ӨТКӨӨЛ ДООРДО АКЫЙКАТ ҮЧҮН КҮРӨШКӨН ИНСАН

  • 19.05.2025
  • 0

1980-90-жылдар СССР деген ири мамлекет кулап, ага кирген бардык республикалар көз карандысыздыкка ээ болгон күрдөөлдүү доор болду. Ал жылдары Орусия Федерациясынын “Борбордук жогорку окуу жайлар” деген ат менен белгилүү Москва, Ленинград, Новосибирск өңдүү ири шаарларындагы жогорку окуу жайларда окуган кыргызстандык студент жаштар коомдук-саясий процесстерге күжүрмөн катышкандыгы менен өзгөчөлөндү. Алардын бири Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин 1990-жылы бүтүргөн менин кесиптешим Бакыт Орунбеков болчу.

ӨТКӨӨЛ ДООРДО АКЫЙКАТ ҮЧҮН КҮРӨШКӨН ИНСАН

Бакыт Орунбеков баштаган Москвадагы студенттердин жана жаштардын тобу 1988-жылы “Акыйкат” шеринесин түзгөн. Ал кезде СССРдин акыркы лидери Михаил Горбачевдун “кайра куруу” саясаты кызуу жүрүп, Орусиянын, Балтика боюндагы республикалардын, Украинанын элдеринде өз тилине, улуттук баалуулуктарына, маданиятына ээ болууну каалаган демократиялык көз караштагы кыймылдар пайда боло баштаган. Алардын тажрыйбасын Кыргызстанга да жайылткысы келген “Акыйкат” шеринеси социалдык акыйкаттыкты, теңдикти, конституциялык кепилдиктерди, демократиялык өнүгүүнү камсыздоону кыргыз бийлигинен талап кылып турган.

Шеринеге кирген студенттер бир жолу Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Апсамат Масалиев баштаган биринчи жетекчилер менен жолугушууда аларды кайра куруу программасын аткарууда жайбаракаттык кылып, акыйкаттыкты камсыздоого, улуттук баалуулуктарга, тарыхка, демократиялык коом курууга чечкинсиз мамиле жасап жатканы үчүн кескин сындашкан, жетекчиликтин кызматтан кетишин талап кылышкан. Орусиянын ар кайсы шаарларына барып иштеп жүргөн кыргызстандык кыз-келиндердин укуктары бузулуп жатат деп, жеринде текшерүүнү талап кылышкан жана ал талап аткарылган.

Ал жылдары мен дагы Москвадан келген Бакыт Орунбеков, Кубан Табалдиев, Кубат Чекиров баштаган студенттер менен “Мугалимдер газетасында” талкуу өткөрүп, алардын өзгөрүүлөргө умтулган дымагына, ынанымдарына, келечекке ишенимине демденбей кое алган эмесмин.

ӨТКӨӨЛ ДООРДО АКЫЙКАТ ҮЧҮН КҮРӨШКӨН ИНСАН

Жаңыга умтулган, коомчулукка дем берген мындай активдүү жаштарга учурунда КГБ аркылуу аңдуулар уюштурулуп, кыйыр басымдар жасалып турган. Бакыт азыр: “Тогуз-Тородо жашаган ата-энеме, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө чейин айтып, алар мени “тынч жүр” деп алдап-соолаган учурлар болгон. Көрсө, ошол кездеги демилгелүү, жаңыга умтулган жаштарга мындай ыкмалар көп эле колдонулчу экен” деп эскерип калат.

Кийинчерээк Бакыт Орунбеков “Акыйкат” жаштар уюмунун атынан Кыргызстан демократиялык кыймылынын уюштуруу жыйынына катышып, андан кийин кыймылдын басма сөз органы катары түзүлгөн “Майдан” гезитинде жооптуу катчы, редактор болуп иштеген.  Белгилүү акын, котормочу Аман Токтогулов жетекчилик кылган бул гезиттин алгачкы саны КДКнын алгачкы курултайында, 1991-жылы 9-февралда жарыкка чыгып, анда коомдук өзгөрүүлөрдүн максаттарын, демократиялык өнүгүү багыттарын белгилеген көп түрдүү, күчтүү макалалар жарык көргөн.

КДК өзү социалдык, маданий талаптарды коюп келген көптөгөн кыймылдардын, уюмдардын башын бириктирген алгачкы саясий уюм катары 1990-жылы уюшулган.

Эгемен Кыргызстандын алгачкы жылдарындагы күрөштөргө катышкан Бакыт Орунбеков өңдүү күжүрмөн жаштардын ысымдарын ошол кездеги  Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Тынчтыкбек Чоротегин өңдүү күрөшчүл демократтардын китептеринен, мемуарларынан байма-бай жолуктурууга болот.

Менин пикиримде, Бакыт Орунбековдун кийинчерээк саясий илимдердин артынан түшүшүнө дал ушул эгемендиктин алгачкы жылдарындагы өзү аралашып жүргөн саясий процесстер, саясаттын табияты таасир этсе керек. Кийин ал Кыргызстандагы көп партиялуулук принциптерин изилдеп,  Саясий илимдердин кандидаты илимий даражасына жетти.

Бакыт Орунбеков эмгек сапарында активист, илимпоз эле эмес, ириде өзүн коомчулукка кесипкөй журналист, устат катары таанытты. Журналисттик ишмердигин “Ленинчил жаш” (Асаба) гезитинен баштап,  ондогон эркин жана мамлекеттик маалымат каражаттарында кабарчылыктан башкы редакторлукка чейинки иштерди аркалады. Ал бардык учурда журналисттик принциптерди туу тутуп, кайсы бир тараптын камчысын чаппагандыгы, кесипке чыккынчылык кылбагандыгы менен айырмаланды. Журналистика тармагы боюнча ондогон илимий макалаларды, китептерди чыгарып, өз тажрыйбасын жайылтып, кыргыз журналистикасынын калыптанышына омоктуу салым кошуп келатат.

Башкаларын айтпаганда да 2010-жылдан кийин аткарган өкмөттүк “Кыргыз туусу” гезитиндеги башкы редакторлук ишин белгилесе болот. Бакыт гезиттеги советтик мезгилден калган өңчөй бийликке жагымдуу жана ыңгайлуу материалдарды басуу менен чектелип келген стереотиптерди бузууга аракет кылды. Натыйжада гезитте журналистиканын принциптерине ылайык пикирлердин көп түрдүүлүгүнө, окурмандын каалоосуна, суроо-талаптарына ылайык маалыматтарга, өзгөчө пикирлерге орун берилди. Бирок, мамлекеттин саясатын жүргүзүү милдетин аркалаган, өкмөттөн каржыланган маалымат каражатынын табиятына мындай редакциялык саясат туура келбей калгандыктан, Бакыт кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Бакыт Орунбеков эгемендик жылдарынан кийин калыптанган кыргыз журналистикасындагы кесиптештеримдин арасында өз кесибине терең берилгендиги, эмгекчилдиги, издене билгендиги менен айырмаланып турат.

Ал бүгүн да маалымат каражаты кайсы түрүндө болбосун көз карандысыз, ошол эле учурда  этикалык нормаларды, бейтараптуулук принциптерин бекем сактап, кургак мактоолордун, имиштер менен ушактардын куралына айланбашы керек деп, медиа коомчулуктун сабаттуу чөйрөсүн тарбиялоого салым кошуп келатат.

Бүгүн ал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окутуучулук ишин улантып, “Азаттык-Медиа” мекемесинде “Бийлик сырлары” аттуу автордук программаны алып барат. Ал окутуп, тажрыйбасын бөлүшкөн студенттери, шакирттери бүгүнкү заманбап көп кырдуу журналистиканын кесипкөй журналисттеринин алдыңкы сабында.

 

Бурулкан  Сарыгулова,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

 акын, журналист.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер