ТОЙЧУ ҮСӨНАЛИЕВ: «АДАМДЫГЫМДЫ ЭЛ СЫНДААР, АДИСТИГИМДИ ТААРЫНТПАДЫМ»

  • 26.11.2021
  • 0

кыскача маалымат

Тойчубай Үсөналиев 1961-жылы 12-ноябрда Нарын облусунун Ат-Башы өрөөнүндө туулган. 1983-жылы КМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетине өтүп, 1988-жылы кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу адистигине ээ болгон. Эмгек жолун Кыргыз Совет Энциклопедиясында чарба бөлүмүнүн башчысы болуп баштаган. 1990-1994-жылга чейин Кыргыз кыз-келиндер институтунун (азыр И. Арабаев атындагы КМУ) филология факультетинде кыргыз адабиятынан ага окутуучу болуп иштеген. 1994-1995-жылдары шаардагы №5 Улуттук компьютерлик гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген. Ошол эле жылдан 2001-жылга чейин Кыргыз билим берүү академиясында (мурдагы Кыргыз билим берүү институтунда) ага илимий кызматкер, 2001-жылдын сентябрынан баштап конкурстук негизде Кыргыз-Түрк «Манас» университетине өтүп, Чет тилдер жогорку мектебинде кыргыз тилинин окутуучусу болуп азыркы мезгилге чейин үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

ТОЙЧУ ҮСӨНАЛИЕВ: «АДАМДЫГЫМДЫ ЭЛ СЫНДААР, АДИСТИГИМДИ ТААРЫНТПАДЫМ»

Т.Үсөналиевдин «Манас таануу курсун окутуу» (11-класстар үчүн) аттуу методикалык иштелмеси 2003-жылы жарык көргөн. Кыргыз адабиятын орус мектептеринде окутуу багыты боюнча методикалык эмгеги профессор Абдылда Мусаев менен биргеликте 90-жылдары чыккан.

Ал Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулар жамааты менен биргеликте чет элдиктерге тил үйрөтүү багытында бир нечелеген окуулуктардын, программалардын, хрестоматиялардын авторлошу. БМУнун ректору А. Мусаев менен авторлошуп «Кыргыз адабияты» 5-класстар үчүн окуу китебин да жазган. КТМУнун Чет тилдер жогорку мектебинин Кыргыз тили координаторлугун 2014-жылдан 2020-жылга чейин жетектеп келди. Коомдук башталышта окуу жайынын «Коомдук билимдер журналынын» мүчөсү, «Манас бюллетени» журналынын кыргызча бөлүмүнүн редактору болуп эмгектенип келди. Ал Билим берүүнүн мыктысы, “Кыргыз тили” төш белгилеринин ээси. Ошондой эле бир нечелеген Ардак грамоталарга, дипломдорго арзыган.

– Убакыт деген учкан куш тура. Тез эле алтымышка чыгып, өмүр жаштын туу кырынан ашыптырсыз. Бул курак оңой ашуу эмес. Мындай учурда буга чейин эмне иш кылдыңыз, турмушта эңсеген максатыңыз орундалдыбы деген суроолор туулат экен?

– Ошону мен да ойлонуп турам. Эмне кылдым? Көпчүлүк жаштардай эле ошол студенттик куракта жалындап көп нерсеге кызыктык. Ал кездин ченеми менен алганда, жакшы билим алдык. Китепканаларды казып окуп, сынактарды жалаң жакшыга тапшырып, дипломду «эң жакшыга» коргогонум эсимде. Студенттик куракта чыгармачылыкка кызыгып, конкурска катышып, Ч. Айтматов атындагы адабий сыйлыкты, жазуучунун өз колу коюлган Ардак грамотаны алгам. Коомдук иштерге жигердүү катышып, группанын комсоргу болуп, жалындуу комсомолдо да иштедим. 1986-жылы жаштардын Бүткүл дүйнөлүк XII фестивалына катышып, дүйнөлүк алдыңкы жаштар менен таанышып, Москва, Ленинградды (Петербург) кыдырганыбыз эсимде, Курулуш отрядына барып, жакшы иштеп, бир айда бир жылга жеткидей миң рубль акча тапчубуз. Ошентип, студенттик беш жыл кантип өткөнү да билинбей, учкан куштай зып өтүп, бир күнү эле адистикке ээ болуп чыга келдик…

– Карап олтурсам, сиздин окуу китептериңиздин көпчүлүгү Билим берүү академиясынан мектептер үчүн чыгыптыр?

– Туура баамдагансыз. 90-жылдардын башында ал кездеги Билим берүү институтуна өз каалоом менен кеттим. Биринчиден, чындыгын айтканда, ал жер илгертеден илимдин, методиканын жалынын жандырган көөрүкканасы, ысык таптуу очогу эле. Экинчиден, окутуучу болуп жүрө бербей чыныгы илимге аралашып, кандидаттык жактайын деген ой болду да, ошол тарапка оодум. Жаңылбапмын. Ошол жерден чыныгы илимдин көзүн ачтым, эмгектенүүгө такшалдым, методикалык албан тажрыйба алдым. 1990-жылдарда манас таануу багыты олуттуулукка ээ болгондо, кыргыз тилдүү мектептердин 11-классына «Манас таануу курсун окутуу» боюнча колдонмосун (2001) иштеп чыкканмын. Анан азыркы БМУнун ректору Абдылда Мусаев агайым менен авторлошуп, бир олуттуу ишке кириштик.

– Ал кандай олуттуу иш эле?

– Билесиздер, кыргыз тили 1989-жылы расмий түрдө Мамлекеттик тил деген макам алып, кыргыз тилин өнүктүрүү идеясы менен Өкмөттөн тартып, өмгөктөгөн карыга чейин кам көрүп, басып-туруп калганбыз. Ошол кездерде Кыргызстанда орус тилдүү мектептер абдан көп болчу. Кыргыз тилин орус тилдүү мектептерде окутуу иши жүргүзүлө баштады да, анын куштун эки канатындай болгон экинчи түгөйүн, кыргыз адабиятын окутууну унутуп койдук. Ал тургай 30 жылдай өтсө дагы анча маани бере элекпиз. Кийинки учурда улуттук адабият тилден бөлүнүп, мектепте жалпы дүйнөлүк көркөм өнөрдүн ичинде да окутулуп үйрөтүлө баштады окшойт.

Агайым экөөбүз ушул боштукту толтуралы деп, Кыргыз адабиятынын программасын түздүк. Улуттук адабиятты орус тилдүү мектептерге окутуу керек экендигин биринчи жолу илимий түрдө негиздедик жана окутуунун тарыхында алгачкылардан болуп окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-6-класстарынын окуучулары үчүн «Кыргыз адабияты» окуу китебин түзүп, иштеп чыктык. Алар ошол 90-жылдардын экинчи жарымында мектептерде апробацияланды. Кийин жактырылып, оңдолуп, түздөлүп, экинчи, үчүнчү жолу басылып, көп жылдарга чейин окутулуп келди.

– Азыркы күндө кыргыз адабиятын окутуу абалы кандай?

– Биз 1996-2005-жылдарга чейин бул иш менен алпурушуп жүрдүк. Иш башталып, нугу чабылып, программасы такталып, жарытпаса да 5-11-класстар үчүн саат бөлүнүп берилип, окуу китептери жарыкка чыгып, мектептерде окутуу колго алынып, методикалык кеп-кеңештер, багыттар берилип келген. 2001-жылдан тартып мен Кыргыз-Түрк «Манас» университетине конкурстан өтүп, окутуучулукка кеттим. Агайым А. Мусаев да БМУнун ректору болуп, бул ишке колу тийбей калды. Ошентип, бул иш бир тарабынан басаңдай түшкөн. Себеби бул иштин ак карасын түшүнгөн адистер азыр аз. Экинчиден, программаны ар ким эле жазып, түзүүгө жол берилип кетти. Азыр айрым мектептердин (№13, №12, №28 ж.б.) мугалимдери өзүлөрүнүн мектептери үчүн окуу китептерин түзүп алышып, окутуп жатышат. Ал турмак республикадагы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүүчү мектептерге арналып дээрлик ар бир класс боюнча окуу китеп, окуу колдонмолору жарык көрдү. Окумуштуу А. Муратов баштаган адистер 7-класстан 11-класска чейин вариативдүү жана Кыргызстандын лицей-гимназиялары үчүн окуу программасын түзүп, кийинчерээк окуу китептерин, иштөө дептерлери менен жазышты. Бул иштер бир тарабынан жакшы. Бирок бир жаман жери, жалпы билим берүүчү мектептер үчүн бирдиктүү программа жана окуу китептери керек эле. Демек, бул тармакта деле окутуу багыттарын ар ким Крыловдун тамсилиндей ар тарапка тартып, билген намаздарын окуп жатышат.

– Кийинки кезде Сиз КТМУда тил багытына ооп кеттиңиз окшойт?

– Ооба. «Балык деле суунун тереңин көздөйт» дегендей, КТМУга келгенден тартып кыргыз тилин чет тилдүү студенттерге окута баштадык. Жамаатыбыз менен бирдикте иштеп, түзүп, жарыкка чыккан «Кыргыз тили» (1.2.3) окуу китептерине (2009), алардын Көнүгүүлөр жыйнагына», «Угуп түшүнүү», «Окуп түшүнүү» (2006) (иштелме) материалдарына авторлошмун. Көрмө фильмдер боюнча материалдарга (2009), «Хрестоматияга», (2009), «Диалогдор» (2009) колдонмосуна иштелмелерди бергенмин. Ошол жарык көргөн 10-12 окуу китептеринин, чет тилдүү студенттерди окутуу топтомдорунун редакторумун. Кыргызстанда кыргыз тилин жана адабиятын окутуу көйгөйлөрү боюнча методикалык кеп-кеңеш, илимий жана публицистикалык 80ге чукул макалаларым республиканын гезит-журналдарына, окуу жайларынын методикалык басылмаларына, республикалык илимий конференция жыйнактарына жарык көрдү. Алардын көпчүлүгүндө Кыргыз адабиятын жана кыргыз тилин чет тилдүү жарандарга окутуудагы көйгөйлөр, актуалдуу маселелер жана методикалык усул-ыкмалар боюнча маселелерди козгоп келдик. Кыскасы, адамдыгым канчалык деңгээлде экендигин айта албайм, аны эл сындаар, бирок беш жыл жогорку окуу жайында алган адистигимди таарынтпай, алган айлыгымды актап жегенге тырышып келем…

– Өмүр баяныңызды карасак 35 жыл окуучуларды, студенттерди окутуп, методикалык багытта эмгектенипсиз. Сиздин оюңузча, азыр методика деген эмне, анын абалы кандай?

– Билим берүү жана тарбиялоодо методикалык багыт өтө олуттуу. Эгер окутуучу, мугалим, тарбиячы адистигин алган билимден сырткары, методикалык шык, талант, жөндөм болбосо, анда беш эмес 30 жыл билим алса деле окутуп-үйрөтүү (тарбиялоо) ишине салым кошо албайт. Кийинки кездерде методиканы жериген көз караштар бар, ал турмак бул илим эмес деген окумуштуулар четтен табылат. А чындыгында методика өтө олуттуу илим жана окуучулар, студенттер менен иштешүүдөгү эң олуттуу усул-ыкма дээр элем. Себеби методикалык багыттагы адис педагогикалык, психологиялык жана предметтик (тил, адабият, математика, физика ж.б.) билимдерди билген, окутуп-үйрөтүү жана тарбиялоо деген бир жагынан усулдук, бир жагынан чыгармачылык, практикалык жөндөм-көндүмгө каныккан, сугарылган, татаал, бирок аты улук, супурасы курук ишке баш отун сайып койгон фанат болуш керек. Методиканын өзү ошол жогоруда аталган билимдердин ашташында, чордонунда жатат.

Анан калса кийинки жылдары бардык тармактардай эле методика да кедеринен кетип бара жатат. Окутуу, үйрөтүү супсак визуал техникалык стандартка түшүп жаткан ушул кезде, окутуп-үйрөтүүнүн кеңири усул ыкмалары жайылбай, жакырланып калды. Бул багыттын дөө-шаа адистери, чыныгы таланттуу усулчу, таасын методисттер Тазабек Саманчин, Киреше Иманалиев, Бек Алымов, Самак Давлетов, Садык ΥҮсөналиев ж.б. кайтыш болушкан. Акеш Иманов, Бектур Исаков, Советбек Байгазиев ж.б. карып-арышты. Алардын артынан ошол бир кездеги ысык таптуу көөрүккананын демин суутпай алып кетүүчү, чыныгы усулчулар дээрлик жок. Козу карындай кодура баш окуу мекемелери көп, бирок бул тармактын бөк-чигин билген, такшалган адистер жок. Жада калса студенттерди практикадан өткөрүү, үйрөтүү иши эптеп, өгүз өлбөсүн, араба сынбасын методикасында кылдырайт. Илгерки методисттердей окутуунун усул-ыкмаларын беш колундай билген, аны практикада чыгын чыгара колдонгон үлгү, өрнөк болуучу, аттын кашкасындай таанымал адистер жок. Азыр амбициясы, айкырыгы күч, колунда материалдык байлыгы барлар методист деп эсептелинишкен заман. Стимулдоо жок. Материалдык, моралдык жактан тукулжураган чыгаан окумуштуу практиктер башка майлуу-сүттүү көрүнгөн тараптарга ооп кетип жатышат. Кыскасы, бул багытта деле айта берсе арман көп. Бирок эми, «кызыл от кысыр калбайт» дейт эмеспи, заман оңолсо бул тармактын да иши жүрүп, ити чөп жээр деген илгери үмүт менен сөзүмдү аяктагым келет.

Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,
«Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер