УЛУТТУК ИЛИМДИН АБАЛЫ УЛУТУНТАТ

  • 20.11.2020
  • 0

Намыска качан келебиз?

…Диссертация жактаганда тийиштүү темага байланышкан чоң эмгектерди эске алганга каршы эмесмин. Бирок илимий ишиң даяр болгондо, коргоо алдындагы убарагерчилик, өз мээнети менен жактагандардан озунуп тааныш-билиши күчтүүлөрдүн илимий наамдарды сатып алганы кадыресе көрүнүшкө айланды. Ушунун кесепетинен илимде маңдай тер төккөн чыныгы кесипкөй, таланттуу илимпоздор менен “жасалма илимпоздордун” айырмасы билинбей келатат…

Мындан үч-төрт жыл мурдараак Германиянын жаш саясатчысы (көпчүлүк немистер аны келечектеги канцлер деп эсептешкен, ага элдин ишеними чоң болгон), өлкөнүн коргоо министри Карл цу Гуттенберг өзүнүн илимий даражасын ала албай, кызматынан да кол жууган. Диссертациясында башка окумуштуулардан көчүрүлгөн тексттин 20 пайызын аныктаганы үчүн илимий даража берүүдөн баш тартышкан. А биздечи?.. Илимий даража алуу өзүнчө бизнестин түрүнө айланды. Бизде мындай фактылар кокустан ачыкка чыгып кетсе, басма сөз каражаттарында жарыяланса, ошол гезиттин бүт нускасын дүңүнөн сатып алып, жок кылдыргандар болду.

Илимий стиль менен академиялык стилдин эрежесине таянган жакшы, бирок тил, адабият, адабият таануу илиминде (аттуу-баштуу илимпоздордун жекече стилин танууга болбойт) супсак, тажатма, кайталанма, штамп болуп бүткөн көпчүлүк эмгектерге мүнөздүү жалпылама “стилден” кутулуу керек. Ылайыгы келсе-келбесе деле фундаменталдуу эмгектердин авторлоруна шилтеме берүү, санактан өткөрүү (окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн эмгегине басым жасоо, “авторитеттерге” таянуу) адатка айланды, ток этер жерин айтып, өзүнүн оюн, көз карашын, илимий жаңылыгын кашкайта ачкан эмгектер саналуу.

Бизде илимди жемкорлор аёосуз пайдаланышты. Илимий даражаны кызматтык тепкич үчүн, жалган атак-даңк үчүн пайдаланган атка минерлердин жоон тобу чыкты. Илимдин тазалыгы, акыйкаттык үчүн күрөшкөн интеллектуалдардын үнүн уккан жан болбоду. XVIII кылымда үч немис окумуштуусу, академиктер Шиллер, Шлёцер жана Байер орус тарыхын ойдон чыгарып, жазып салышат. Бир кызыгы, Шлёцер менен Байер орус тилин таптакыр билишчү эмес экен.

Россиянын Илимдер академиясынын кеңешмесинде Шиллер орус тарыхы туралуу өзүнүн варианттын окуп жатканда, Михаил
Васильевич Ломоносов өзүн кармана албай, жаалы кайнап, так ошол залда аны отургуч менен уруп жиберет. Ошол кездеги Россиянын көрүнүктүү окумуштуусун өлүм жазасына тартуу жөнүндө соттун өкүмү чыгат, бирок бир жыл Петропавлоск чебиндеги түрмөгө отургузулат.

Мына ушундай илимге баш оту менен берилгендик, анын тазалыгы үчүн, чайкоочулукка, чак түштө кан таламайга каршы күрөшкөндөр бизде барбы? Ал гана эмес, айлык акынын аздыгынан, илимдин сапаты адилет бааланбай калгандан улам окумуштуулар жазган эмгегин өздөрү көмүскө сатууга аргасыз болуп жатпайбы…

Жетишкендиктер элге жетеби?

Бир канча жыл мурда УИА Тил жана адабияты институту тарабынан элдик оозеки чыгармалар жыйнагы кенже эпостордун сериясы жарыкка чыкты. Алкоого татырлык эмгек. Ошол том-том китептерди элге, окурмандарга кантип жеткирүү керек? Элден жыйналган баалуу мурастарга азыркы интернет менен оокат кылып калган жаштарды канткенде кызыктыра алабыз?

Илимпоздордун жазган эмгектери кагазда калып, китеп текчелеринде же архивде чаң басып жатпай, пайдаланылышы үчүн да бир нерселерди жасоо керек да. Элдин мурасын элге, жаштарга, мектеп окуучуларына жеткирүү үчүн аларды анализдеп, талдап, андагы маани-идеяны бүгүнкү күнгө байланыштырып, коомдогу азыркы көйгөйлөрдүн чыгышына түрткү болгон себептерин ачып берген илимий-усулдук эмгектер керек.

Элдик оозеки чыгармалардагы, жомоктогу сюжеттерди ал гана эмес, элдик ырларды азыркы жаштардын, өспүрүмдөрдүн, мектеп балдарынын табитине, курагына жана кабыл алуусуна жараша иштеп чыкса болот.

“Ойсуз окуу пайдасыз…”

Илим менен билим, акындардын сөзү менен айтканда, куштун эки канаты сымал. Алар бири-бирисиз жашай албайт, бири экинчисин коштоп, байытып, толуктап, ширелишип турат. Эгер илимдеги ачылыштар, жаңылыктар практикада, турмушта колдонулбаса, сенек, жараксыз катары чаң басып, кол тийбей, китепкананын текчесинде катып тура берет.

Кытайдын улуу даанышманы Конфуций: ”Ойсуз окуу пайдасыз, окуусуз ой андан да коркунучтуу” дегендей, илимий эмгектердин апробациясы реалдуулукка негизделбесе, жок дегенде жогорку окуу жайларында курстук, дипломдук иштерге пайдаланылбаса, кагаздын эле шору…

Мектептерде адабий ийрим, кечелердин шарапаты менен окуучулардын оюнда, дилинде калбаса, алардын жан дүйнөсүнө “жылт” эткен учкун чачып өтпөсө, жакшы максат-тилектерге жетелей албаса, окумуштуунун даражасы наамын актайбы?

Бизде экономика илими боюнча кандидаттар менен докторлор, профессор менен академиктер көп. Бирок алардын эмгектери өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, элдин турмуш деӊгээлин жогорулатканга кандай салым кошту?.. Отуз жылдын ичинде өзүбүздүн өндүрүштү, айыл чарбаны, өнөр жайын, кыскасы, өлкөнүн кубаттуулугуна түздөн-түз таасир бергидей тармактардын баары арабөк, жарым жан абалда турат. Пайдалануу мөөнөтү бир-эки жылдан ашпаган кытайдын техникасы бизди жыргатып жатат деп ким айта алат?

Ачыгын айтканда, Кыргыз мамлекети баштан өткөргөн жана өткөрүп жаткан саясий бурулуштар, төңкөрүштөр, экономикалык кудуретсиздик, адеп-ахлак деградациясы, ички-тышкы миграциянын күч алышы дагы башка ондоп саналган себеп-шарттардан улам улуттук илимдер тармагындагы ичтен бышып, кайнап жаткан көйгөйлөрдүн чечилишине кызыккан бийлик болбоду. Өткөн мезгилдер ичиндеги бүт оош-кыйыштар, мүчүлүштүк менен кемчиликтердин бардыгы бизнеске айландырылган шылуундук менен ашынган өзүм билемдиктен келип чыкты. Аздыр-көптүр ийгиликтер менен жетишкендиктер ошонун көлөкөсүнөн көрүнбөй калгандыр …

Менин жеке баамымда өлкөбүздөгү илим тармагында эмгектенген илимпоздордун үч категориясы бар.

Биринчиси – өзүнүн өмүрүн илимге арнагандар тубаса жөндөмү, шыгы, таланты, интеллектуалдык деңгээли, көп жылдык эмгегинин натыйжасында фундаменталдуу эмгектерди жараткан аты, атак-даңкы алыс-жакынга таанылып калган илимпоздор.

Экинчиси – жогорку окуу жайларында эмгектенген, илимий даражаны өзү иштеген окуу жайдын талабынан, зарылдыктан улам алган, эртеңки карьерасына ийкемдүү пайдаланган, жеке кызыкчылыгы жогору окутуучулар. Алардын арасында өз эмгеги, даремети менен жактагандар жана жетекчисинин жардамы менен даяр оокатка ээ болгондору басымдуураак.

Үчүнчүсү – эч нерсе жазбай, башын оорутуп, көз майын коротпой туруп эле илимий даража менен наамдарды ар кандай жолдор менен сатып алгандар. Так ушул категориядагылар илимдин кадыр-баркын тебелеп, нарк-насилин кетирди. Илимди сатып алса болот деген көз карашты биротоло калыптандырды. Кызматтык тепкич катары пайдаланды, пенсияга чыкканда, ЖОЖ сабак окутумуш үчүн эрмектегендер да бар.

Илимди кантип жашартабыз?

Ырас, окутуучунун, илимий даражасы бар окумуштуулардын эмгек акысы бешене тердетпейт. Идиректүү жаштарды илимге тартуу, алардын келечегине кам көрүү – бул устат болом деген илимпоздордун изги тилеги. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында, илимий-изилдөө мекемелеринде жутунбай, ач көздөнбөй эле, барга-жокко сабыр кылып, бешене тер менен тапкан тыйынга каниет кылган, таза, чынчыл, чыныгы интеллигенттер бар.

Бирок азыр “заманың бөрү болсо, бөрү бол” дегенди принцип катары кармагандар көбөйдү. Айлыгынын өп-чаптыгынан дамылалар да “чай ичмей” ж.б. жосундарга кыныгып алышты. Тааныш-билиштик, жердешчилик, жемкорлук, көз боёмочулук, кайдыгерлик сыяктуу кесепеттер түп-тамырынан бери жоголмоюн, салымына жараша эмгек акыны көбөйтүү, зарыл шарттарды түзмөйүн, илим-билимди параллель өнүктүрмөйүн артка кете беребиз.

Ушул жерде орус окумуштуусу Василий Ключевскийдин: “Окумуштуулук диссертациянын эки оппонентти болгону менен, бир дагы окурманы жок”, — деген фразасы эске келет…

Сапатка, натыйжага, идеяга, принципке баа берилсе, таланттуу жаштардын дүйнөлүк аренага чыгышына жол ачылат. Устат менен шакирт, насаатчы-жетекчи менен изденүүчүнүн ортосундагы ишенимди бекемдөө, тажрыйба бөлүшүүнү жайылтуу, этикалык, адеп-ахлактык норманы сактаганда, муундар ортосундагы байланыш чыңдалат.

Мамлекет тарабынан каржылык колдоо милдеттүү түрдө болушу шарт. Муундар ортосундагы байланыш бекем болсо, бүтпөй калган иштерди, идеяларды уланткандар жоголбойт. Биз өнүккөн мамлекеттердегидей идеяны сатууга, андан бизнес жасоого даяр эмеспиз. Базар экономикасынын тушунда баары сатылыш керек деген көз караштан улам, рухий апаат каптап баратат…

Жасалма “илим”, жалган наам…

Биздеги саны көп, сапаты жок жогорку окуу жайларды кыскартуу, билим берүүнү улуттук баалуулуктарга – кан-жаныбызга, кыртышка жакын программалары гана туңгуюктан алып чыгат деп ойлойм. Аалам-
дашуу доорунда көп тилдерди, айрыкча эл аралык тилдерди окутууга, үйрөнүүгө басым жасаларын көрүп турабыз.

…Эл аралык уюмдун көмөгү менен “Таза суу программасы” жүзөгө ашырылды деген чоң долбоордун ачылыш аземине өлкөнүн туңгуч Президенти да катышты. Дуулдата кол чаап, дүжүр аксакалдар кызыл тилин бүлөп, кызыл тасманы кескенден кийин ошол райондогу бир нече айылдарда Президент борборго учуп кеткенге чейин гана айылдын кранынан таза суу чыкты, кайра ошол түнү токтоду. “Эл көрсүн, Президент көрсүн” деген, чоңдор келатса, мордон буркурата түтүн чыгарып, бир-эки күн иштеген завод, ишканалардын ачылышы мындай жасалма сценалар далай жолу жүз бербедиби… Ушуга окшогон көрүнүштөр, жасалмалуулук менен кара өзгөйлүк илимде жок деп ким кепилдик берет?

ЖОЖ иштеш үчүн окутуучулук-профессордук курамда илимий даражалуу кызматкерлердин болушу шарт деген азгырык да жасалма кандидат менен докторлорду инкубациядан чыгарууга жол бергени жалганбы? Өнүккөн өлкөлөрдө билим берүүнүн сапаты биринчи орунда турат. Окуу процесси, окуу жүктөмдөрү, окуу усулдары биздегидей эмес, таптакыр башкача. Биздегидей болжолдуу план, божомол, жалган статистика, асмандан түшпөгөн кооз, сыланкороз логика, кургак отчет жок.

Болония процессинин талабына ылайык, санга эмес, сапатка, чыныгы реалдуулукка басым коюшат. Баланын шык-жөндөмүнө, талантына, өздөштүрүүсүнө, жеке дүйнө таанымынын өсүп-өнүгүшү, инсан катары калыптанышына жараша, ар түрдүү, ар кайсы баскычтагы мектептер, колледж, кесиптик лицейлер бар. Университеттерде чыныгы шык-жөндөмдүүлөр окушат. Окууну бекеринен “стресс” деп айтышпайт.

Бизде деле ушундай жолду тандоонун мезгили бышып жетилген. Оюмду Михаил Френкелдин: “Диссертация жактагандардан биз илимди коргоонун мезгили келдиби?…” деген ары мыскылдуу, ары жаны ачып айткан сөзү менен жыйынтыктайын.

УЛУТТУК ИЛИМДИН АБАЛЫ УЛУТУНТАТ

Ризван Исмаилова,
филология илимдеринин кандидаты, ОМЮИ доценти, журналист

 

Бөлүшүү

Комментарийлер