Улутман аке
- 06.12.2024
- 0
Кыргыз эл артисти, залкар обончу, котормочу, жазуучу, акын жана айкөл инсан Түгөлбай КАЗАКОВДУН дидарына айрым боёкчолор.
ЖАПОНДОРДОГУ КЫРГЫЗЧЫЛЫК
…1999-жыл. Эки жапон геологу котормочусу менен Баткенде боевиктердин колуна туткунга түшүп калды. Жүздөн ашык жапон журналисттери учуп келди. Аларды Баткенге киргизбей күн сайын Бишкекте брифинг берип турдук. Күз айында эки туткун бошогону алар үчүн чоң майрам болду. Коштошуу сый тамагын “Ак кеме” мейманканасында берип, 60 жаштан өтүп калган бир жапон журналист минтип сүйлөдү:
— “Тойота” компаниясынын президенти көзү тирүү кезинде миллиардер, легенда болду. Узак жашап, анан ооруп жатканда эң соңку маекти мен алдым.
— Эң соңку сөзүңүз кандай? – деп сурадым. Ошондо “Тойотанын” президенти көзүнө жаш алып:
— Мен өмүрдө бүт көздөгөн максатыма жеттим. Бирок иштеп, күнүмдүк тирилик менен жүрө берип, кошунама көңүл бура албай калыпмын.
Тынч киши эле, баш ийкешип учурашып калат элек. Бакчасынан суу жиберип, менин алмамды да сугарып коёр эле. Мен азыр ооруканадамын. Үйгө жетпей кала турган өңдөнөм. Ошол 30 жылдай коңшу жашаган кишиге ыраазычылык айтып койгулачы, — деп жашып, анан көз жумду дейт.
Ошондо мен өзүмдү өзүм жубаттым. Биз эле эмес, дүйнөдөгү эң сыпайы жапон эли деле кишинин кадырына жете бербеген мүнөз бар турбайбы деп.
…Муну айтып жаткан себебим, азырынча биз кадырына жете бербеген, бирок залкар талант Түгөлбай Казаков жөнүндө сөз болмокчу.
МАХТУМКУЛИ
Өткөн айдын соңунда Ашхабадда Түрксойдун демилгеси менен улуу акын Махтумкулинин 300 жылдыгына байланыштуу иш-чара болду. Кечени баш катчы Султан Раев алып барып, омоктуу оюн айтты. Андан кийинки сөздөр, мактоолор бири-бирине окшоп бир жактуу (“монотонный”) болуп, залдагы эл да чарчады көрүнөт. Кыска сүйлөөгө туура келди. Мен чыгып:
— Мен сиз айткан сөздөрдү кайталабайын. Болгону Махтумкулини эң башкысы кудай сүйгөн адам болгон. Мисалы, адегенде Мактумкулини А.Токомбаев, кийин
С.Эралиев жакында эле Түгөлбай Казаков которду. Аалы Токомбаев дагы, кийин Сүйүнбай Эралиев дагы “Эл Баатыры” болду. Түгөлбай
Казаков бир жума мурун эле Түркмөнстандан даражалуу сыйлык алды, — дедим. Зал дуу кол чабышты.
Төрагалык кылып жаткан С.Раев мени кубаттап;
Каныбек Капашович туура айтат, жакында эле Махтумкулинин 20 метр эстелигин курган скульптор Түркмөнстандын “Эл Баатыры” болду, — дегенде, залдан чакан бойлуу аксакал ордунан турду. Зал дагы бир жолу кол чапты. “Эл Баатыры” болгон аксакал ошол киши экен.
…Эгерде Аман Токтогулов “Менин Дагестанымды” эң бийик деңгээлде которсо, Түгөлбай Токтогулович Махтумкулини мыкты чеберчилик менен көркөм которуп, Махтумкули түркмөнчө ырдап,
Т.Казаков кыргыз комузун чертип коштоп жаткандай сезилет.
“Классика” деп баа бергидей котормо болуптур. Андан башка
Р.Тагор, И.Крыловдун да чыгармаларын сонун которгон.
АЙКӨЛДҮК
2003-жылы “Учкунда” иштеп турганда үч залкардын (А.Керимбаев, Р.Абдыкадыровдун, Т.Казаковдун) ырларын нота, диски менен китеп кылып чыгарайын деп
Т.Казаковго кезиктим. Эртең ойлонуп келейин деди. Эртеси обончу Эсенбек Мааданбеков байкени ээрчитип келиптир.
Мына ушул байкеңдикин чыгар. Мен болсо өз күчүм менен кийин чыгарып алам, — деди.
“Үч кайрык” деген ат менен ал китеп жарык көрүп, окурман журтуна кеңири таркады.
…Ал эми 2021-жылы Талды-Коргондо бир иш-чара болуп, Түгөлбай Казаков экөөбүз Алматыдан ары бир машинеде баратсак, “Жамгыр” казакча жаңырды.
Байке, казак туугандар сиздин ырды ырдап жатат. Бирок өзүңүз ырдагандай эч ким ырдай албайт, — дедим маанайын көтөрөйүн деп, ак дилимен. Түгөлбай байке шарт эле:
— Жок, Каныбек, бу казак эли кыйын болот экен. Менин ырымдын сөзүн өзгөртүп, обонун көкөлөтүп менден да жакшы ырдап жатышпайбы! — деди суктанып.
…Мындай сөздү айкөл инсан гана айта алат. Ошондо
Түгөлбай Казаковду казак эли “Казак Эл Баатыры” сымак эле кадырлап тосуп алып, сый-урмат көрсөттү.
БИЗ СЕГИЗ МИЛЛИОНБУЗ
Т.Казаков Кыргыз телерадио камитетинин төрагасы болуп иштеп баштаганда маек уюштурдук. Анда “Асабада” иштөчү элем. Ошондо минтип айтты. “Бул өтө жоопкерчиликтүү иш, бизди эфирден төрт миллион эл угуп көрөт” деп айткан эле. Кудайга шүгүр, андан бери элибиздин саны арбып, 7 миллиондон аштык.
А эгерде Түгөлбай Казаковдун ырларын аздектеп уккан кызыл-суулук кыргыздарды жана миллиондогон коңшу казакты кошкондо бери эле дегенде 8 миллион экенбиз.
Мына, чыныгы обондун жана таланттын күчү! Улуттун саны ушинтип дагы көбөйөт.
…Мактаган күлүк жарышта ашып кетсе беш-алты жыл байге алып, анан арыйт экен. …Даңаза болгон куш да көп өтпөй эле алгырлыктан таят дешет. Ал эми биз сөз кылган инсан дээрлик жарым кылымга тете убакыт бою сөзүнөн, ырынан, адамгерчилигинен, бийик парасатынан жазбай, бир жүрүштө келе жатат. Адам баласы үчүн чыныгы байлык ушул эмеспи!
Акыркы күндөрү рух дүйнөсүнүн адамдары, чыныгы кадырлуу залкарлары суюлуп бараткандай. …Кыргыз жазуучу, обончу, ырчы, чоорчу, коночу, сүрөтчү, журналисттери отурган жерде уча тартуу кылып, бата бере турган нарктуу кишиңер ким десе, мен албетте, Түгөлбай Казаковдун ысымын атамакмын.
ЖАЗУУЧУ
Бир күнү жекшембиде эригип отуруп, Т.Казаков жазган “Эсимде” деген 2022-жылы жарык көргөн китебин баштап алып, окуп сүңгүп кетип, окуяларга, ширин сөздөргө, эпизоддорго кызыгып, бизге өтө сыпайы көрүнгөн Түкөм өтө трагедиялуу да, (атасынан беш айында айрылган) комедиялуу, драмалуу, окуялуу тагдыр баштан өткөргөнүнө күбө болдум.
Кесиптештери жөнүндө да сонун эскерүүлөрдү жазыптыр. Күлкү да бар, юмор да бар, акыл-ой да бар. Бул китепти бул автордон башка эч ким минтип жаза алмак эмес.
Мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтө турчу татыктуу эмгек болчудай. Окуп бүтөөрүм менен Түкөбүзгө телефон шыңгыратып:
Мыкты китеп болуптур. Сизде зор жазуучулук талант бар турбайбы.
Жазуучулар союзуна мүчө болуп өтпөйсүзбү? – десем, жарыктык киши:
— Ырахмат. Мен 2014-жылы эле мүчө болуп өткөм. Чала жери калса дагы бир жолу өтүп коёюн, — деп күлкүгө салды.
…Түкөбүз сөздүн түз маанисинде бүгүнкү күндөгү парасаттуу жазуучу.
Музыка жаатында берилбей калган мамлекеттик сыйлыкты эми адабият жаатында же “Эсимде” же “Махтумкули” котормосу үчүн ыйгарса болчудай.
КЫРГЫЗДЫН ЖАМГЫРЫ ДА БАШКАЧА
1988-жылдын күзү, аскердемин. Үйдү сагынып, кусалык көөдөндү тебет. Дивизиядан отпускага бир кыргыз жоокер барып, кыргызча ырлар жазылган кассетаны ала келиптир. Түн ичинде үч кыргыз уурданып барып уктук. Ошол кассетаны койгондо эле “Жамгыр” жаңырды. Сыртта дыбырап жамгыр себелеп жаткан эле. Ыр куюлуп атты. Айыл, бала кездеги жамгырда калган күндөр элестеди. Үчөөбүздүн тең көзүбүздөн жаш тоголонду. Сыртта жамгыр басылды. Бирок жүрөктөгү жамгыр ушуга дейре басылбай келет.
Ал жактын (Байкалдын батыш жагы) кары дагы биздикиндей эмес, чаң аралаш бозомтук болуп жаайт. Ошондо сездим, Кыргызстандын жамгыры да, кары да, абасы да өзгөчө экенин. Ошонун баарын бир обонго батырган
Т.Казаковдун “Жамгыр” деген ыры укмуш эмеспи.
…Тоодо жок дегенде бир жолу нөшөрлөгөн жамгырда калбаган жана “Жамгырды” укпаган кыргыз баласы анда тууган жердин даамын сезе бербесе керек. Ал балалыктын да, жаштыктын да, өмүрдүн да жамгыры. Андан башка “Шумкар”, “Насыйкат”, “Алтын балалык”, “Сүйүү жазы”, “Эстелик”, “Арман” өңдүү ар бир обону аян менен келгендей туюлат. Жөн обон эместей. Кулактан кирип ойду алат. Жүрөктөн кирип бойду алат.
СОңКУ СӨЗ
Кыргыз руханий дүйнөсү эки Түгөлбайды билет. Бири XX кылымдагы Түгөлбай
Сыдыкбековду, “Көк асаба” китебин жазган! Экинчиси, Түгөлбай
Казаков, “Жамгырды” жараткан! …Кыргыз энелери дагы XXII кылымда
Түгөлбайлардан кур калтырбастыр. Бар болуңуз Түгөлбай аке! Түгөнбөңүз Улутман аке!
…Чыгышта Улукман аке болгон, эми жана деми менен элди дарылаган.
…Кыргызда Улутман аке бар
(Түгөлбай Казаков), музыканын касиети менен угармандын маанайын көтөрүп, өмүрүн узартып келе жатат.
Каныбек ИМАНАЛИЕВ,
Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы
P.S. Кечээ түштө Казаковго жолугуп сизге “Улутман аке” деген ысым ыйгардым десем, жылмайып койду. Муну угуп калган, бир таланттуу жаш иничек шашылып “Фейсбукка” жарыялап жибериптир. Азамат экенсиз дедим.
Комментарийлер