ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ РЕКТОР ШАЙЛАНАТ
- 04.12.2020
- 0
16-декабрда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жаңы ректор шайланат. Азыркы тапта талапкерлерден документтер кабыл алынып, даярдык иштери жүрүүдө. Жетекчилик милдетти болсо убактылуу илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору Рая Султаналиева аткарып жатат.
КМТУ – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТУҢГУЧ ТЕХНИКАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫ
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 1954-жылы ачылган. Ошондон бери мамлекеттеги инженердик-техникалык багытта билим берген окуу жайлардын флагманы катары бааланып келет. Алтымыш жылдан ашуун убактан бери республикага, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө ар кандай тармактар боюнча миңдеген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо. Миңдеген бүтүрүүчүлөрү азыркы кезде илимге эмгек сиңирген мыкты окумуштуулар, академиктер, ойлоп табуучулар, инженерлер жана белгилүү мамлекеттик кызматкерлер, чоң-чоң өндүрүштөрдүн жетекчилери.
Университетте бүгүнкү күндө дагы көп деңгээлдүү окутуу ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бакалаврларды жана магистрлерди даярдоонун жаңы багыттары ачылып, эл аралык мамилелер кеңейип, узак мөөнөттүү өнөктөштүк келишимдери түзүлгөн. Мисалы, Москва энергетика институту, Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети, «Военмех» Балтика мамлекеттик техникалык университети сыяктуу Россиянын алдыңкы университеттери менен тыгыз кызматташат. Берлин техникалык прикладдык илимдер университети менен биргеликте Кыргыз-Герман техникалык институту ачылган. Мыкты студенттер Россия жана Европадагы университеттерде окуусун уланта алышат.
АКЫРКЫ БЕШ ЖЫЛДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР
Акыркы беш жылда университетти техника илимдеринин доктору, профессор Муратаалы Жүзүмалиев жетектеди. Муратаалы Жүзүмалиевич бул жылдары окуу жайды өнүктүрүү, окуу-лабораториялык базасын чыңдоо, жамааттын эмгек акысын жогорулатуу сыяктуу бир катар иштерди аткарууга жетишти. Ириде университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоого көңүл бурду. Баардык жатаканалар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, окутуучулар, студенттер үчүн жаңы футбол талаасы курулду. Жакында эле Жаш окумуштуулар аллеясы ачылып, ага бак-дарактар отургузулду. Кичи жана чоң актовый залдар заманбап техникалык жабдыктар менен жабдылды.
Билим берүүнү санариптештирүү жаатында дагы алгылыктуу иштер аткарылды. Мурда студенттер жатакана алуу үчүн түрдүү кыйынчылыктардан өтүшсө, азыр алар үйдө отуруп эле жатаканадан орун ала алышат. “Бирдиктүү терезе” дагы ишке киргизилген. Анда студенттер аралыктан маалымкат алып, айланма баракчасын толтуруп алышат.
Профессордук-окутуучулук курамды шыктандыруу жана алардын эмгегин баалоо жаатында дагы алгылыктуу иштер аткарылды. Ириде санариптик сабаттуулук боюнча окутуучулар арасында рейтинг жүргүзүлүп, 1-орунга чыккан 40 окутуучуга акчалай сыйлык берилип, кафедралар аралык рейтингде 1-орунду алганга — 300 миң, 2-орунга — 200 миң, 3-орунга — 50 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Жамааттын эмгек акысы 10% көтөрүлдү.
Жаш окумуштууларды, ойлоп табуучуларды колдоо дагы жакшы жолго коюлган. Алар үчүн жыл сайын түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп, ойлоп тапкан конструкциялары үчүн акчалай сыйлыктар ыйгарылып турат. Эл аралык илимий конференциялар дагы үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
Бир катар эл аралык долбоорлор дагы иштейт. Ерасмус+3 долбоору аркылуу материалдык-техникалык база чыңдалды. Кореялык SIFO, KOIСA, TIDE долбоору аркылуу “Фаб Лаб-Бишкек” лабораториясы ачылып, студенттер менен иш алып барууда. Бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Ал жакта студенттер өздөрү ойлоп тапкан конструкцияларын
жасашат.
Ректор Муратаалы Жаманбаевдин демилгеси менен студенттердин жана эмгек жамааттын ден соолугуна кам көрүү үчүн окуу жайдын өздүк поликлиникасы дагы ачылуу алдында турат. Бул медициналык мекемеге Кореянын SIFO, KOIСA, TIDE долбоору жардам берүүдө. Рентген аппараты, УЗИ, тиш догдурдун, терапевттин жабдыктары толук келип бүттү. Пандемия учурунда ушул долбоор аркылуу миңден ашуун коргоочу каражаттар алынган.
Окуу жайда он жыл мурун ачылган “Корей” борбору быйыл кайрадан университеттин 535 кв. м. аянтын акыркы заманбап техникалык каражаттар менен жабдып берди. Анын 15 компьютери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн.
“Индустрия кадров” борборунда. Кыргызстан боюнча жеңил өнөр жайында иштеген адистер окуп, кесиптик чеберчилигин жогорулатып турушат.
Giz программасынын дагы бир нече долбоору иштейт. Учурда технологдор үчүн пилоттук негизде PhD докторантурасын ачуу иштери жүрүүдө. Жакында эле логистика кафедрасынын алдында Кыргызстан боюнча изилдөөчү Логистика жана мамлекеттик сатып алуулар борбору ачылды.
Окуу жай пандемия учурунда Билим берүү жана илим министрлигине видеосабактарды тартууда чоң көмөк көрсөттү. Университетте уюшулган телестудияда окуучулар үчүн телесабактар тартылды. Эки оператор, бир монтажер пандемия учурунда үзгүлтүксүз иштешти. Аларга ректор Мураталы Жүзүмалиевич өзүнүн атынан миңден ашуун бет кап тиктирип берген.
Беш жылда ушундай алгылыктуу иштерди алып барган жетекчилик жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Муратаалы Жаманбаевге универсиеттин жамааты ыраазычылык билдирет.
– Мураталы Жүзүмалиевич биздин окуу жайды эки жолу жетектеди. Аны тажрыйбалуу жетекчи, мыкты уюштургуч, адамгерчилиги бийик адам катары сыйлайбыз. Университетке сиңирген эмгегин баалап “Слава Политеха” медалы менен сыйладык, — дейт ректордун милдетин аткаруучу Рая
Султаналиева.
ЭКС-РЕКТОРЛОРДОН ЭКИ ООЗ КЕП
Улан Бримкулов, университеттин 1997-2003-жылдардагы ректору, т.и.д., КР УИА мүчө-корреспонденти:
– Кыргыз техникалык университети убагында техникалык билимдин флагманы болчу. Азыр ага атаандаш боло турган башка ЖОЖдор көбөйдү. Алар деле ушул университеттен бөлүнүп чыккандар. Ошондуктан университет алардан алдыда болушу керек жана ага кайсы жетекчи келбесин толук аракет кылышы абзел. Антпесе бир эле Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин алып карасак, ал дагы жакшы өнүгүп келе жатат, Тоо-кен университети дагы атаандаш боло баштайт.
СССР кулагандан кийин 2010-жылдарга чейин чынында университет өтө кыйын учурду башынан кечирди. Материалдык-техникалык базасы такыр каралбай калган. Мурда Кыргызстанда Ленин, Фрунзе сыяктуу чоң заводдор иштеп, университетке атайын каражаттарды бөлүп турчу. Мисалы, Ленин заводу эле чарба келишими боюнча бир жылда 2-3 миллион рубль бөлчү. Азыр анын бири жок, илим өнүкпөй калды. Илимий кызматкерлер өздөрү эптеп арабасын тартып жүрүшөт. Эми келген жетекчи ушундай чоң долбоорлор болбосо дагы, чакан долбоорлорду тартып, илимди өнүктүрүүгө басым жасашы керек. Албетте, азыр деле жаман эмес, мурункуга караганда жакшы жылыштар болуп келе жатат. Келген жетекчилердин баардыгы иштеп калайын, бир нерсе жасап калайын деп аракет кылып жатат.
Туратбек Дуйшеналиев, университеттин мурунку ректору, Россиянын «Москва энергетика институту» Улуттук изилдөө университетинин робототехника, мехатроника, машиналардын динамикасы жана бекемдиги кафедрасынын профессору:
– Политехникалык институттун биздин өлкөнүн экономикасы үчүн аткарган ролун жана зор маанисин баалоо мүмкүн эмес. Өтүп кеткен жылдар аралыгында, университет көптөгөн инженерлерди даярдап, жаркын келечекке жол ачты.
Ушул жылдын декабрь айында КМТУнун жамааты жакынкы беш жылга өз жетекчисин шайлашы керек… Бул, жамаат үчүн татаал жана жооптуу кадам. Даңктуу Политехтин жамаатына өз ара түшүнүшүү жана ишеним каалайм. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана жеке инсандык жогорку сапаттарыңыздардын аркасында гана университетке эң мыкты даярдалган жана татыктуу лидер келет, аны менен бирге сиздер көптөгөн идеяларыңыздарды ишке ашыра аласыздар деп ишенем.
Келечектеги ректорго обьективдүүлүктү, чыдамдуулукту жана кайраттуулукту каалайм. Тилекке каршы, бул кызматта баардык каалаган ой-максаттарды толук кандуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болбой калышы ыктымал. Кемчиликтер жана катачылыктар дагы болот… Аларсыз иш жүрбөйт… Кээде финансылык, материалдык, адамдык ресурстар жетишсиз болсо, кээде өжөрлүк жетишсиз болот. Бир нерсени айта алам: заман талабына шайкеш келүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо зарыл. Кыргызстандагы жогорку техникалык билимдин флагманы болгон университеттин ректору өз кызматкерлеринин жана миңдеген студенттердин тагдыры үчүн эбегейсиз чоң жоопкерчиликти көтөрөт. Дүйнөлүк практиканын мыкты үлгүлөрү менен шайкеш келген кадамдары жасашы керек болот. Чоң жана олуттуу маселелерди чечүү үчүн жамаатты бириктирүү жана ынтымакташтыруу абзел, албетте, бул оңой иш эмес.
Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим»
Комментарийлер