категориядагы калыс.

2021-жылдан тартып Эл аралык ат спорту федерациясынын Тилектештик комитетинин (FEI) мүчөсү;

2021-жылдын декабрь айынан тартып Улуттук олимпиада комитетинин президенти.

Садыр Мамытов Эл аралык класстагы спорт чебери, эл аралык категориядагы калыс, Кыргызстандын Ат оюндары федерациясынын президенти. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

УЛУТТУК ОЛИМПИАДАЛЫК КОМИТЕТТИН ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ШАЙЛАНДЫ

Ошентип келээрки Азия оюндарында жана Париж олимпиадасындагы ийгиликтерге, жеңиштерге жол ачуу максатында  спорт коомчулугу бир пикирге келип, жаңы жетекчилерди  кайра шайлоо калыс, адилет өттү. Татыктуулар тандалып, шайланды.

 

Кабыл Макешов,

УОКтун Аткаруу комитетини мүчөсү, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер