ТЫНБАГАН ЖУРНАЛИСТ АЙЫМ

  • 04.03.2022
  • 0

РЕДАКЦИЯДАН: Белгилүү журналист, акын Сымбат Максутова 17 жылдан бери мамлекеттик расмий “Эркин Тоо” гезитинде парламенттик кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеп келатат. Алты китептин автору жана түзүүчүсү. Жазуучулар союзунун мүчөсү.

“Максүт болуш” тарыхый, “Ысык-Көл ыйык сүйүүмдөй” ырлар жана прозалар жыйнагы, “Касым Тыныстанов – кыргыз илиминдеги жылдыз” илимий-публицистикалык, “От тутанган онунчу жыл же Убактылуу Өкмөттүн ишмердүүлүгү” тарыхый-документалдуу, кыргыз милициясынын 90 жылдыгына карата 90 айымдын ишмердүүлүгүн чагылдырган “Милициядагы айымдар” жана аңгеме, ырлардан турган “Асар” аттуу китептеринин автору. Филология илимдеринин кандидаты. Касым Тыныстанов коомдук фондунун теңтөрайымы. Журналистика мектебин жана «4-бийлик» сайтын негиздеген. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси. Бир канча министрлик, ведомстволордун Ардак грамоталарын, дипломдорун, эл аралык уюмдардын сертификаттарын да алган.

Биз төмөндө кесиптешибиз тууралуу айрым адабиятчылардын, акындардын пикирлерине орун бердик.

ЖҮРӨККӨ ЖЕТКЕН ЫРЛАРДЫН АВТОРУ

– Сымбат кечээ жакында ырлардан, аңгемелерден турган “Асар” китебин чыгарды. Анын жаңы китебин окуп абдан кубандык.

Атам салган айылдагы

            чоң үйдө,

Байманабыз ашып

            жанып күйүүчү.

Баарыбызды бөлөп турчу

            бакытка,

Атам менен апакемдин

            сүйүүсү.

Бул ырда чоң үй-бүлөнүн бактысы бири-бирин толуктап, айылды элестетип, үй ичиндеги тириликти мүнөздөп келип:

Таяк таяп араң баскан апамча,

Бечара ай, үй да эңкейип

            калыптыр, — дейт.

Үйдү адам тагдырына байланыштырып, салыштырып, төп келген ырды алдыңа жаят. Ырды окуган адамдын жүрөгү тыз этет. Анткени бул ыр көптөгөн адамдардын айылда калган үйүн элестетет.

Чолоом жок ойлонууга,

Чолок бир толгонууга.

Мээмди, акылымды,

Интернет колдонууда.

Интернет колдонуучулардын эркиндиги, ойлоо мүмкүнчүлүгү чектелип калганын поэзия аркылуу жар салып жатканы окурмандардын психологиясына укмуш таасир берет.

Поэзиянын эмоционалдуулугун далилдеген дагы бир ырын мисал кылсак болот:

Эшиктен киргенде буулугуп,

Үйүмдө күтөт бир жылуулук.

Анткени апамдын деми бар,

Мына ушул мен үчүн тирүүлүк.

Акындардын көз жаздымында калбаган эне темасы Сымбатта да бар. Ал кургак салыштыруу стереотибинен алыс. Анын чыгармачылыгы поэтикалык мүнөздөгү кара сөздөргө бай. Муну Сымбаттын тээ токсонунчу жылдардагы прозадагы ырларынан көрүүгө болот. Ал эми публицистикалык чеберчилиги, көркөм ой толгоосу проза жанрына да түрткү бергенин айтпай кетүүгө болбойт. Аңгемелери да чубалжыбай, ырларындай кыска, нуска. Берейин деген ойлору так.

Манат Бообекова,
акын, адабият
таануучу

 

СЫМБАТЫНАН ЖАЗБАГАН СЫМБАТ

– Сымбат Максутованы журналист катары көптөн бери билем. Ал эмес анын “Журналистика мектебине” барып, журналист болом деген жаш жигерлерди кантип окутуп, бул өнөргө үйрөтүп, алардын сапар-жолуна багыт бергенин көргөм. Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу деп бекер айтылбаса керек. Сымбатка бир нече жолу кыйчалыш маселелерди чечүүдө кайрылганым бар. Ал куру убада бергенден ат чабым алыс. Бул чыныгы журналисттин сапаты. Бардык нерсе адамдын мүнөзүнө, дүйнө таанымына, билимине жараша чечиле берет эмеспи. Сымбаттын адамдык мүнөзүнүн кандай экендиги жазган көркөм чыгармасынан тастыкталып отурганы кызык. Анткени менин колума тийген аңгемелер жыйнагы муну ырастады.

Китептеги “Балалыгым” бөлүгү өзгөчө жазылган. Ал балалык кезинде орусташып калган көлдөгү окуяларды сонун сүрөттөйт. Атасынын апасынан катып берген 5 сом 20 тыйынына “Русская водка” арагын тешик сеткага салып келгени, козуларына орусча аттарды койгону, “Ленин – орус!” десе өңгүрөп ыйлаганы, пачка-пачка акчаларды таап алганы элестүү берилген. Союз кезиндеги баарыбыздын бала чагыбыз өзүнчө тарых болуп калбадыбы. Сымбаттын бала чагын окуган киши сөзсүз өз бала чагына кайрылгандай болот. Ушундай таза, кыялкеч, Ысык-Көлдүн кооз жээгинде балалыгы өткөн адам бой жеткен соң да таза, шар, кескин, калп айтпаган, өз ишине жоопкер, коомдун мыкты мүчөсү болооруна ишенмек бар.

Китептеги “Качандыр кайтып келээрмин…” деген аңгемеси жакты. Мында Катардан келген жигит кыргыз кызын сүйүп калат. Бирок кыз кыргыз жигитке турмушка узайт. Ошондо араб жигит ал кыз аркылуу бүтүндөй өлкөнү сүйүп, кайтып кетет. Сымбаттын мындан башка “Кызганыч”, “Бомждун аян түшү”, “Кайрылган махабат” жана башка чыйрак жазылган аңгемелери окурманды кайдыгер калтырбайт.

Меңди Мамазаирова,
Кыргыз Республикасынын эл акыны, прозаик, драматург

 

Бөлүшүү

Комментарийлер